Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:01

САДДАМДЫН УУЛДАРЫ ЖЕРГЕ БЕРИЛДИ


Ушул жума күнү Саддам Хусейндин Ирак армиясы Кувейтке басып киргенине 13 жыл толду. Ошол чакта танкаларын түштүктөгү тепкедей жерди ээлеген коңшусун көздөй каптаткан Саддам Хусейндин бүгүн кайда экени белгисиз. Кошмо Штаттар анын башына 25 миллион доллар сайган. Ал эми анын АКШ аскерлеринин колунан ажал тапкан эки уулунун сөөгү 12 күн дегенде жерге берилди.

Ирактын экс-президентинин эки уулу Удай менен Кусай жана 14 жаштагы небереси Мустафа ушул ишемби күнү Саддамдын туулган жеринде оккупациялык аскерлердин көзөмөлү астында көмүлдү. Багдаддан түндүктөгү Тикрит шаарынын чет-жакасындагы Авжа айлында кайнаган аптапта ондогон киши Аллага-таалага келме келтирип, мындан дээрлик эки жума мурда набыт болгон Удай менен Кусайга көр казышты. Ирактын байрактары менен жабылган өлүктөр көмүлгөндөн кийин, үстүнө таш, топурак төгүп, дөбөчө кылып коюп, жаназа түшүрүштү.

Жерге коюу аземи ушунчалык жашыруун өттү. АФП агенттиги жазгандай, ага 150дөй, же Ройтерс кабарлагандай, 40тай киши катышкан, бирок жөрөлгөгө катышкандардын так саны белгисиз. АФП сөөктөр Тикритке тикучма менен жеткирилди десе, Ройтерс тез жардам машинасы менен алынып келинди деп жазды. Ройтерске америкалык расмий өкүл Саддам Хусейндин эки уулунун сөөгү көмүлүп жатканда, оккупациялык аскерлер көрүстөндүн дарбазасын кайтарып тургандыгын бышыктаган. Маркумдардын сөөктөрү коалиция күчтөрү ишемби күнү эртең мененки саат 9 чендерде Тикрит шаарында Кызыл Чырым уюмуна өткөрүп бергенден кийин үч сааттын ичинде жерге коюлду.

Коалиция өкүлдөрү Ирактын убактылуу Башкаруу кеңеши жана диний бийликтер менен кеңешип жатып, акыры Эл аралык Кызыл Чырым уюму аркылуу сөөк коюу жөрөлгөсүнө мүмкүндүк кылууну туура табышкан эле.

Бир туугандар Удай менен Кусай 22-июль күнү Ирактын түндүгүндөгү Мосул шаарында америкалык аскерлер менен салгылашта набыт болушкан. Удай кезинде мыкаачылыгы менен атагы чыккан эргул эле. Кусай кичүүсү болсо да, атасынын ордун баса турган мураскор аталып жүргөн. Экөө тең адамдарды кыйноо жагынан бир-биринен калышкан эмес жана эски режимдин жеке бийликке маашырланган өзүм билемдигинин символу болушкан.

Ар биринин башына 15 миллион доллар сайылгандан кийин дайны билинип калган бир туугандар атышууда катуу каршылык көрсөтүшкөн. Алардын чынында да жан таслим болгонун далилдөө үчүн денелери элге көрсөтүлдү. Ага чейин хирургдар өлүктөрдүн бети-башынын тигээр жерин тигип, майлап, упалап, бир топ убара болушту.

Уулдарынан түбөлүккө ажыраган Саддамдын өзү табылбай жактан чакта, АКШнын Ирактагы жоготуулары улам көбөйүүдө. Жума күнү Багдадда граната аткыч менен кол салууда бир америкалык аскер окко учуп, АКШнын акыркы үч айдагы жоготуусу 53 кишиге жетти. Ушул эле күндөрү америкалык аскерлерге бомба ташталганда, алардын огуна кабылып, ирактык бир аял набыт болду.

Ирак үчүн жоопкерчиликти өз мойнуна алган Кошмо Штаттар азыр тез арада бийликти ирактыктардын өзүнө өткөрүп берүүнүн мүмкүнчүлүгүн издеп жатат. АКШнын Багдаддагы баш администратору Пол Бремер ишемби күнү Ирактын конституциясы алты айдын ары-берисинде даяр болот деген ишенимин төмөнкүчө билдирди:

- Эгер конституциялык конференция сентябрдын аягында башталып, алты айга созулса, конституция жазга карата даяр болушу керек. Анда шайлоону да келэрки жылы өткөрсө болот. Бирок конституция канча убакта жазылаары, чынында, эле ирактыктардын өз иши.

Анын аралыгында, Британияда өкмөт чет элдик чалгын кызматынын жетекчиси келээрки жылы ардактуу дем алууга кетээрин жарыялады. 58 жаштагы Сэр Ричард Диелав Ирак согушунун алдындагы чийки мүнөздөгү чалгын маалыматтарына байланыштуу чыккан чатактан улам кызматтан кетип жаткандыгы жоромолдонууда. Өткөн айда чатак айрыкча кызып турган чакта, Британиянын мартабалуу чалгын кызматкери Дэвид Келли өз жанын өзү кыйган эле.

XS
SM
MD
LG