Кызыл Чырым уюмунун жергиликтүү бөлүмүнүн билдиргенине караганда, Жакартанын ишкер жана дипломатиялык кварталында жайгашкан "Марриот" мейманканасындагы жарылуудан кеминде 14 адам өлүп, 140 тай киши жаракат алды. Курман болгондордун арасында чет элдиктер да бар. Индонезиянын коргоо министри Матори Абдул Жалалинин айтымында, жардыруу терракт экени ачык эле көрүнүп турат. Жергиликтүү полициянын маалыматына караганда, бомба салынган автоунаа мейманкананын кире беришинен жарылган. Жакартанын губернатору Сутийосонун айтымында, ал автоунааны жанкечти адам айдап келген сыяктуу. Жардыруудан 35 кабаттуу мейманкананын эң төмөнкү кабаты жана фойеси талкаланды. Ылдыйкы кабаттардын айнектери күбүлүп, чачырап кеткен, тегеректеги автоунаалардын да бир канчасы керектен чыкты. Чет элдик элчиликтер менен компаниялардын мейманканага коңшу имараттарына да зыян тийди. Мейманканага жакын жерде Норвегиянын, Финляндиянын, Швециянын, Даниянын элчиликтери жайгашкан. Бактыга жараша чет элдик дипломаттардын эч кимиси жабыр тарткан эмес.
Окуя үчүн азырынча эч ким жоопкер боло элек. Бирок Индонезиянын бийликтери "Жемаа Исламия "деген жергиликтүү уюм жаңы террактарды жасашы мүмкүн экенин эскертип жүргөн. "Жемаа Исламиянын" Усама бин Ладендин
"ал-Кайида "уюму менен байланышы бар. Өлкөнүн президенти Мегевати Сукарнопутри мындан төрт күн мурда парламентте элге жасаган кайрылуусунда террорчул топторду түп–тамырынан бери курутуу зарылдыгын белгилеген эле.
Индонезиянын соту былтыр октябрь айында өлкөнүн Бали аралындагы террактты уюштургандыгы үчүн айыпталгандардын ишин учурда кароодо жана алдыдагы бейшемби күнү бул иш боюнча алгачкы өкүмүн чыгараары күтүлүп жатат. Анда 200дөй киши,көбүнесе австралиялык туристтер каза тапкан эле. Айыпталуучулардын арасында таасирлүү дин ишмери Абу Бакар Башир деген адам да бар. Ал башка террактарды уюштурууга катышканы үчүн да күнөлөнүүдө.
Австралия Индонезия башкалаасындагы жаңы жардырууну айыптады. Өлкөнүн тышкы иштер министри Александр Доунердин айтымында, бул окуянын Балидеги былтыркы терракт менен байланышы болушу мүмкүн:
- Азыр дагы бир сыйра текшерүү үчүн чалгындоо мекемелеринен маалыматтарды алып жатам. Бирок мен жакшы билгендей, бизде "Марриот" мейманканасына байланыштуу кандайдыр бир маалымат жок эле. Албетте, ыктымал болуучу кол салуулардан тынчсызданганбыз. Саякат боюнча кеңешчибиз австралиялыктарга өтө зарыл болбосо Индонезияга барбай турууну, ошондой эле террордук чабуулдар эл аралык мейманканаларда да жасалышы мүмкүн экенин эскерткен.
Вашингтон болсо өткөн аптада "ал-Кайида" АКШнын өзүндө жана сыртында жанкечтилердин жаңы чабуулдарын даярдап жатканын эскерткен эле. "Марриот" деп аталган мейманкалар дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө бар жана ал америкалык компанияга караштуу. Жакартада 2001-жылы ачылгандан бери конок үйү бул жердеги дипломаттар менен чет элдик ишкерлер чөйрөсү көп чогулчу жайга айланган. АКШнын Индонезиядагы элчилиги мейманканада дипломатиялык кабыл алууларды өткөрүп, эки жылдан бери мында Көз карандысыздык күнүн белгилеп келген.