Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:03

АЗЕРБАЙЖАНДАГЫ БИЙЛИК МУРАС КАТАРЫ ӨТҮШҮ МҮМКҮН


Нарын АЙЫП, Прага 4-август күнү Азербайжан парламенти өлкөнүн жаңы премьер-министри кылып президент Гейдар Алиевдин уулу Илхамды дайындады. Конституцияга жакында киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, эгер президент өз милдетин аткара албай калса, анын ыйгарым укуктары премьерге өтүүгө тийиш. Президент болсо бир айдан бери Түркияда ооруканада жаткандыктан, анын уулу эми бийлик мурасына ээ боло тургандай.

Мурдагы советтик жумурияттардын ичинен Азербайжан биринчи болуп бийлик мурасын киргизээри мурда эле белгилүү болгон. Маскөөдө иштеп жүргөн уулун Гейдар Алиев Азербайжанга 1991-жылы чакыртып алып, үч жылдан кийин аны мамлекеттик мунай компаниясынын вице-президенти кылып дайындаганда эле, президент аны мураскорлукка даярдап жатат деген сөздөр чыккан. Бирок Илхам өзүн жетекчилик кызматта өтө деле көрсөтө алган жок жана бир нече жолу мамлекет башкара турган ниети жок экенин билдирген.

Анткен менен, сексенге чыккан Гейдар Алиевдин акыркы оорусу абалды бир кыйла өзгөрткөн сыяктуу. 8-июлдан бери президенттен кабар жок. Бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, ал Анкарадагы "Гүлхане" аттуу аскерий ооруканада дарыланууда, бирок оппозициялык кээ бир саясатчылардын пикиринде, Гейдар Алиев каза болуп калса деле, алар ошентип айта беремек.

4-август күнү болсо азери парламентинин спикери Муртаз Алескеров атайын билдирүү жасап, президент Алиев парламентке кайрылып, анын уулу Илхам Алиевди өкмөт башчысы кылып дайындоону суранды деп билдирди. Ошол эле күнү премьер Артур Расизаде кызматынан чегинип, парламенттин сессиясында Илхам Алиев жаңы премьер болуп бекитилди. Гейдар Алиев мурда да ооруп, чет өлкөлөрдө дарыланып жүргөндө, анын сураныч-кайрылуулары үн тасмага жазылып алынып, депутаттарга угузулчу, бирок бул жолу андай болгон жок. 1987-жылы Гейдар Алиев инфаркт болгон, 1999-жылы анын жүрөгүнө операция жасалган, үстүбүздөгү жылдын апрел айында болсо ал сыналгы аркылуу чыгып сүйлөп жатканда эки жолу эс-учун жоготуп жыгылган.

4-августтагы сессияга оппозициялык депутаттар катышуудан баш тартты, Илхам Алиев болсо добуш берүүдөн кийин өлкөнүн экономикалык абалын мактады: "Азербайжан экономикасы азыр көтөрүлүүдө жана ал жараянды улантууга мен бардык чараларды көрөм. Өкмөттө эч кандай орчундуу өзгөрүүлөр болбойт. Президенттин ден соолугу болсо жакшы, ал өлкөгө мындан эки күн мурда эле кайтып келүүнү пландаган, бирок доктурлар дагы кошумча дарылоо керек дептир. Ал жакында Азербайжанга кайтып келээрине мен ишенем".

Мурдагы мамлекеттик жетекчилердин балдары жогорку бийликке жеткен мисалдар дүйнөдө бир топ эле. АКШ президенти Жорж Буштун уулу, Индия менен Пакистандын премьер-министрлери Джавахарлал Неру менен Зульфикар Бхуттонун кыздары Индира Ганди жана Беназир Бхутто, же Индонезиянын президенти Сукарнонун кызы Сукарнопутрини эле эстесе болот. Бирок алардын баары - аталары бийликтен кеткенден кийин өз алдынча саясат жүргүзүп, эркин шайлоо аркылуу жогорку кызматка шайланган. Ошондуктан, Илхам Алиевдин бийликке келээрин Түндүк Корея менен Сириядагы бийлик алмашуулар менен салыштыруу мүмкүн жана эми башка мурдагы советтик жумурияттардын жетекчилери Гейдар Алиевдин үлгүсүн пайдаланышы ажеп эмес.

Мисал үчүн, Нурсултан Назарбаевдин кызы Дарига да жогорку саясатка катышып жүрөт, Эмомали Рахмоновдун кызы Фируза болсо - өлкөдөгү көрүнүктүү ишкер. Леонид Кучманын күйөө баласы Виктор Пинчук өлкө парламентинин депутаты жана белгилүү олигарх. Молдова президенти Владимир Ворониндин уулу Олег дагы өлкөдөгү биринчи бизнесмен. Эдуард Шеварднадзенин уулу Паата Париждеги ЮНЕСКОдо иштейт.

XS
SM
MD
LG