Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:30

ТҮНДҮК КОРЕЯ МАСЕЛЕСИ БОЮНЧА СҮЙЛӨШҮҮЛӨР ДАЯРДАЛУУДА


Нарын АЙЫП, Прага Түндүк Кореянын жетекчилиги июлдун аягында өзүнүн өзөктүк программалары боюнча көп тараптуу сүйлөшүү жүргүзүүгө макул болду. Буга чейин Пхеньян ал маселе боюнча Америка Кошмо Штаттары менен эки тараптуу гана сүйлөшүү өткөрүүнү сунуш кылып келген, бирок эксперттердин пикиринде, өлкөнүн турумунун өзгөрүшү дароо эле сүйлөшүүлөр ийгиликтүү аяктаарына кепилдик боло албайт.

Сүйлөшүүлөр сентябрда Бээжин шаарында өткөрүлөт жана ага АКШ менен Түндүк Кореядан тышкары, Түштүк Корея, Кытай, Жапания жана Орусиянын өкүлдөрү катышат. Буга чейин Пхеньян бир нече ай бою Вашингтон менен гана сүйлөшө турганын айтып келген, анткени маселе 1994-жылы АКШ менен Түндүк Корея ортосунда кол коюлган келишимдин бузулушунан келип чыккан. Ал келишим боюнча, Түндүк Корея өзөктүк курал чыгаруу программасынан баш тартмак, АКШ болсо өлкөгө гуманитардык жардам көрсөтүп, эки өзөктүк реактор куруп бермек. Бирок алты жылдын ичинде андай реакторлор курулган жок жана өткөн жылдын октябр айында Пхеньян өзүнүн өзөктүк курал өндүрүү программаларын жандантканы тууралуу жарыялады.

Кээ бир америкалык маалыматтарга караганда, Түндүк Кореяда азыр бир же эки атомдук бомба бар жана жакын арада өлкөдө биринчи өзөктүк сыноо өткөрүлүшү мүмкүн. Мындан бир ай мурда болсо, өлкөнүн кээ бир аймактарында криптон аттуу газ табылган. Бул газ табийгатта кездешпейт, бирок урандан плутоний жасалган учурда пайда болот, ошондуктан, эксперттердин айтымында, Түндүк Кореяда азыр жер алдында бир нече өзөктүк ишкана иштеп жатышы мүмкүн жана жакын арада өлкөдө дагы жаңы атомдук бомбалар жасалышы ыктымал.

Эгер Түндүк Корея өзөктүк куралга ээ болуп, аны сыноодон өткөрсө, өз коопсуздугун камсыз кылуу үчүн Түштүк Корея, Жапoния жана Тайван дагы өзөктүк курал өндүрүү программаларын башташы мүмкүн, андай болгондо өзөктүк куралды жайылтпоо боюнча эл аралык келишимдин күчү бир кыйла солгундайт жана жалпы эл аралык коопсуздукка катуу сокку урулат. Андан тышкары, экономикалык кыйынчылыктардан улам, Түндүк Корея азыр чет өлкөлөргө ракета сатууда жана келечекте өзөктүк курал да экспорттошу мүмкүн.

Ошондуктан сентябрга белгиленген сүйлөшүүлөр өтө маанилүү, бирок Түндүк Корея жаңы бир талап койду - ал сүйлөшүүлөргө АКШ мамлекеттик катчысынын орун басары Жон Болтон катышпоого тийиш. Болтонду президент Жорж Буш АКШнын Түндүк Корея боюнча атайын өкүлү кылып дайындаган, бирок өткөн аптада ал Сеул шаарында чыгып сүйлөп, Түндүк Кореянын президенти Ким Чен Ирди "зомбу-диктатор" деп атаган жана Пхеньяндын пикиринде, мындай дипломат дипломатиялык сүйлөшүү жүргүзбөшү керек.

Британиянын Лидс университетинин эксперти Айдан Фостер-Картердин пикиринде дагы, америкалык дипломат ката кетирген:

Сиз Түндүк Корея мындай, Түндүк Корея тигиндей деп айтышыңыз мүмкүн, бирок анын ордуна Ким Чен Ир мындай, Ким Чен Ир тигиндей десеңиз, ал маселени жекелештирет. Менин пикиримде, аны менен Корея жетекчисинин бедели түшүрүлөт, экинчиден сиздин ал тууралуу пикириңиз өтө төмөн экенин билдирет жана сиз өлкө жетекчилигин алмаштырууну каалаганыңызды көрсөтөт.

Ким Чен Ир диктатор экени баарыга белгилүү, бирок ал тууралуу дипломатиялык сүйлөшүү жүргүзүүгө даярданып жаткан өкүл ачык айтканы - ал сүйлөшүүлөрдү баштай турган ыкма эмес. Анткен менен Жорж Буш дагы АКШнын президенти болуп шайланаары менен, Ким Чен Ирди жек көргөнү тууралуу жарыялаган жана Түндүк Корея менен ал кезде мамиле түзүүгө аракеттенген Түштүк Кореянын президенти Ким Дэ Чжунду да сынга алган. Эгер америкалык өкүлдөр сүйлөшүүлөрдү ушундай катуу нукта өткөрсө, Бээжин сүйлөшүүлөрү ийгиликсиз да аякташы да ажеп эмес.

XS
SM
MD
LG