Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:51

ИНДОНЕЗИЯ:БАЛИДЕГИ ТЕРРАКТТЫН БАШКЫ КҮНӨӨКӨРҮ ӨЛҮМ ЖАЗАСЫНА КЕСИЛДИ


Бейшемби күнү Индонезиянын соту былтыр өлкөнүн Бали аралында жасалган терракт боюнча алгачкы өкүмүн чыгарып, башкы күнөөкөрдү өлүм жазасына кести. Эки жүздөй адамдын өмүрүн алган андагы жардыруунун артында турганы үчүн "Жемаа исламия" деген жергиликтүү уюм айыпталган эле. Сот өкүмү чыгаардан эки күн мурда өлкөнүн башкалаасы Жакартада да жарылуу болду. Бул окуя үчүн да "Жемаа исламия" жоопкер деп шектелүүдө.

Кырк жаштагы Амрози бин Нурхасйам аттуу адам Балидеги былтыркы терракты даярдаганы жана аткарганы үчүн өлүм жазасына тартылды. "Соттук коллегия соттолуучу Амрозини кылмыш иштери, террордук кылмышты жасаганы үчүн айыптуу деп тапты. Соттолуучуга берилүүчү өкүм - өлүм жазасы"- деди өкүмдү жарыялап жатып судья Маде Карна.

Балидеги терракт үчүн исламчыл Амрозиден башка да 30тан ашуун киши айыпталууда. Бирок ал эң биринчи болуп жазалангандыктан, эл аралык басма сөздүн көңүлүнө көп арзыды. Амрози жана анын өнөктөштөрү Усама бин–Ладендин "ал-Каида" уюму менен байланышы бар "Жемаа исламия" деген уюмдун активисттери деп шектелип жүрөт. Аталган уюмдун жетекчилеринин бири, таасирлүү дин ишмери, алтымыш төрт жаштагы Абу Бакар Баширдин иши да учурда Балидеги террактка байланыштуу сотто каралууда.

Өлүм жазасына тартылган Амрози бин Нурхасийм тергөөдө жана сотто Балидеги жардырууну арткарганын, анда колдонулган жардыруучу заттарды жана микроавтобусту сатып алганын ырастаганы менен ага "Жемаа исламиянын" катышы бар экенин төгүндөдү. Айыпкердин адвокаттары сот өкүмүн апелляцияга берээрин билдиршти. Бирок баяндамачылар белгилеп жаткандай, бул багытта оң жооп алынары арсар. Себеби Индонезиянын мыйзамдарына ылайык, апелляция жараяны узак жана татаал иш. Өлүм жазасына тартылгандар үчүн акыр аягында президенттен кечирим берилиш керек. Өлкөнүн азыркы президенти Мегевати Сукарнопутри өлүм жазасы сакталышын колдойт. Жыл башында кечирим берүү өтүнүчү менен кайрылган алты адамдын арызын канааттандырган эмес.

Балидеги терракт учурунда курман болгон 202 кишинин көпчүлүгү австралиялыктар эле. Андыктан анда жакындарынан айрылгандардын үй бүлөлөрү башкы айыпкердин өлүм жазасына тартылышы менен адилеттүлүк орногонун сезишкендей болду. Австралиянын премьер-министри Жон Хоувард:

- Мен бул өкүм трагедия учурунда өз жакындарынан айрылгандардын кандайдыр бир деңгээлде көксөөсүн басат, алар адилеттүүлүк орногонун сезет деп үмүттөнөм.

Жон Хоуварддын айтымында, өлүм жазасынын колдонулушуна каршы болуп жүргөн Австралия өкмөтүнүн бул иш боюнча өкүмдү жумшартуу өтүнүчү менен Индонезияга кайрылуу ниети жок.
Балидеги терракты тергөө ишине австралиялыктар да жардамдашып келди. Австралиянын өкмөтү өз чалгындоо кызматтарынын маалыматына таянып Индонезияда дагы терракттар болушу мүмкүн экенин, жарандарына бул өлкөгө барбай турууну эскертүүдө. Ушул шейшемби күнү Бали терракты боюнча сот өкүмү чыгаар алдында башкалаа Жакартада болгон жарылуу да Индонезия мындай илдеттен жакын арада кутулушу күмөндүү экенин көргөздү.

Жергиликтүү полициянын маалыматына караганда, америкалык компанияга караштуу "Марриот" мейманканасындагы жардырууну ишке ашырууда да Балидеги окшош ыкма жана жардыруучу зат пайдаланылган. Көбүнесе чет элдиктер келүүчү мейманкананын кире беришине токтотулгон авоунаадагы бомбанын жарылуусунан 14 адам каза таап, 150 дөй киши жаракат алды. Мейманкана имаратына олуттуу зыян келди. Полициянын ишениминде, бул террактын артында да "Жемаа исламия" уюму турат. Себеби, өткөн айда "Жемаа исламиянын" мүчөлөрү камакка алынганда табылган документте "Марриот" мейманкасы жайгашкан аймак терракт жасалуучу жер катары көргөзүлгөн экен.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG