Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:48

«АКЫЙКАТ ЖАНА ПРОГРЕСС» ПАРТИЯСЫ ПРЕЗИДЕНТТИККЕ ӨЗ ТАЛАПКЕРИН КӨРСӨТӨТ


«Акыйкат жана прогресс» партиясынын башчысы, экс министр Муратбек Иманалиев менен маек

- Урматтуу Муратбек мырза, партия жетекчилери учурда өлкөнүн ар тарабын кыдырып жүрөт деп угуп атабыз. Муну утурлап келаткан шайлоо менен байланыштырууга болобу?

- Шайлоого биздин партия, албетте, катышат. Парламенттик, жергиликтүү шайлоого катышуу маселелеринин айланасында иш жүргүзүүдөбүз. Азыр жергиликтүү шайлоого даярдык көрүп атабыз. Реалдуу караганда, албетте, бардык жергиликтүү шайлоо компанияларына катыша албайбыз. Бирок, бизге зарыл деп саналган жерлерде талапкерлер болот. Ага ылайыктуу мүчөлөр бар. Кийинчерээк боло турган парламенттик шайлоого да катышабыз. Мүчөлөрүбүздү депутаттыкка жеткирүү аркылуу өз саясатыбызды өткөргөндөй бололу деп атабыз.

- Парламенттик шайлоо боюнча түшүнүктүү. Партиянын президенттик шайлоого талапкер көрсөтүү ою барбы?

- Талапкерди президенттикке да сунуш кылабыз. Менимче, президенттик шайлоого бардык партиялар эле катыша албаса керек, бирок, бизде мындай максат бар. Талапкер боюнча дагы акылдашабыз. Күзүндө, ноябрь ченде курултай өткөрөбүз. Ошондо ушу маселени талкуулап, кийинчерээк саясий кеңеш же конференция аркылуу сунуштайбыз.

- Президент Аскар Акаев кийинки шайлоодо талапкердигин койбой тургандыгын өткөндө өнөктөштүк форумунда жарыя кылбадыбы. Бирок, айрым саясатчылар муну кезектеги эле жазгыруучу билдирүү деп санашууда. Сиз кандай ойдосуз?

- Мен президентке ишенем. А киши сөзүнө турат. Барбайм дегенден кийин барбайт го деп турам.

-Өзүңүз билесиз, «Президент Акаевди кызматтан кетирүү жана эл үчүн реформа» кыймылы жакында Аксы аймагында үчүнчү элдик курултай өткөрөрүн жарыялады. Кыймылдын демилгесине кандай карайсыз?


- Менин оюмча, бул партияга айланып кеткен кыймыл. Албетте, саясий иш чараларды өткөрсө - өзүнүн көңүлү. Алардын ишине тоскоолдук болбош керек. Курултай өткөрсө өткөрсүн. Негизги маселе: кандай жыйынтыкка келет, кандай натыйжа болот? Бул элге жагабы-жакпайбы? Элдин кызыкчылыгын коргойбу, колдойбу? Ошо жагын караш керек. Биз бул курултай өткөрүлсө, анын жүрүшүн кунт коюп байкайбыз. Балким кээ бир көз караштарын колдогондой болобуз.

- Айрым лидерлер саясий партиялар шайлоо алдында биригиши керек экендигин айта башташты. Сиз мындай демилгени колдойт белеңиз? Эгер колдосоңуз жакын партиялар кайсылар?

- Саясий кеңештин бир тобу азыр ушул маселенин үстүндө иштеп атат. Биз сентябрдан баштап айрым партиялар менен кеңешип-кептешип көрөбүз. Башкы максаты, позициясы кандай? Себеби, жалпы сөздөр менен эле демократия үчүн, коррупцияга каршы күрөшөбүз деген бизге жарабайт. Ачык-так көз караш болуш керек. Биринчи маселе – айыл жергеси. Айыл чарбасы кандай болот, кандай өнүгөт? Бул боюнча бизде өзгөчө көз караш бар. Мындан тышкары коррупция маселеси. Буга каршы кандай күрөшөбүз? Өкмөт деле коррупцияга каршы күрөш жарыялап атат. Бирок, күрөшүн көргөн жокпуз. Саясий партиялар бул багытта кандай иштешет? Ушунун баарын партиялар менен талкуулап, бир жыйынтыкка келебиз. Мүмкүн кийинчерээк кээ бир партиялар менен блокпу, уюмбу биригүүнү ойлоп жатабыз. Болбой калса албетте, болбой калат. Бирок, биригип иштеш керек деген атайылаган максат жок.

- Силердин партияга тилектеш, өнөктөш партияларды айта аласызбы?

- Азырынча атай албайм. Себеби, жогоруда белгилебедимби, биз партиялардын позицияларын жакшы түшүнбөй атабыз. Кээ бир партиялар оң канатка, кээ бири солго, айрымдары борборго ыктайбыз дешет. Бирок, байкап көрсөк, кээ бир партиялардын айрым маселелерде көз караштары бир болуууда. Экономика боюнча көз караштар такыр башка. Ошондуктан, баарын жиликтеп, билип туруп анан кайсы партияга жакын экенибизди айтабыз.

- Өлкөдөгү 43 партиянын экөө жоюлуп, 41 калды дешет. Ушул партиялардын бүгүнкү саясаттагы орду, жагдайы, кудурети кандай деп ойлойсуз?

- Жашырып болбойт, көп партиялар кичинекей клубдун кейпинде болуп калды. Шайлоо өңдүү саясий жараяндарга даярдык көрүү үчүн бир киши эле саясий партия түзө койгон учурлар көп. Андай партиялардын келечеги да жок. Алар өздөрү жоюлат же бирөө менен биригет. Кыргызстанда күчтүү, социалдык базасы бар, бир регион эмес, жалпы Кыргызстанга таандык бир эки-үч эле партия бар.

- Атын атай аласызбы?

- Менимче, Коммунисттик партия - эң чоң партия. Идеялары эски болсо да эл колдоп атат. «Арнамыс» партиясы бар. Менин оюмча, аны деле ар кайсы райондордо эл колдоп, мүчөлүккө өтүп жүрүшөт. «Жаңы заман» деген жаңы түзүлгөн партия бар экен. Бул дагы техникалык жагынан алганда көбөйүп, райондордо уюмдарды түзүп, иштеп атат. Биздин партия да ушул партиялардын арасындагы чоң партия болот деген үмүттө жүрөбүз.

- «Менин өлкөм» партиясына көз карашыңыз кандай?

- «Менин өлкөм» башка бардык партиялардын ичинен бизге жакыныраак партия. Себеби, экономика жана укук маселелеринде жакындыгыбыз бар. Бирок, кээ бир саясий маселелер боюнча биздин көз карашыбыз, албетте, айырмалуу.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG