Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:52

ТҮНДҮК КОРЕЯ БОЮНЧА КӨП ТАРАПТУУ СҮЙЛӨШҮҮГӨ ДАЯРДЫК КӨРҮЛҮҮДӨ


Учурда Түндүк Кореянын өзөктүк куралдар программасы боюнча көп тараптуу сүйлөшүүгө даярдык көрүлүүдө. Бул багытта ага катышуучу өлкөлөр: АКШ, Жапония, Кытай, Орусия жана Түштүк жана Түндүк Корея ич ара эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жатышат. Мындай жолугушуулардын башкы максаты - позицияларды дагы бир сыйра тактап, талаш маселе боюнча мунасага жетүүнүн жолдорун издөө.

Түндүк Кореянын өзөктүк курал программасына байланышкан азыркы кризис тутанган былтыр күздөн бери АКШ менен бетме - бет сүйлөшүүнү гана талап кылып келген Пхеньян көп тараптуу сүйлөшүүгө ушул июль айынын соңунда макул болду. Ал эми АКШ көп тараптуу сүйлөшүүлөрдү мурдатан бери эле жактайт. Себеби Вашингтондун пикиринде ,Түндүк Кореянын өзөктүк курал программасы жалпы чөлкөмгө коркунуч жараткандыктан, Пхеньянды бул жолдон айнытуу ишине анын коңшулары да тартылышы абзел. Апрель айында АКШ Түндүк Корея жана Кытайдын Пекинде өткөн үч тараптуу сүйлөшүүлөрү натыйжасыз аяктаган болуучу. Эми кайрадан эле Пекинде өтөрү күтүлүп жаткан сүйлөшүүлөргө АКШ , Түндүк Корея Кытайдан тышкары Жапония Түштүк Корея жана Орусия катышары белгиленген. Демек, бул ирет алты тараптуу сүйлөшүүлөр болот. Учурда аталган өлкөлөрдүн дипломаттары Пекиндеги жыйынга даярдык көрүп, позицияларды дагы бир сыйра тактап, талаш маселе боюнча мунасага жетүүнүн жолун издөө максатында эки тараптуу жолугушууларды өткөрүп жаткан кези. Маселен Кытайдын тышкы иштер министринин орун басары Ван И жума күнү Пхеньянга барып, Түндүк Кореянын бийликтери менен жолугуп келди. Ал Пекинге кайтып келген соң билдиргенине караганда, сүйлөшүү август айынын экинчи жарымында өтөт. Ал эми Жапониянын "Асахи" гезити сүйлөшүү башталуучу мөөнөт катары 26-августу атады. Бул маалымат азырынча башка булактар тарабынан ырастала элек. Азыр Кытайда Жапониянын министрлер кабинетинин башкы катчысы Ясуо Фукуда жүрөт. Жапон өкмөтүндөгү жогорку даражалуу адамдын Пекинде кытай лидери Ху Цзиньтао баш болгон бийлик өкүлдөрү менен кездешүүлөрү белгиленген. Мунун аралыгында Кытайга АКШ Мамлекеттик катчысынын жардамчысы, Орусияга Түштүк Корея тышкы иштер министринин орун басары келүүдө. Кытай тышкы иштер министри Ли Чжаосинь болсо келерки апталарда Түштүк Кореяга барат. Сүйлөшүүлөрдүн Пекинде өтөрү күтүлүп жаткан негизги бөлүгүнөн оң натыйжа болобу, албетте, аны убакыт көргөзмөкчү

Баяндамачылар белгилеп жатышкандай, азыр негизги көңүл Түндүк Кореяны өзөктүк куралдарды өнүктүрүүдөн баш тарттыруу үчүн ага кандай коопсуздук кепилдиктери берилери жөнүндөгү маселеге бурулууда. Коопсуздук кепилдигин ириде АКШдан Түндүк Корея талап кылып жүрөт. Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл ушул бейшембидеги басма сөз жыйынында АКШ андай коопсуздук кепилдиктерин Түндүк Кореяга эгер ал көп тараптуу сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында пайда болсо гана бере аларын ишаара кылды, бирок Пхеньян талап кылып жүргөндөй кризистен чыгуунун жолу катары кол салбоо жөнүндөгү пактыны кабыл албасын белгиледи:

- Биз кол салбоо жөнүндөгү пактыны же ушундай мүнөздөгү башка макулдашууларды кабыл албайбыз. Бирок, мурдагы администрация 1994-жылкы келишимдин алкагында Түндүк Кореяга коопсуздук кепилдиктерин берген жана президент Буш биздин Түндүк Кореяга кол салуу ниетибиз жок ,маселенин тынчтык жол менен гана чечилишин көздөйбүз деп бир эмес бир нече ирээт айтты.

АКШ Түндүк Корея коопсуздук кепилдиктери менен экономикалык жардам берилердин алдында өзөктүк жайларынын ишин токтотушун талап кылып жүрөт. Бирок,Лондондо чыгуучу "Financial Times" гезитинин жазганына караганда, азыр америкалык расмий өкүлдөрдүн айрымдары жекече маектерде Түндүк Кореяга жогорудагы нерселер ал өзөктүк жабдууларынан арылып жаткан учурда бериле бериш керектигин моюнга алышууда.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG