Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:04

КЫРСЫКТАН КИЙИНКИ ЖАГДАЙ


Кожогелди Култегин, Ош 38 адамдын өмүрүн алган жер көчкүдөн кийин Өзгөн районундагы Жалпакташ айыл өкмөтүнө караштуу Сөгөт кыштакчасынын тургундары толугу менен өндүргө - Куршаб кыштагына көчүрүлгөн. Үй салуу үчүн чогуу бир жерден жер берилген. Алардын жаңы айылын мамлекеттүүлүк мааракесине карата бүткөрүп, президенттин катышуусу менен ачылыш аземин өткөрүү жагы пландалууда. Ал эми азыркы иштин жүрүшү кандай?

Ош – Бишкек трассасынын жээгиндеги Куршаб-1 деп аталган бул аянтта 51 үй курулууда. Алардын он үчү жер көчкүдө адам чыдагыс жоготууга кабылып кароосуз, багуусуз калгандар үчүн экология жана өзгөчө кырдалдар министрлиги тарабынан бекер бүткөрүлүп жатат. Калгандарын үй ээлери өздөрү өкмөт тарабынан берилчү 200 миң сомдук ссуданы пайдалануу менен курушууда. 200 миң сомдук ссуда бөлүнгөн, бирок алигиче жарым-жартылайы гана берилген. Болгондо да кичинеден бөлүп-бөлүп таратышат. Колу жука үй куруучуларга ошол бөлүп-бөлүп тараткан натыйжалуу экен деген пикирлер бар. Себебин үй куруучу Сардал Молдалиева төмөндөгүчө түшүндүрдү:

- Бизде бөлүп бергени деле жакшы болду. Себеби, үнөмдөп иштеттик. Көп акчаны алганда адам коротуп салат. Азыр 107 миң сом алдым.

Сөгөттүк үй куруучулар жаңы жерде - Куршаб-1де ссуданын чечилишин күтүп бир ай бою бекер жатышканына өкүнүч кылышат. 20-апрелде көчкү жүрсө ссуда июндун башында бериле баштаган. Дароо иш башталганда курулуш иштерин кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200-жылдык мааркесине карата беймарал бүтүрүшмөк. Азыр эми чала-була бүтүшү мүмкүн. Бул тууралуу биз менен Зульфия Парманова ой бөлүштү:

- Мен бул жакка төрөткө келгем, күйөөм жогорку айылга чыгып кеткен экен, кайнилерим да жогору иш менен чыгып кетишкен, ошондуктан тирүү калышты. Кайненем, кайынсиңдим, кайним, кайнежемдин баласы, менин 6 жашар балам каза болушту. Эми, Кудайга шүгүр, өкмөт колунан келишинче жардам берип атат, ушул жагынан шүгүрчүлүк келтиребиз. Азыр кирпич бүтөйүн деп атат, бүгүн акчага кетишти. Акча келсе кирпичибиз көтөрүлсө, үстүн жапсак, кышка калгыча жок дегенде 2 комнатасына кирип турабыз.

Үй куруучулар башынан эле Оштон алынып келген бышкан кыштардын сапатсыздыгын белгилеп келишет. Эки үй-бүлө өздөрүнүн кошумча каражаттарынын эсебинен үйлөрүн эки кабат кылып салышууда. Азыркы бышкан кыштын сапатсыздыгынан улам алар биринчи кабатты эски кыш ташып келүүгө аргасыз болушкан, жаңы кышка ишеним кылышпады. Тарткылыкка кабылып эптеп үй куруу аракетинде жүргөн сөгөттүктөргө бир нерсе түшүнүксүз, маселен гумжардам иретинде келген бышкан кыш менен жыгачтардын наркы да эмнегедир ссуданын эсебине киргизилип жатат. Сөз кайрадан Сардал Молдалиевада:

- 107 миң сом гана накталай акча алдык биз. Азыр кыш менен жыгач арасына кирип 194 миң сом алып атам.

Маселен, Америка элчилиги алып келген жыгачтардан ар бир үйгө 7 кубометр тактай, 18 даана ДВП бөлүнгөн. Дагы бир проблема, үй курулуп жаткан жерге Кемпирабад суу сактагычы жакын, көрүнүп турат. Андыктан жерди азыраак казганда эле суу чыккан учурлар бар. МЧС тарабынан жер астындагы сууну азайтуу чаралары иштелип жаткандыгы жөнүндө МЧСтин жетектөөчү адиси Кушбак Арстанбеков айтып берди:

- Кампыраваттын суусунун деңгээли көтөрүлүшүнүн негизинде иштеп жатабыз. Куршаб боюнча ушундай экен, кээ бир жерлерден 220дан ылдый жерден бир метрден суу чыгып атат. Биз буга жабык дренажды караганбыз. Азыркы маалда биз 300 метри ачык дренаж болот, сууну агызганга берилет, аны даярдап келдик. Ош – Бишкек трассасын ачышкан, анын өтмөгүн кылып атышат азыр. Дагы бир участканын чегинде жабык дренаж болот. Эң ылдый деңгээлге караганда 5 жарым метрдей сууну ылдыйга төмөндөтөбүз, болушунча төмөндөтүү 2, 20 жетет.

Мындан сырткары МЧС бүгүнкү күнгө чейин айылды электр менен толук жабдыган. 1551 метр аралыкты түзгөн үч көчөнү асфальттоо 20-августтарда бүткөрүлөт, суу түтүктөрү да орнотулууда. Ар бир 100 метр аралыкка бирден, демек 11 суу колонкасын орнотуп чыгыш керек. Аны да үлгүрүүгө болот. Ал эми толук бүтүшү мамлекеттүүлүк мааракесине эмес, кышка калып кетпесе эле болду.

XS
SM
MD
LG