Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:58

ЭЛ АРАЛЫК КЕЛИШИМДЕР, ПРЕЗИДЕНТТИК БИЙЛИККЕ УМТУЛГАН ПАРТИЯЛАР, АБА МАЙДАНЫНЫН АЧЫЛЫШЫ, ӨРТ АЛГАН КОМПАНИЯ


Жыргалбек Касаболотов, Бишкек Бул аптада Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы коопсуздук жаатындагы кызматташтык тууралуу келишим күчүнө кирди. ЕККУнун кыргыз милициясына жардам бере тургандыгы жакында кол коюлган меморандум аркылуу ырасталды. Көлдө эл аралык “Тамчы” аба майданы ачылса, Бишкекте “БИТЕЛ” компаниясынын кеңсеси өрттөнүп кетти. Айрым партиялар кийинки президенттик шайлоого даярдык көрүп жатышканын ачыкка чыгарышууда.

Бул аптада Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы коопсуздук жаатындагы кызматташтык боюнча келишим күчүнө кирди. Эки мамлекеттин ортосундагы коопсуздук боюнча келишимге былтыр 5-декабрда, Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга расмий иш сапары менен келгенде кол коюлган. Келишимде эки өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылуу, эл аралык терроризмге, уюшкан кылмыштуулукка жана курал-жарактарды, баңгизаттарды мыйзамсыз сатууга каршы биргелешип күрөшүү боюнча маселелер каралган.

Мындан тышкары, Кыргызстандын коопсуздугун камсыз кылууга багытталган эл аралык келишимдердин ичинен дагы бир маанилүү документ пайда болду. Атап айтканда, Бишкекте ЕККУнун төрагасынын полиция иштери боюнча улук кеңешчиси Ричард Монк менен Кыргызстандын өкмөт башчысы Николай Танаев өлкөнүн ички иштер органдарын колдоо программасын ишке ашыруу тууралуу меморандумга кол коюшту. Программа 8 багытта иштеп, ага жалпысынан 3 млн. 600 миң евро өлчөмүндө грант бөлүнөт.

Ал арада Ысыккөл облусунун Тамчы айылынын жанында эл аралык аба майданынын ачылыш аземи өттү. Аземге президент Аскар Акаев жана башка бийлик башчылары, Бишкектеги чет элдик элчиликтердин өкүлдөрү катышты. Президент Аскар Акаев «Тамчы» аба майданы өлкөнүн социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга, облустагы туризм тармагын өнүктүрүүгө кеңири жол ачаарын айтты.

- Мен элчи С. Ватанабэ мырзага дагы бир ирет ыраазылык билдирем. Быйыл Ысыккөл облусун туристтик жана эс алууучу борбор катары өнүктүрүү боюнча долбоорду иштеп чыгыш үчүн жапон өкмөтү 1 млн. доллар грант бөлдү, – деди президент А. Акаев.

Аптанын ортосунда Бишкек шаардык кеңешинин коомдук транспортто жүргүнчүлөрдү ташуу жана оор жүк ташуучу автоунаалардын аракетин жөнгө салуу тууралуу токтому күчүнө кирди. Жаңы эреже боюнча кийинки убакта шаарда өзгөчө көбөйгөн чакан маршруттук таксилердин аракеттери жөнгө салынат. «ПАЗ», «КАВЗ», «ТАРЗ» үлгүсүндөгү орточо автоунааларда болсо жүргүнчү акысы беш сомдон үч сомго төмөндөтүлөт. Маршруттук таксилерге өзүнчө токтоочу жайлар бөлүнүп берилет.

Ички саясий жаңылыктарга кайрыла турган болсок, Үчүнчү элдик курултай 23-августта Жалалабад облусунун Аксы районунда өткөрүлө тургандыгы белгилүү болду. Мындай чечим «А.Акаевди кызматтан кетирүү, эл үчүн реформа жасоо» кыймылынын жакында Бишкекте өткөн жыйынында кабыл алынды. Курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү. Анын курамына Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары Азимбек Бекназаров, Алевтина Проненко жана Бектур Асанов, ошондой эле «Эркиндик» партиясынын жетекчиси Топучубек Тургуналиев шайланышты. Жыйындын катышуучулары курултайда карала турган маселелер тууралуу макулдашты. Курултайдын күн тартибинде президенттик шайлоого карата талапкерлерди сунуш кылуу маселеси да бар.

Келээрки президенттик жана парламенттик шайлоолорго бир катар башка партиялар да даярдана баштады. Алардын арасында «Акыйкат жана прогресс» партиясы да бар. Партиянын төрагасы Муратбек Иманалиевдин айтымында, талапкерди сунуш кылуу маселеси келерки күздө боло турган курултайда талкууланып, талапкердин ысымы кийинчерээк өтө турган конференциялардын биринде ачыкталат.

- Менимче, президенттик шайлоого бардык партиялар эле катыша албаса керек. Бирок, биздин максат – президенттик шайлоого катышуу, - деди Муратбек Иманалиев.

Бул аптада Бишкек шаарынын чок ортосунда жайгашкан «БИТЕЛ» компаниясынын баш кеңсесинде өрт чыгып, анын кесепетинен беш кабат имараттын бир кабаты толугу менен күйүп кетти. Өрттөн эч ким жабыр тарткан жок. Бирок компаниянын башкы директору Мирбек Турдукуловдун айтымында, өрттүн түздөн-түз материалдык зыяны болжол менен 200-250 миң долларды түзөт. Ал эми аны менен бир имаратта жайгашкан «SAIMA NET» телекоммуникация компаниясына бул өрт 60 миң долларлык чыгым алып келгенин анын башкы директору Бактыбек Рахимов билдирди.

Жакында Жалалабад облустук санитардык-эпидемиологиялык станциясы Майлысуу шаарынан 3 кишиден ичкелте оорусу аныкталганын ырастады. Алар 27, 31-июлда ооруканага жаткырылган. Санитардык дарыгерлер ичкелте оорусунун чыгуу себебин азырынча чийки суудан көрүп жатышат. Өткөн айда жугуштуу ичкелте оорусу Аксы районундагы 4 кишиден табылган.

XS
SM
MD
LG