Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:06

ПРЕЗИДЕНТ БУШ: ИРАКТА “ӨТӨ ООР ЖАНА КОРКУНУЧТУУ ИШТЕР БАР”


Багдадга атайын чакыруу менен келген Кошмо Штаттарынын Федералдык чалгындоо кызматынын адистер тобу бейшемби күнү Иорданиянын элчиканасында болгон жардырууну иликтөөгө жардамдашууда. АКШнын Ирактагы жардандык администрациясынын башчысы Пол Бремер билдиргенге караганда, жардырууну “Ансар ал-Ислам” согушчул тобу менен Саддам Хусейндин жактоочулары уюштурду деп шектелүүдө. Ишемби жана жекшемби күндөрү Басра шаарында электр кубатынын жана күйүүчү майлардын тартыштыгына байланыштуу нааразылык чыгуулар болду.

АКШнын Федералдык чалгындоо бюросу - ФЧБнын адистер тобу бейшемби күнү Багдаддагы Иордания элчилигинде болгон жардырууну иликтөөгө көмөктөшө баштады.

Элчиканадагы жардыруудан 14 киши өлүп, 40тан көп адам жарадар болгон.

ФЧБ жардамдашпай 32 миң колдуу Ирак полициясынын жардырууну иликтеп, аягына чыгара аларына көпчүлүк байкоочулар ишенишпейт.

Кошмо Штаттарынын Ирактагы жарандык администрациясынын жетекчиси Пол Бремердин маалымдашынча, ФЧБнын агенттери өлкөгө Ирактын ички иштер министрлигинин өтүнүчү боюнча келишкен. Анын айтымында:

- Бул кылмыш Ирак жеринде жасалгандыктан, ишти Ирак полициясы иликтейт жана ал боюнча кармалган адамдарды Ирактын сотунда соттолот. ФЧБнын агенттери Ирак тарапка соттук экспертизаны жүргүзүүгө жардам кылат...

Бремердин Иорданиянын элчиканасындагы жардырууну “Ансар ал-Исламдын” согушчандары жана Саддамдын режимин жактаган топтор уюштурушу ыктымал деп боолголойт:

- Бизди тизменин баш жагында турган “Ансар ал-Ислам” террорчул тобу тынчсыздандырат. Балким, коалициялык күчтөргө кол салууга жооптуу топтор, жаңы Иракты жактырбаган Саддамдын федуиндери, мурдакы чалгындоо кызматынын мүчөлөрү, болбосо БААСчылар сындуу кимдир бирөөлөр бул өңдүү чабуул жасашы мүмкүн.

Ал эми АКШнын куралдуу күчтөрүнүн Биргелешкен штабынын операциялар боюнча директору, генерал-лейтенант Нортон Шварц жарыдурууну “ал-Каида” менен байланыштагы “Ансар ал-Ислам” уюштурду деген бекем ишеничте.

Март-апрель айларында АКШ башындагы күчтөр Түндүк Ирактагы “Ансар ал-Ислам” контролдогон аймактарга абадан жана жерден катуу сокку уруп, топко олуттуу зыян келтирген эле.

Бирок, Бремердин өткөн жумада маалымдашынча, соңку кезде анзарчылар топтолушуп, жигердене баштаган.

Ишемби күнү өлкөнүн ай кайсы аймактарында Саддам Хусейнди жана анын колдоочуларын издеп жүргөн америкалык сегиз жоокер жарадар болду.
АКШлык аскерлер Ирактын мурдакы ички иштер министри Махмуд Дияб ал-Ахмад кармалганын жарыялашты. Муну менен Ирактын издөөдөгү мурдагы 55 жетекчисинин 37си колго түштү.

Ирактын экинчи чоң шаары Басрада ишемби күнү электр кубатынын жана күйүүчү майлардын тартыштыгына нааразы болгон эл британиялык аскерлерди ташбараңга алышты.
Күбөлөрдүн айтымында, калаба май куючу жайга токтогон британиялык аскерий машинеге кимдир бирөө граната ыргыткандан кийин башталган.
Аскерлер 2 миңдей адам катышкан тополоңду асманга ок атып араң басышкан. Айрым маалымат каражаттарынын кабарлашынча, ажаалданган эл шийит динзарларынын кайрылуусунан кийин гана тынчыган. Кагылышууда төрт ирактык, анын ичинде бир жаш бала жара жана биританиялык үч жоокер жараат алган.

Басралыктар электр менен күйүүчү майдын жетишпегенине байланыштуу нааразылык акциясын жекшемби күнү кайра улантышып, шаарда тополоң салышты.

Ирак мунайдын кору боюнча дүйнөдө экинчи орунда турат. Ага карабастан, кийинки кезде бензиндин баасы кескин асмандап кеткен. Атап айтканда, мурда 20 литр бензин 20 цент болсо, азыр сегиз доллар.

Ирактагы кырдаал татаал. АКШ президенти Жорж Буш ишемби күнкү радиокайрылуусунда айтканга караганда, Иракта чоң аскерий операциялар токтотулганына 100 күн болгондон кийин да, алдыда бүткөрүүнү талап кылган “өтө оор жана коркунучтуу” иштер бар.

XS
SM
MD
LG