Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:10

ЛИБЕРИЯ: ПРЕЗИДЕНТ ТЕЙЛОР КЕТТИ, ЖАШАСЫН МОЗЕС БЛА!


Либериянын президенти Чарльз Тейлор эл аралык коомчулук менен өлкө борборун камоого алган эрегишчилердин кысымына туруштук бере албай дүйшөмбү күнү бийликтен кетти. Вице-президент Мозес Бла Нигериядан баш паана тапкан Тейлордун мураскери болуп калды. Ал Либерияны октябрда болчу президенттик шайлоого чейин жетектейт. Башкалаа Монровиядагы жагдайды Батыш Африка өлкөлөрүнүн тынчтык күчтөрү көзөмөлдөөдө.

Либериянын көпчүлүк бөлүгүн контролдоп турган Секу Коннех башындагы козголоңчулар Чарльз Тейлор бийликти вице-президент Мозесу Блага өткөрүп берер замат Монровиден чыгып кетпесе, согуштук аракеттерди күчөтөбүз деп коркутуп жаткан.

Бийлик алмашуу салтанатына Тейлорду президенттиктен кетирүүгө чоң салым кошкон Түштүк Африка Республикасынын лидери Табо Мбеки, Африка биримдигинин атынан Мозамбиктин президенти Иоахим Чиссано жана Батыш Африка өлкөлөрүнүн атынан Гананын президенти Жон Куфур катышты.

Тейлор үй-бүлөсү менен Нигерияга учуп кетер алдында, Монровидеги африкалык тынчтык күчтөрүнө тилектештик көрсөткөндөй, АКШлык үч аскерий кеме жээкте көрүндү жана көпкө турбай кайып болуп кетишти.

Тейлор бийликти дүйнөнүн эң бакубат дөөлөттөрү, анын ичинде АКШнын кысымы астында калтырып жатканын айтып, мекендештерине “жериме дагы кайрылып келем” деп убада кылды:

- Кайда гана жүрбөйүн, мен силерди дайыма эстеп жүрөм. Мен силерге айтып койоюн, Кудай күбө, мен кайра келем.

Бириккен Улуттар Уюмунун Сьера-Леона боюнча трибуналы Тейлорду согуш кылмышкери деп айыптаган жана жоопко тартууга кызыкдар.

Вице-президент Бла бийликти Тейлордон өткөрүп алып жатып, элди биримдикке чакырды:

- Согуш бизге сабак болду десек, биз баарыбыз өзүбүздү уруубузга, динибизге жана саясый ишенимибизге карабай бир жанбыз деп билишибиз керек.

Мозес Бла ошондой эле АКШны жардамга чакырып, мындай деди:

- Либериядагы тынчтыкка жана туруктуулукка кошумча кепил болуу үчүн америкалык кемелерди биздин жерге жайгаштыруу зарыл деп, менин Кошмо Штаттарына кайрылуумду бардык либериялыктар колдойт.

АКШнын Мамлекеттик катчысы Колин Пауэллдин сөзүнө караганда, Вашингтон Либерияга гуманитардык жардамды ташууга же тынчтыкты камсыздоого жардамдашуучу өтө аз сандагы гана аскер жөнөтүшү ыктымал:

- Мен Кошмо Штаттарынын күчтөрү өзүнө эч кандай чоң милдеттенме албайт деген ойдомун. Бул байланышты камсыздоочу чакан топ болушу мүмкүн.

Лондондо чыгуучу “The Financial Times” гезитинин баамдашынча, Либерия АКШлык аскерлердин келүүсүн чын дилинен каалаган өлкө. Андай болсо да, Либериянын тамтыгы чыккан экономикасын калыбына келтирүүдөн Европа Союзу да сыртта калбаш керек. Вашингтондун Либерияга аскер жөнөтүүдө саалыгып калганынын баасы- жүздөгөн адамдардын өлүмүнө турду болду деп жазат “The Financial Times” .

Президент Мозес Бланын алгачкы кадамына караганда, ал козголоңчулар менен жакын кызматташууга ынтызар. Бла шейшемби күнү козголоңчуларды каруу жарагын тапшырууга чакырып, вице-президенттин ордун алардын өкүлүнө сунуш кыларын билдирди.

Көпчүлүк талдоочулар Тейлордон бийликтен кетүүсү менен 14 жылдан берки жарандык согуштан бүлүнгөн Либерияда тынчтык орнойт жана Батыш Африканы кыжаалатка салган өрт токтотулат деп үмүт кылышат.

Ал эми Найробидеги Дипломатияны жана эл аралык мамилелерди изилдөө институтунун директору Мария Нзомонун айтымында, Африка өлкөлөрү Чарльз Тейлорду тактыдан кетирүүгө жандуу катышып, өз проблемаларын өз колдору менен жөндөй ала турганын көрсөттү.

XS
SM
MD
LG