Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:03

ИРАКТЫН БАСРА ШААРЫНДАГЫ ЭЛДИК ТОЛКУНДОО


Нарын АЙЫП, Прага Өткөн дем алыш күндөрү Ирактын Басра шаарында элдик толкундоо болуп, үч адам каза тапты. Америкалык башкармалыктын айтымында, элдик нааразылык шаарда күйүүчү майдын тартыш болгондугунан келип чыккан жана андай тартыштык кээ бир учурларда атайылап уюштурулат.

Мунайга бай Иракта күйүүчү майдын тартыштыгынын пайда болушу - адаттан тышкары окуя. Америкалык башкаруучулуктун айтымында, өлкөдө андай тыртыштык болуп, өкмөт Иракка чет мамлекеттерден мунай экспорттоп калган учурда өлкөдө мунай аткезчилиги да улам көбөйүп баратат.

Өлкө аймагында жаткырылган мунай куурларын ар башка жерден тешип, ал жерден куюлган мунайды кылмышкерлер цистерналарга жүктөп, аларды чөл аркылуу кошуна Кувейт же Йорданияга жеткирип сатат. Узундугу бир нече жүздөгөн чакырым келген куурлардын ар бир метрин кайтаруу мүмкүн эмес. Өлкөнүн Багдад, Басра жана Байжи шаарларында үч ири мунай иштетүүчү комплекс бар, алар азыр баары биригип күнүнө 20 гана миллион литрге жакын күйүүчү май өндүрүүдө, өлкөгө болсо күнүнө кеминде 37 миллион литр талаптуу. Ошондуктан Ирак азыр алты миллион литрге жакын майды күн сайын сырттан сатып алууга аргасыз.

Анткен менен америкалык аскерлер чек арада мунай жүктөлгөн машинелерди такай кармайт. Мисал үчүн, июлдун аягында эле эки аптанын ичинде чек арада мунай куюлган цистерналар жүктөлгөн жүздөн ашык машине кармалган жана бир жүз элүүдөй киши камакка алынган.

9-августта болсо британиялык аскерлер Ирактын түштүгүндөгү Умм Каср портунан алыс эмес бир кемени кармады. Панамада катталган жана украиналык кемечилер иштеген ал кеме менен 1100 тонна мунай сыртка алып чыгылып бараткан. Кемени кармаган британиялык офицер Грэм Маккэйдин айтымында, бул окуя - өлкөдө күйүүчү май эмне үчүн тартыш болуп жатканын түшүндүрөт:

- Биздин команда кемени кармап, анын кемечилерин жана жетекчисин камакка алды жана кеме кайрадан Умм Касрга жөнөтүлдү. Коалициялык жетекчиликтин пикиринде, ирак мунайы ирак элине таандык болууга тийиш, ал мыйзамсыз жолдор менен сыртка сатылбаш керек.

Мунай аткезчилиги мурдагы президент Саддам Хусейндин учурунда деле көп болгон, бирок азыркы мезгилде андай мыйзамсыз аракеттер элдик турмушка катуу тийүүдө. Мисал үчүн, Басра шаарындагы май куюучу жайлардан машинеге май куюп алуу үчүн бир-эки күн кезекте туруш керек, мыйзамсыз жайларда болсо майдын баасы 50 эсе кымбат. Ошондуктан 9-10-август күндөрү Басрада элдик толкундоо болду. Май куюучу жайда кезекте тургандар майдын баасынын кымбаттыгына нааразылык билдирген соң тартип бузулуп кеткен. Шаарды көзмөлдөгөн британиялык аскерлер ал май куюучу жайга жеткенче, элдик толкундоо башка жайларга да тарап кеткен.

Натыйжада бир жергиликтүү адам белгисиз кылмышкерлер тарабынан атып өлтүрүлгөн, дагы бир киши машиненин алдында калып өлгөн жана дагы бир непалдык жигит курман болду. Кээ бир байкоочулардын айтымында, кимдир бирөө аны буктурмадан атып өлтүргөн, башкалардын пикиринде, аны кайсы бир кылмышкерлер карактоого аракеттенгенде чатак чыгып кеткен. Непалдык жигит - гурх болгон. Бириккен Улуттардын Басрадагы кеңсесине кат жеткирип баратканда өлтүрүлгөн.

Эки күнгө уланган толкундоо басылды, британиялык жана чех аскерлери азыр Басрадагы май куюучу жайларды көзөмөлдөп, баалардын асмандап кетишине жол бербей турат. Анткен менен америкалык жетекчиликтин айтымында, өлкөдөгү абал дагы эле оор. Кээ бир кылмышкерлер электр сымдарын да кесип алып, аны түстүү темир катары сатууда, коалициялык аскерлердин болсо бардык нерсени көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүгү жок.

XS
SM
MD
LG