Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:58

«АК БАТАНЫН» БАРАКТАРЫНАН


Жакында эл жазуучусу Кеңеш Жусупов менен таанымал журналист, жазуучу Чоюн Өмүралиев түзүшкөн «Ак бата» аттуу ак тилектер менен баталардын жыйнагы жарык көргөнүн маалымдаган элек. Азыр болсо ошол жыйнакка кирген, бүгүнкү күндө айтылбай, кагаз бетинде гана жашап калган баталардын байыркы үлгүлөрү менен тааныштырмакчыбыз. Кадырман окурмандар, жаккандарын көңүлүңүздөргө түйүп, көкүрөгүңүздөргө жаттап алыңыздар.

Жаттым тынч,
Жаздыгым - кенч.
Тилим – Куран.
Тилегеним – ыйман.
Йа жараткан,
Уйкумду мамык кыл,
Тилегенимди анык кыл.
Тургузагөр эсен-аман.
Оомийин! – деген бата менен жатып, аппак таңды бата менен атырган байкыркы кыргыздардын турмушунда ал бирден-бир жакшылыкты берген кут катары тутулуп да, берилип келген. Эр Манас кезектеги бир жоого аттанаардын алдында Бакай менен Кошойдон бата сураганда, эки кан мойнуна курларын салып, алкандарын жайып:

Жараткан, уккун кебимди.
Сындыра көрбө белимди.
Кудай үстүн кыла көр.
Кабылан Манас шеримди.
Кытайды үстүн кылбагын,
Кыргызды астын кылбагын.
Ободо Чолпон жылдыз бар.
Артына, Кудай, таратпа.
Каракалпак Манжуунун,
Жан деп Кудай, жаратсаң,
Дегеле көзүн каратпа.
Оомийн! – деп чуркурап бата беришсе, кан Кошой кундактай бели ийилген, күйүп турган чоктой кейиптенген Каныкей айымга:

«Тилекти берсе бир Алла,
Туулса мындан бир бала,
Ургаачы болбой эр болсун!
Аюу болбой шер болсун!
Атышканын алсын» деп,
«Күрөшкөнүн чалсын» деп,
«Өлөңдүү жерди өрттөгөн,
Өзүнөн пенде өтпөгөн,
Тулаңдуу жерди тутантып,
Туугандын баарын кубантып,
Кайратын калк, эл туюп,
Суу ордуна кан төгүп,
Катылышкан душманын,
Өгөөлөсүн темирдей.
Акыры тууса эркеги
Аты болсун Семетей.
Арууке келин баласы,
Акылдашы ар качан,
Ага болсун Күлчоро,
Кыдыра кырчын тал болсун,
Кырга чыга бергенде
Семетейге Кудай жар берсин!
Оомийин!» – деп бата берет. Кошойдун батасы кабыл болуп, Каныкей Семетейдей эр жүрөк уулдуу болот.
XS
SM
MD
LG