Тынчтык орнотуу миссиясынын НАТОнун командачылыгына өткөрүлүп берилиши ооган өкмөтү, эл аралык агенттиктер менен бир топ саясатчылардын эл аралык күчтөрдү Кабулдан сырткааркы аймактарда да жайгаштырылышын талап кылган чакырыктары менен коштолду. Кабулда өткөн салтанатта сүйлөгөн сөзүндө Ооганстандын тышкы иштер министри Абдулла Абдулла тынчтык күчтөрүнүн бүткүл өлкөнүн аймагында жайгаштырылышы 2004-жылы өтө турган жалпы шайлоонун адилет жана эркин болушу үчүн өтө маанилүү экенин билдирди. Ал эми Германиянын канцлери Герхард Шрөдер бейпилдик орнотуучу күчтөр бүткүл өлкөнүн аймагына жайгаштырылып, коопсуздук кепилденмейинче өлкөдө тынчтык орнобой тургандыгын эскертти:
"Бейпилдик күчтөрү келмейин, бири-биринен бак талашкан жергиликтүү төбөлдөрдүн өз ара согушу басылбайт".
Алдыда сөз болгон талаптар мурдатан эле айтылып келген. Ооган президенти Хамид Карзайдын дээрлик ар бир эл аралык жыйында айтып келаткан талабын, Улуттар Уюмунун баш катчысы Кофи Аннан да колдоп, бейпилдик аскерлерин Херат, Мазар-и-Шариф жана Жалалабад шаарларында жайгаштыштырууну сунуш кылган. Бирок андай маанилүү чараны ишке ашырыш үчүн конкреттүү чаралар көрүлбөгөн. НАТОнун баш катчысы генерал Жордж Робертсон муну мойунга алуу менен бирге, ан үчүн Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин атайын резолюциясы жана Түндүк Атлантика Аскердик Блогунун Башкармалыгынын расмий макулдугу керек экенин баса белгиледи:
"Тынчтык орнотуучу күчтөрдүн мандатын НАТО кеңейте албайт, анткени ал күчтөр Улуттар Уюмунун чечими менен түзүлгөн. Алардын мандатын өзгөртүү үчүн, мисалы, күчтөрдү Кабулдан сырткаары жерлерге жайгаштыруу үчүн Улуттар Уюмунун атайын резолюциясы керек. Ага НАТОнун башкармалыгынын атайын чечимин талап кылынат".
Робертсондун сөзүн колдоп, НАТОнун Европадагы күчтөрүнүн штабынын башкы командачысы генерал Жэк Деверел эл аралык күчтөрдүн мааниси чындыгында эле өтө чоң экенин, бирок борбордук өкмөттүн таасирин бүткүл өлкөнүн аймагына жайылтуу үчүн жалаң эле эл аралык күчтөргө үмүт артып, карап отуруш жарабай тургандыгын баса белгиледи.
"Президенттин бийлиги бүткүл ооган аймагында орномойун, Карзай мырзанын аракеттери жемиштүү болбосу талашсыз. Бирок борбордук өкмөттүн таасирин жалаң эле күч менен жогорулатуу мүмкүн эмес. Өкмөттүн таасири анын гуманитардык, социалдык жана саясий программаларынын ийгилигине жараша болот. Аскерлер өкмөттүн бул иштердин өтөлүнө чыгышына көмөкчү гана болот. Кабулдун айланасына солдаттарды жайгаштыруу менен эле бейпилдик орноп калбайт", - деди Деверел.
Генералдын айтымында, өлкөдө чет элдик аскерлердин санын Кабулдан сырткааркы региондордун согуштан кыйраган чарбасын калыбына келтирүү ишине чет элдик аскердик курулуш топторун тарттуу менен көбөйтсө болот.
"Чет элдик курулуш топтору Улуттар Уюмунун Ооганстандагы күчтөрүнүн мандаты жана НАТО уюму менен байланышы жок. Бирок ошого карабастан, алар президент Карзайдын бийлигинин региондордо күчтөндүрүлүшүнө данакер болмок. Андай топтордун ийгиликтүү жана эффективдүү иштешине бүткүл эл аралык коомчулук кызыкдар болоорунан күмөн санабайм", - деди генерал Деверел.
Бул жерден андай чет элдик курулушчулар топтору Ооганстандын бир нече провинциясында иштеп жаткандыгын белгилей кетүү керек. Жакында Германиянын ДПА кабар агенттиги немис өкмөтү Кундуз шаарында немис курулушчуларынын тобун жайгаштыруу келешимине кол койуунун алдында турганын билдирди.
НАТОнун командачылыгы алдында Ооганстанда баары болуп 35 өлкөнүн жоокерлери кызмат өтөшөт. Германия менен Франциядан 300дөн жоокер болот. Эл аралык контингенттин катарына бештен, төрттөн, ал тургай, экиден жоокерин жиберген да өлкөлөр да бар. Бирок НАТОнун баш катчысы айткандай, кайсы өлкө канча салым кошпосун, алардын баары НАТО аскерлеринин билими менен иш билгилигин, оперативдүүлүгү менен эффективдүүлүгүн бышыктап, көп улуттуу уюмдун эл аралык абройун көтөрмөкчү.