Техас штатынын мурунку губернатору Жорж Буш 2000-жылы президенттик шайлоого аттанган мезгилде көпчүлүк тарабынан тышкы саясатты биле бербеген “бала” катары бааланган. Атасы Жорж Буш президент болгонуна карабай АКШнын азыркы лидери ал кезде дүйнөгө таанымал эмес болчу.
Бирок Жорж Буш президенттик шайлоону Америка президентинин дүйнөдөгү ролу жана ордун так көрө билүүсү менен жеңип чыкты.
Шайлоо өнөктүгү кызуу жүрүп жаткан мезгилде Жорж Буш “күн тартибиндеги маселелерди даана көрүү жана чечүү” ураанын кармап, “учурдагы негизги маселе- лидерлик” деп айткан.
Учурда Жорж Буштун биринчи мөөнөттөгү президенттигинин жарымы өтүп баратат. Ал эми анын Американын дүйнөдөгү ролу тууралуу көз карашынын айланасында кайчы пикирлер арбыды.Буштун администрациясы дүйнөнү оор абалда деп санап, душмандарга, АКШнын кызыкчылыгына каршы тургандарга күч колдонууну жактап, дал ушундай саясатты турмушка ашырууда. Бирок АКШнын дүйнөдө көп тараптуу милдеттенмелерди өзүнө жүктөп ала берүүсү өлкө кызыкчылыгына пайдадан көрө, көбүрөөк зыян келтирүүдө дегендер да арбын.
Мына ушундай шартта Демократиялык партиянын өкүлдөрү кезектеги шайлоо өнөктүгүн башташты. Бирок алар азыркы тышкы саясатка атаандаш болчу эч нерсе сунуштай элек. Бул тууралуу Улуттук Саясат Борборунун президенти Мариин Штайнбрюнер мындай дейт:
Демократтарда күн тартибинде турган маселелер боюнча так аныкталган альтернативдүү сунуш жок. Ошондуктан Буштун администрациясы турмушка ашырып жаткан саясатты сындоо майнапсыз.
Демократтар үмүт артып турган сенатор Жон Кэрри жана Жозеф Либерман Ирак согушунун айынан Американын Европа Биримдиги жана Бириккен Улуттар Уюму менен мамилеси бузулгандыгы үчүн Жорж Бушту сынга алып жатат. Согуш алдында болсо бир гана демократ, Вермонт штатынын губернатору Ховард Дин гана ага катуу каршы турган.
Бирок бул демократтардын сөзү АКШнын дүйнөдөгү ролу тууралуу Жорж Буштун көз карашын сындоого жатпайт,- дейт Штайнбрюнер. Анын айтымында, АКШнын улуттук коопсуздук саясатын, Жорж Буш менен бирге бийликке келгенге чейин бул маселелер боюнча көз карашы калыптанган Пол Вулфовиц, Кондолиза Райс өңдүү белдүү саясатчылар жүргүзүүдө. Маселен, Вулфовиц Жон Хопкинс атындагы эл аралык иликтөө институтунда иштеп жүргөн убакта, 1990 -жылдын орто ченинде эле Саддам Хусейинди бийликтен кетирүү жагын иликтей баштаган.
Андан башка Буш АКШнын аскерий мүмкүнчүлүгүн арттыруу саясатын жүргүзүүдө. Ал эми Кондолиза Райс жакында эле Араб дүйнөсүн демократиялык жана өнүккөн регионго айлантуу маселесин көтөрүп чыкты.
Ал эми демократтарда мындай ачыктык аз. Жорж Буштун атаандашы болгон мурдагы вице президент Ал Гор жакында эле чыгып сүйлөп, анда президент Буш Америка калкын алдады деген. Маселен, Ирак коркунучун апыртты, сентябрь айындагы Америкага жасалган террордук чабуулга “ал-Кайида” менен Багдадын катышы бардыгын жарыялап катуу жаңылышты деп Бушту сындады. Азыр баары билип калды бул сөздөр чындыктан алыс экенин, -дейт Ал Гор.
Мурдагы вице президент ошондой эле Жорж Буштун администрациясы планетанын ысып баратышына байланыштуу маселеге жетиштүү көңүл бурбай жатат, салыктарды кескин кыскартуудан бюджет тартыштыгы көбөйүп, андан өтө байлар гана пайда көрүп жатат деп да сындаган. Ал Гор келээрки президенттик шайлоого катышпасын жарыялаган менен, анын мындай сынын кээ бири адистер шайлоо алдында өзүн текшерип көрүү катары баалоодо.
Адистердин пикиринде, Буштун талуужерлери бар. Ал өлкөдөгү экономикалык өнүгүүнүн начардыгы, Ирак согушун такталбаган маалымат менен ачуу жана ошол эле Иракта америкалык аскерлердин күн сайын өлүп жатышы, андагы аскерий иш чаралар үчүн жумасына 1млрд доллар чыгымдалышы.
Бирок демократтар өлкөнүн коргонуу жаатындагы жана дүйнөдөгү лидерлик ролу тууралуу так көз карашын иштеп чыкмайын, атаандашынан озуп чыгышы кыйын, дейт саясат иликтөөчүлөр.