Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:41

ИРАКТА ЭЛ АРАЛЫК ТЕРРОРЧУЛАР БАРБЫ?


Өткөн аптада Багдаддагы Иорданиянын элчилиги бомбалангандан тарта АКШ жетекчилиги Иракта дагы жаңы террордук чабуулдар жасалышы мүмкүн экенин эскерте баштады. Вашингтондун айтымында, Иракка чет элдик террорчулар тымызын өтүп барып, Америкага каршы аракеттер уюштурууга камданууда.

Өткөн бейшемби күнү Багдаддагы Иорданиянын элчилигинин алдында бомба жарылганга чейин америкалык жетекчилик Ирактагы коопсуздуктун эң чоң душманы катары Саддамдын тарапкерлерин атап келген. 17 адамдын өмүрүн алган ал жардыруудан кийин Вашингтон Иракта Америкага каршы маанайдагы көптөгөн кыймылдар бар экенин, алардын арасына чет мамлекеттик террорчулар да кошулуп алганын айта баштады. АКШ президенти Жорж Буш өткөн ишемби күнү жарыяланган радиокайрылуусунда Иракта тыштан келген террорчулар бүлгүн салып жатат деп белгиледи:

- Күн сайын биз Ирактын коопсуздугун бекемдөө багытында иш жүргүзүп жатабыз. Коалициялык күчтөр өлкөдөгү бейпилдик менен стабилдүүлүккө сокку ургусу келген "Баас" партиясынын тарапкерлери менен чет мамлекеттик террорчуларга каршы күрөшүн улантууда. Андай бузукулар жашырынган жайлар тууралуу Ирактын жашоочулары өзүлөрү келип, бизге керектүү маалыматтарды берип жатышат. Ал маалыматтар кылмышкерлерди, Саддамдын курал-жарагын издөөгө чоң көмөк көрсөтүүдө.


Ал Иракта америкалыктарга коркунуч келтирген чет элдик уюмдарды тизмелеп атаган жок. Анткен менен, Вашингтондун башка өкүлдөрү ар башка исламчыл уюмдарды айыптап, алардын "ал-Каида" менен байланышы бар, же жок экенине көңүл бурушууда. Багдаддын тегерегиндеги кол салууларга байланыштуу шек туудурган уюм катары ирактык күрттөр, оогандык жана башка араб өлкөлөрүнүн согушчандары кирген "Ансар ал-Ислам" кыймылы көбүрөөк аталууда. Бул уюм Ирактын түндүгүндөгү чакан аймакта аракеттенип, ал жерди күрттөрдүн алдыңкы уюшмасы – Күрдстан патриоттук биримдигинен талашып, ал эмес, салгылашып келатканы маалым. "Ансар ал-Исламдын" куралчан топтору убагында Ооганстанда советтик аскерлерге каршы согушуп, кийин Иракта баш калкалап, ушул жазда АКШ баштаган коалициялык күчтөр алардын базаларына абадан сокку ура баштаганда, Иранга кире качканы айтылып жүргөн.


Ирактагы америкалык башкаруучу Пол Бремер өткөн аптада "ансар ал-исламчылар" өлкөнүн чек араларына жакын аймактарда жашырынып алып, коалициялык күчтөргө, ошондой эле АКШлык жетекчилерге каршы жаңы чабуулдарды даярдап жатат деп жарыялады. Иордания элчилигинин жанындагы жардыруунун эртеси сүйлөгөн сөзүндө ал бул терактты "Ансар ал-ислам" уюму катардагы ирактыктарга жана чет элдик аскерлерге каршы уюштурган болуу деген деген пикирин айтты. Ошол эле учурда ал америкалык аскерлерге каршы жасалган соңку кол салуулардан улам шек туудурган уюмдардын тизмесинде ирактык күрттөрдүн исламчыл кыймылынан башка да бир катар топтор бар экенин белгилей кетти.

- Биз Иракта али олуттуу террордук коркунучтар бар экенин билебиз. Бизди тынчсыздандырган экстремисттик уюмдардын тизмеси чоң, "Ансар ал-Ислам" анын баш жагында турат, - деди Пол Бремер.


Ал Ирактагы согуш учурунда АКШнын кайгуул жайына жакын жерде машинени жардырган жанкечти да "ансарчылардан" болушу мүмкүн деген пикирин кошумчалай кетти. Азырынча америкалык жетекчилер аталган уюмдун Саддамдын жан-жөкөрлөрү менен байланышы бар-жогун айтыша элек, тек гана "ансарчылар" "ал-Каида" уюму менен кызматташканы жөнүндө айрым маалыматтар бар экенин белгилешет.


Жакында америкалык аскерлер Ирак менен Сириянын чек арасына жакын жерде 40 чакты куралчан адамды кармашты. Андан мурдараак коалициялык күчтөр ушул аймакка чектеш жердеги аскерий базаны бомбалашкан. Ал операциядан 70тен ашуун Сирия, Сауд Арабия жана Йемендик согушчандар курман болгону кабарланган. Айтор, Ирактын чек аралары аркылуу ары-бери каттап жүргөн исламчыл согушкерлер АКШлык командачылыктын тынчын ала баштады. Мурда Вашингтон Саддам Хусейн жана анын жакын адамдары колго түшүп, же жок кылынса, кырдаал биротоло тынчыйт деп айтып жүрүшсө, эми АКШлык "Бостон Глоб" гезити жазгандай, эртең Саддам кармалып, абакка отургузулса да, исламчыл согушчандар Ирактагы коопсуздук, бейпилдикке чагым салуучу күч бойдон кала берчүдөй.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG