Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:38

Жакынкы Чыгышта кырдаал дагы эле кылдын учунда


Американын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Уилям Бернс Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча “Жол картасы” деп аталган эл аралык планды ишке ашыруу үчүн АКШ бардык күчүн жумшап жаткандыгын билдирди. Бернстин пикири боюнча каршылашкан эки тарап тең бирдей аракеттенип, өз ара ымалага баруусу зарыл. Израил менен Палестин июнь айынын аягында элдешүү макулдашуусуна кол койгондон кийин деле жан кечтилердин жардыруусу токтобой, кечээ Израилдин премьер министри Ариэл Шарон түрмөдөгү палестиндердин бошотом дегендерин кайра чыгарбай тургандыгын кабарлаган. Ал эми Израилдин аскерлери Тель-Авивден анча алыс эмес Рош –Хаайне деген жерде кечээ өзүн-өзү жардырып өлгөн жан кечтинин Иордандын батыш жээгиндеги үйүн түрттүрүп салышты. ”ал-Аксы шейиттери” деп аталган топ өз мойнуна алган ал жардыруудан бир жөөт каза болуп, бир канча адам жарат алышкан эле.Бул терракт боюнча Наблус шаарынын жети тургуну камакка алынды.Ал эми кечээ автобустун аялдамасында болгон жардыруу “Хамас” уюмунун колунан келген деп жатышат.Бирок, аталган уюм элдешүү макулдашуусунун чегинен чыкпай тургандыгын кабарлоодо. Террактардын саны өсүп кеткендиктен Израил коопсуздук чараларын күчөттү.

XS
SM
MD
LG