Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:28

АМЕРИКАЛЫК АСКЕРЛЕР "ЭЛ ЧЕТИНДЕ, ЖОО БЕТИНДЕ"


Шаршембиде Иракта жолдо бараткан аскерий машине жардырылып, анын ичиндеги эки америкалык аскер набыт кетип, үчөө жарадар болушту. Ушуну менен Саддамга каршы согуш башталгандан бери АКШ менен Британиянын 130дан ашуун аскери өлүмгө учурады. "Азаттыктын" кабарчысы Эндрю Талли Иракка жөнөтүлчү жаңы аскерлерди камдап жаткан Вашингтондун жанындагы согуштук базага барып, айрымдарын маекке тарткан.

Пентагондун маалыматы боюнча, азыр Иракта Американын 150 миңдей аскери кызмат өтөп жатат. Саддамга каршы согуш башталганына беш айга чукулдап калганы менен, ал жердеги аскерлердин көбүнүн үйлөрүнөн чыгып кеткенине эң кеминде бир жылдан ашты. Аскердик кызматты өмүрлүк кесиби кылып тандап алган офицерлерди айтпаганда да, катардагы жоокерлер согушка аттанаар алдында атайын даярдыктан өтүп, бир нече айлык машыгууларга катышышкан. Иракта соңку кездери кырдаал кыйчалыштап, коалициялык күчтөр дээрлик күн сайын ар түрдүү кол салуу, куралдуу чабуулдардан улам жоготууларга учуроодо. 1-май күнү АКШ президенти Жорж Буш Саддамга каршы согуштун негизги бөлүгү аяктаганын жарыялагандан бери Иракта 60тан ашуун америкалык жана британиялык аскер набыт болушту. Өлкөдө саясий жана экономикалык стабилдүүлүк качан орноору белгисиз, андыктан Пентагон Ирактагы контингентти жаңыртып, күчтөндүрүп-бекемдөө иштери менен алек.

"Азаттыктын" кабарчысы Эндрю Талли көпчүлүгү Ирак менен Ооганстанга барууга камданып жаткан АКШнын Улуттук гвардиясынын аскердик базасына барып, резервдеги жоокерлердин айрымдарын маекке тарткан.

Вашингтондун чет жагында жайгашкан бул базада жалаң Улуттук гвардиянын мүчөлөрү, ошондой эле запастагы жоокерлер машыгуудан өтүшөт. Жергиликтүү жетекчиликтин айтымында, АКШ армиясынын 45%ын түзгөн Улуттук гвардияда 1 млн 200 миңдей адам кызмат өтөйт жана алардын төрттөн бири 2001-жылкы 11-сентябрдагы теракттардан кийин от алган ар башка өлкөлөрдөгү антитеррордук кампанияга катышышты. Азыркы күндө ал жерде машыгып жаткан аскерлер арасындагы лейтенант Уильям Хаммер – кесиби боюнча учкуч, Иракка эки анжы маанайда баратканын жашырбайт.

- Бир да жоокер, менимче, согуш болсо экен деп кудайдан тилебейт, бирок эми алдыдагы милдетти аткарышыбыз керек да. Мен көптөн бери согуштук тикучакты (вертолетту) башкаруу боюнча машыгып, үйрөнүп келатам, албетте, топтогон тажрыйбамды иш жүзүндө көрсөткүм келет. Ошол эле учурда үй-бүлөңдү таштап, коштошуп баса бериш да кыйын экен, - дейт АКШнын Улуттук гвардиясынын жаш мүчөсү.

Американын куралдуу күчтөрүнүн алдыңкы бөлүгү саналган гвардиянын аскерлери бул күндөрү өз өлкөсүнөн сырткары Балканда, Түштүк Кореяда, басымдуу бөлүгү Ирак менен Ооганстанда өз милдетин аркалап жатышат. Алардын арасында кыз-келиндер да жок эмес. Вашингтондун жанындагы базада Иракка жөнөтүлө турган контингенттин курамында машыгып жаткан сержант Ирис Круз-Стори Улуттук гвардиянын аба жолдорун тейлөө бөлүгүндө иштейт. Ал күйөөсү АКШ армиясында кызмат өтөгөндүктөн, анын жанында болуш үчүн аскердик кесипти тандаганын айтып берген.

- Менин жолдошум аскер кызматында болгондуктан, ал ар дайым мени колдоп турат. Бирок, мен азыр баарын түшүнүп, согушка барууга даярмын деп чын дилимден айта албайм. Ушул кесипти тандаган соң, биз ар дайым: "Ооба, макул, мен баарына даярмын" деп гана жооп беришибиз керек да, - дейт сержант Ирис.

Иракка жөнөөрүнө аз калган бул аскерлер бекер жеринен тынчсызданып жатышкан жок. "Багдадда баары тынч" деп айтууга али көп бар.

Жакын арада Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук Кеңеши Ирактын АКШ дайындаган Башкаруу Кеңеши боюнча добуш бериши мүмкүн. Элчилердин айтымында, Башкаруу Кеңешине колдоо билдирген резолюция кабыл алынган соң, Бириккен улуттардын Ирактагы жаңы өкүлчүлүгү дайындалышы күтүлөт. Ирактын тегерегиндеги эл аралык деңгээлдеги талаштар чечилип калса, өлкөдөгү абалды турукташтырууга да кайсы бир деңгээлде өбөлгө түзүлөөрү шексиз.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG