Билим жана маданият министринин 1-орунбасары Анатолий Иванниковдун айтымында, республиканын айыл-кыштактарына жөнөп кетишкен педагог илимпоздор менен методист окутуучулар бир жума бою айыл мугалимдери менен сабак өткөрүшүп, семинар, «тегерек үстөл» жыйындарын уюштурушат. 25-августта жергиликтүү бийлик жетекчилеринин катышуусунда облус мугалимдеринин педагогикалык конференциялары башталат.
«22-августта өтүүчү «тегерек үстөл» жыйындары, жогорку окуу жайларындагы лекциялар менен практикалык сабактарга, ошондой эле жергиликтүү жогорку окуу жайлары менен облустук билим билим берүү башкармалыктардын ортосунда «Жогорку окуу жайы – мектепке» макулдашуусуна кол коюу жөрөлгөсүнө өзгөчө маани берүүдөбүз», - дейт Анатолий Иванников.
Республикадагы жогорку окуу жайларынын даярдыктары 13-августта премьер-министр Николай Танаев өткөргөн селектордук кеңешмеде кеп болгон.
«Жаңы окуу жылына карата 45 аталыштагы 1 миллион 650 миң окуу китептери жана көрсөтмө куралдар басылып чыкты. Окуу жылынын алдында жогорку жана орто билим берүүгө байланышкан укуктук-нормативдик документтердин жыйнагы жарык көрдү», - деп маалымдады Анатолий Иванников.
1-сентябрда республикадагы бардык мектеп, жогорку окуу жайларында сабактар башталып, алгачкы сабак кыргыз мамлекеттүүлүгүнө арналат. Анатолий Иванниковдун маалымдашынча, республикада 2029 окуу жайы, 5 балдар үйү, 20 интернат бар. Алардын 93% жаңы окуу жылына даяр. Быйыл мектеп окуучулары формасына өтүү тууралуу кеп болгон жок, деп билдирди А.Иванников. Министр орунбасарынын айтымында, айыл мектептеринде мугалимдер жетишпейт. Быйылкы бүтүрүүчүлөрдөн эки жарым миң жаш адис мектептерге жөнөтүлгөн.
Мектептерди кышка отун-суу менен камсыздоо иши жүрүп жатканын билим жана маданият министринин орунбасары Канат Сманалиев маалым кылды:
- Кышка даярдыкты эмитен эле көрүүдөбүз. Биздин мектептер кышка даяр болот.
Учурдагы орто мектептердин жаңы окуу китептери, окуулуктар менен камсыз болуу проблемасы дагыле оор бойдон калууда. Республиканын билим жана маданият министри Ишенгүл Болжурова проблема аз-аздан чечилип жатат деген пикирде.
- Өзгөчө проблема кыргыз мектептерин окуу китептери менен жабдуу болууда. 1992-жылы кыргыз мектептери жаңы мүнөздөгү, типтеги, өзүбүздүн эгемендүү мамлекетке барабар келген китептер менен 20% гана жабдылган. Буюрса, мына кыргыз мектептерин жаңы окуу китептери менен жабдуу жагы 70% ашты. Алдыга коюлган максат - 2005-жылга чейин мектептерибизди жаңы окуу китептери менен камсыз кылуу. Өзгөчө кыргыз мектептерин, анткени республикадагы мектептердин 80% кыргыз мектептери, анан да мектептердин 84% элет жеринде. Алгач ушул маселени чечип алсак, анан, албетте, кийин окуу китептеринин сапатына көңүл бурулат. Азыр айрым окуу китептеринин сапаты бизди деле канагаттандырбайт. Анткен менен окуу китептери маселеси комплекстүү чечилүүдө.
Орто мектептери үчүн окуу китептерин чыгарууга 1992-жылдан Дания өкмөтү, 1997-жылдан тарта Азия өнүгүү банкы жардамдашууда. Ишенгүл Болжурованын айтымында, кыргыз мектептерин жаңы окуу китептери менен камсыз кылуу маселеси 2005-жылы толук чечилмекчи.