Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:53

ИРАНДА РЕФОРМАЧЫЛ КҮЧТӨРДҮН МЫЙЗАМ ДОЛБООРУ ӨТПӨЙ КАЛДЫ


Айданбек Акмат уулу, Прага Иран парламетиндеги консервативдик маанайдагы депутаттар өлкөдөгү шайлоолорго көбүрөөк эркиндик берүүгө багытталган мыйзамды ушул жумада өткөрбөй коюшту. Муну менен президент Сейд Мохамад Хатами башында турган реформачыл күчтөрдүн коомду демократиялаштыруу аракетине дагы бир сокку урулду. Келээрки жылдын баш чендеринде өтө турган парламенттик шайлоо алдында бул өзгөчө мааниге ээ болууда.

Иран Ислам Республикасынын парламентине шайлоо келээрки жылдын февраль айында өтүүгө тийиш. Ага өлкө боюнча 290 депутат шайланат. Айрым саясат таанучулардын пикиринде, шайлоо алдында Иранда президент Сейд Мохамад Хатами башында турган реформачыл күчтөр менен өлкөнүн башкы жетекчиси аятолла Хаменеи башында турган консервативдик күчтөрдүн ортосунда тымызын күрөш жүрүп жатат.

Хатами башында турган күчтөр өлкөнү реформалоого, демократиялык принциптерди көбүрөөк киргизүүгө аракет жасап жатат. Бирок өтүп бараткан жумада реформачыл күчтөрдүн мына ушундай өтө маанилүү максаттарынын бири ишке ашпай калды.

Президент Хатами баштаган реформчыл күчтөр Иран ислам революциясынын Күзөтчүлөр кеңешинин шайлоодогу ролун чектөөгө алып, талапкерлерге, шайлоочуларга көбүрөөк эркиндик берген жаңы мыйзам долбоорун иштеп чыгып парламентте кабыл алууга сунуштаган эле. Бирок парламенттеги консервативдик күчтөрдүн каршылыгынан мыйзам долбоору өтпөй калды. Бир катар депутаттар макулдашуу аркылуу мыйзам долбоорун кайра алып чыгуу мүмкүн деген оюн билдирүүдө. Ирандагы ислам революциясынын Күзөтчүлөр кеңеши шайлоого аттанган талапкерлерди текшерип, кээ бирөөлөрүн шайлоого катыштырбай коюуга укуктуу.

Талапкерлердин ислам революциясына карата мамилесин дагы текшерүүчү Күзөтчүлөр кеңеши реформачыл күчтөрдүн андан башка эки мыйзам долбоорун да четке какты. Алар Бириккен улуттар уюмунун кыйноолорго жана аялдарды дискриминациялоого каршы конвенциясын жактыруу багытындагы мыйзам долбоорлор болчу.

Адистердин пикиринде, шайлоого эркиндик берүү мыйзамын өткөрбөй коюу менен консервативдик күчтөр февраль айына белгиленген парламенттик шайлоодо жеңишке жетишүүнү көздөп жатышат. Мыйзамды өткөрбөй коюу менен катарлаш ислам революциясынын Күзөтчүлөр кеңеши жер-жерлерде кеңселерди ачып, ал аркылуу талапкерлердин сөздөрүнө, билдирүүлөрүнө байкоо жүргүзүүгө киришүүдө. Реформачыл күчтөр муну мыйзамсыз деп атап жатышат.

Тегерандык журналист Фируз Гоуран келээрки парламенттик шайлоодо консервативдик күчтөр жеңишке жетет деген ойдо:

- Менин оюмча, келээрки парламентте консервативдик күчтөрдүн оңчул бөлүгү көпчүлүктү түзөт. Эгерде шайлоочулар добуш берүүгө келе турган болсо, алар Күзөтчүлөр кеңеши тандап алган талапкерлерге добуш берээрин билүүгө тийиш. Эмки парламент элдин турмушун жакшыртууга багытталган бир-эки мыйзам кабыл алышы мүмкүн. Бирок ал парламентти тоталитардык күчтөр жетектейт.

Андан башка байкоочулар реформачыл күчтөрдүн аз бөлүгү парламентке өтсө эле консервативдүү көз караштагы саясатчылардын кээ бир пландарын турмушка ашырбай коюуга күчү жетет деген пикирде.

Иран Ислам Республикасынын президенти Мохаммад Хатами консервативдик күчтөрдү жакында эле эскертип, жаштардын таламдарын эске албоо келечекте жакшылыкка алып келбесин билдирген. “Жаштарды жана алардын талаптарын четке кагуу, динди жана исламдын баалуулуктарын саясий күрөштө ашыкча пайдалануу коомчулукка болочокто оор кесепеттерди алып келиши ыктымал”, - деген президент Хатами.

Хатами 1997-жылы алгачкы ирет, андан кийин 2001-жылы экинчи жолу Иранда президент болуп шайланган жана шайлоо алдында реформаларды жүргүзүүгө убада кылган. Бирок учурда ал убадаларынын көпчүлүгүн аткара албай калганын мойнуна алууда. Ал эми ирандык айрым эксперттер эл реформаларды турмушка ашырууда бир-эки саясатчыга эмес, өздөрүнө ишенүүгө тийиш деген пикирде.

XS
SM
MD
LG