Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:59

ТАШКЕНTТЕ КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЧЕК АРА МАСЕЛЕСИ ТАЛКУУЛАНДЫ


Кубат Оторбаев, Бишкек шаары 15-августта Кыргызстандын премьер-министри Николай Танаев баштаган делегация Өзбекстандын өкмөт башчысы Уткир Султановдун чакыруусу менен Ташкентте бир күндүк иш сапары менен болуп кайтты. Сапар учурунда эки мамлекеттин ортосундагы чек ара маселелери талкууга алынды жана тараптар «чек аранын чоң бөлүгүн делимитациялоо жөнүндө келишимди жыл аягына чейин даярдап, кол коюу зарыл» деген бир пикирге келишти.

Ташкент жолугушуусунда кыргыз-өзбек чек арасында чечилбей келаткан маселелер талкууга алынды. Кыргызстандын өкмөт башчысы Николай Танаев менен Өзбекстандын өкмөт башчысы Уткир Султанов жетекчилик кылган сүйлөшүүнүн жыйынтыгында чек арадагы талаштуу жерлерди тактоо иштеринин жыл аягына чейинки графиги түзүлдү жана эки мамлекеттин атуулдарынын чек арадан өтүүсүн жеңилдетүүнүн жолдору аныкталды. Кыргыз делегациясынын курамында Ташкентке барып келген Тышкы иштер министринин орун басары Лидия Иманалиеванын айтымында, сүйлөшүүлөрдүн эң негизги жыйынтыгы – тараптар «чек аранын чоң бөлүгүн делимитациялоо жөнүндө келишимди жыл аягына чейин даярдап, кол коюу зарыл» деген бир пикирге келгенинде болду.

- Жыл аягына чейин чек аранын көп бөлүгүн делимитациялоо жөнүндө келишимге же өкмөт аралык макулдашууга кол коелу деген бир жыйынтыкка келдик. Качан гана чек аранын ал бөлүгү мыйзамдашкандан кийин, чек арада пайда болгон маселелерди цивилизациялуу жол менен чечип алууга болот, - дейт Лидия Иманалиева.

Чек аранын чоң бөлүгүн делимитациялоо жөнүндө келишимге декабрь айында кол коюу күтүлүүдө. Бирок, ага чейин Фергана жана Жалалабад шаарларында эки мамлекеттин өкүлдөрү жолугуп, келишимди иштеп чыгышат. Анын долбоору кыргыз-өзбек чек арасы боюнча комиссиянын сынынан өткөндөн кийин гана, жыл аягында ал документке кол коюулмакчы.

Тышкы иштер министринин орунбасары Лидия Иманалиеванын айтымында, 1295 чакырымга созулган кыргыз-өзбек чек арасынын 677 чакырымы гана такталып, делимитацияланган. Чек аранын калган бөлүгүн тактоо иштери тууралуу Лидия Иманалиева мындай пикирде:

- Чек аранын 342 чакырымын тараптар карап чыгышкан жана анын 228 чакырымы бекитилгенге даяр турат. Ал эми 114 чакырым жер боюнча тараптар бир пикирге келише элек жана ал жерлерди дагы бир ирет карап чыгуу иши турат. Кыргыз-өзбек чек арасынын калган 290 чакырымы такыр эле карала элек. Ал жерлер – Баткен облусунун аймагында.

Ташкенттеги жолугушууда чек арадан адамдарды өткөрүүнүн жолдору да талкууга алынды. Өзбекстандын аскерлери чек арадан өткөн сайын Кыргызстан атуулдарынын паспортторуна белги басат. Ушундан улам чек арадан көп өткөн адам паспортун тез-тезден алмаштырып турууга аргасыз болот. 15-августтагы Ташкентте Өзбекстан бийлиги Кыргызстан атуулдарынын паспортторуна чек арадан өткөн сайын белги басуу эрежесин токтотууга сөз берди.

Жолугушуу учурунда Карасуу шаарынын аймагында өзбек чек арачысынын огунан каза тапкан Кыргызстандын атуулу Адылжан Үркүнбаевге байланыштуу окуя да көтөрүлдү. Лидия Иманалиеванын айтымында, ырасмий Ташкент өзбек чек арачысы өзүн коргоо максатында ок атуучу куралды колдонууга аргасыз болгон деп, өз аскерин жактаган позициясынан тайган эмес.

- Биз бул окуяны иликтөө максатында теңата комиссия түзөлү деген жыйынтыкка келдик. Анын курамына эки өлкөнүн чек арачылары эле эмес, бийликтин башка өкүлдөрү да кирет. Азыр ал окуя боюнча тергөө иши жүрүп жатат, бирок ага көп тараптуу комиссия да кошулат, - деген пикирин айтты тышкы иштер министринин орунбасары.

Ташкент жолугушуусунда кыргыз-өзбек чек арасындагы эки мамлекеттин атуулдары көп каттаган жерлерге өткөрмө бекеттерди коюу боюнча маселе да талкууга алынды. Үстүбүздөгү жылдын 9-июлунда Ташкентте өткөн кыргыз-өзбек чек ара комиссиясынын отурумунда андай бекеттерден 13 коюу боюнча сөз бекиген. Бул ирет Өзбекстан тарап дагы бир бекетти, Кыргызстан болсо Адылжан Үркүнбаев каза болгон Карасуу шаарына дагы бир өткөрмө бекет коюуну сунуштады. Лидия Иманалиеванын сөзүнө караганда, жакын арада эки өлкө чек арасына 15 өткөрмө бекет коюу жөнүндө келишимге кол коюлат.

Кыргызстандык делегация Өзбекстан бийлигине чек арага коюлган миналардын жанына эскертүүчү белгилерди койгула деген талап койгон. Буга чейин маалымдалгандай, Өзбекстан койгон миналардан кыргызстандык 2 адам каза таап, бир канча адам жаракат алган.

Ташкент жолугушуусу учурунда каралбай калган суу-энергетика, талаштуу кен байлыктар, транзит сыяктуу маселелер премьер-министр Николай Танаевдин Өзбекстанга келечекте жасай турган ырасмий сапары маалында талкууга алынмакчы.

XS
SM
MD
LG