Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:49

ЧЫНДЫК ЧЫРКЫРАП ЖҮРҮП АЧЫККА ЧЫГАТ


Санарбек Карымшаков, Бишкек Кыргыз Эл жазуучусу Мар Байжиев Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына карата адабий изилдөөчүлүк ишке киришип, «Манас» тууралуу, эпосту изилдөөчүлөрдүн башында турган манастаанучулар тууралуу эмгек жазып чыгарды.

- Мар ага, жакында сиздин «Чындык үчүн күрөш” (“Битва за истину») деген адабий изилдөө макалаларыңыздын топтому орус тилинде 12,5 басма табак көлөмүндө жарык көрдү. Китептин аты эле айтып тургандай, анда чындык үчүн чыркырап жазган макалаларыңыз «Манас» эпосунун Октябрь төңкөрүлүшүнөн кийинки тагдыры жана кыргыз адабиятчыларынын алгачкы муунуна кирген атаңыз Ташым Байжиев менен Зияш Бектеновдун ишмердиги тууралуу экен. «Миң уккандан бир көргөн артык» дейт эмеспи. Ошолор тууралуу өз оозуңуздан уксак. Башкасын коюп «Манас» айт, дегендей, кеп оролун «Манас» эпосун изилдеген эмгегиңизден баштасак. Анткени, Сиз эпосту кыргыз, орус, англис тилдеринде мазмундуу кириш сөз, түшүнүктөр менен жабдып чыгарбадыңызбы?

- Бул китебиме жаш кезимде жазган адабий изилдөө багытындагы
эмгектеримди топтоп чыгардым. «Эр Төштүк» жөнүндө, кыргыздын ыр түзүлүшү, айрыкча эпостун ыр түзүлүшү, ыргактары, мелодиясы жөнүндө. Кийинки жылдары «Манас» жөнүндө иштөөгө туура келди. Эпосту бала кезимден эле сүйүп окучу элем. Анын үстүнө согушка чейин биздин үйдө чоң манасчы Шапак Ырысмендеев жашап, мага «Манас» айтканды үйрөткөн. Ошол жылдары үйүбүзгө Ясыр Шиваза, Мукай, Жусуп абамдар келип: - Кана «Манастан» айтчы дегенде күпүлдөп айтып кирчүмүн:
Манас, Манас деп койсо,
Барбая түшөт экенсиң.
Үйлөп койгон чаначтай,
Дардая түшөт экенсиң –
деп.

Жазуучу эпосту изилдөөгө киришип калган себебин, буга чейин эпостун үстүнкү гана катмарлары, варианттарындагы, окшоштуктар менен гана айырмачылыктар, каармандары сыпатталып, анын тереңиндеги философиялык мааниси, көркөм концепциясы ачылбай, курулай жалаалардын курмандыгы болуп, коммунисттердин көз караштарына ылайыкталып, оңдолуп, бурмаланып келгендигинин чүмбөтүн ачуу деп түшүндүрдү.

- Фондуда басмага чыкпай калган көп нерселер бар экен. Аларды
цензурадан чыгарбай келишти да. Мисалы, Сагымбайдын Меккеге баргандагы маселесин. Эмне үчүн барды эле? Аны кара сөз менен гана жазып койгон экен Ыбырай Абдыракманов. Ыр менен жазылбаптыр.


Мар Байжиев «Атам жөнүндө сөз» китебинин жазылышын мындайча баяндады:

- 1956-жылы өткөн партиянын ХХ съезди көп нерсеге көзүбүздү ачса деле абал мурдагыдай кала берген. Анткени, эч күнөөсү жокторду кезинде түрмөгө каматып, кендирин кескендер эми айыбыбыз ачылып калат деп коркушкан.

Кийин гана архивдерге кирүүгө жол ачылганда чыркыраган чындык ачыкка чыкты деген оюн мындайча тастыктады:

- Анткени, ал кезди, силер билбей калдыңар. Силерге окутпай койду. ХХ съездден кийин деле Сталиндик саясат менен каматуу, коркутуп-үркүтүү улана берген. Система ошондой экен да. Мурдагы бийликтегилер деле орундарында калып келген. 5-6 эле жыл өттү да арадан. Алар мурдагы былыктарыбыз билинип калбасын деп жашырып салышты да, мурдакы жасаган иштерин. Маселен, Тыныстанов акталды деген кагазды катып коюшуптур. Ал тууралуу Шверниктин катын мен кийин жарыяладым го. Ошол эле Арабаевдин акталган кагазын да жашырышып, алар күнөөлүү болушкандыктан иштен алынышып, камалган деген жалаалары кала берген. Ошондуктан кийинки жаштар элибиздин адабияты, маданиятынын нукура тарыхын билбей калчудай. Ошол чындыкты айтуу биздин үлүшүбүзгө тийди. Муну айтуу менден улуурактардын да колунан келбей койду. Алар жаза баштаса эле баса калып, уйпалап жатышты. Маселен, Шаршенбек Үмөталиевден өзүң деле окуп калдың. Касым Тыныстановду изилдеп баштады эле, акыры ошондон жеген соккусунан оңолбой жүрүп, о дүйнө салды. Анан, мен ойлодум, атамдын башынан өткөн окуялар жалпы эле элибиз башынан өткөргөн бир алаамат болду да. Айрыкча, адабият, маданият, тарых илимине чоң зыян келди. Ошондуктан мен, оңдой берди болуп, комиссияга мүчө болуп калдым. Анан архивди каздым аябай, партархивден, КГБнын архивинен көп материалдарга кезиктим.

-
Ошол архивдерге мурда киргизбей атайын катып коюшчу да.

- О кокуй күн! Кайдан киргизсин. КГБнын эмес, берки эле партархивдерге киргизбей атышты да. Кийин А.Масалиев 1-секретарь болуп калганда маселени козгоп, ошол Арабаев, Молдо Кылыч, Тыныстанов жөнүндөгү материалдарды көрөлү деп, комиссия түзүп кириштик. Ошондо көп нерселер белгилүү болду. Ким тоскоол кылып атканы, эмне деп жазып атканы, ошолордон азыр деле аман-эсен жүргөндөрү бар. Аман болушсун. Алар деле ошол мезгилдин курмандыктары болду. Азыр да ошолор Арабаев, Тыныстановго арналган чогулуштарда президиумга отуруп калышат.
XS
SM
MD
LG