Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:12

КУЛОВДУ ЖОГОРКУ CОТ АКТАГАН ЖОК. АЛАТОО АЯНТЫНАН ЛЕНИНДИН ЭСТЕЛИГИ АЛЫНДЫ. КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЧЕКАРА МАСЕЛЕСИ ТАЛКУУЛАНДЫ


Бул аптада саясий-коомдук турмушта кандай урунттуу окуялар болду? Феликс Куловду 10 жылга эркинен ажыраткан райондук сот өкүмүн Жогорку сот да күчүндө калтырды. Лениндин эстелиги башкалаанын борбордук аянтынан алынды. Кыргыз-өзбек өкмөт жетекчилери Ташкентте жолугушту.

Апта ичинде болуп өткөн окуялардын арасынан «Арнамыс» партиясынын башчысы Феликс Куловго карата сот чечими коомчулуктун көңүлүн өзгөчө бурду. Жогорку сот адвокат Любовь Иванованын датынын негизинде Куловдун ишин 15-авустта карап, Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун аны 10 жылга кескен өкүмүн күчүндө калтырды. Бул жаза мөөнөт ичип-жеди, кызматынан кыянаттык менен пайдаланды деген айып боюнча берилген. Ага ылайык Кулов «Жаңыжер» колониясында отурат. Анын тарапкерлери мындай чечимди саясий заказ катары баалашып, азыркы бийликтин тушунда башкача чечим чыгышы мүмкүн эмес деген пикирде. Ф.Куловдун адвокаты болсо акыркы үмүтү Конституциялык сотто калганын айтат:

- Эгер Куловдун иши Конституциялык сотто акыйкат каралып калса, өлкөдө акыйкат кароодон үмүт кылчу жалгыз шанс пайда болот. Канткен менен, Конституциялык соттон үмүт бар.

Пролетариат жолбашысы Владимир Ильич Лениндин эстелиги ишембиде кечинде Алатоо аянтынан алынды. Мындай буйрукту премьер-министр апта башында чыгарган болчу. Бирок, бийликтин мындай кадамын коммунисттер жактырбай кабыл алышты. Апсамат Масалиев баштаган компартия атайын билдирүү менен чыкты. Клара Ажибекова баштаган коммунисттер партиясы өкмөттү мыйзамды бузду деп 14-августта сотко берди. Ажибекова эстеликти алуу процессине коммунисттик туу кармаган өз тарапкерлери менен бирге байкоо жүргүзүп турду, ал мындай кадам үчүн ириде президентти айыптады:

- Азыр Ленинди түшүрөт. Лениндин артынан Акаев түшүп кетет. Анткени, Ленин деген оңой адам эмес. Жогорку Кеңештин эстелик ушул Алатоо аянтында мамлекеттин кайтаруусунда турсун деген мыйзамы турат. Ошол мыйзамды бузуп, каалагандай кылып тетиги жакка (түндүгүрөөк жактагы аянтка) койгону жатат.

Ал эми АКШнын тышкы саясаты боюнча дипломдук иш жазып жүргөн америкалык студент Райн Подольскинин пикиринче, эстеликтин алынып жатышы коммунисттик системанын биротоло тарыхка кеткенин кабарлайт:

- Лениндин эстелигин алуу Кыргызстандын өзүнүн тарыхын жазуу убактысы башталды дегенди билдирет.

Премьер-министр Николай Танаев баштаган делегация 16-августта Өзбекстан өкмөтү менен жолугушуп кайтты. Анда негизинен чекарага байланышкан талаштуу маселелер талкууланды. Тышкы иштер министринин орунбасары Лидия Иманалиеванын билдиришинче, бул жолу тараптар чекаранын делимитацияланган аймактары тууралуу макулдашуу кабыл алуу боюнча бир пикирге келишти. Тараптар 16-июлда чекарада Кыргызстандык атуул атып өлтүрүлгөндөн бери беттешип, сүйлөшө элек болчу.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму каржылап жаткан ички иштер органдарын реформалоо программасынын Венадан жана Бишкектен дайындалган өкүлдөрү бул апта ичинде программанын ишке ашырылыш механизмдери тууралуу маалымат каражаттарынын, бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү менен пикир алмашты. Бул жолугушууларда айрым укук коргоочу бейөкмөт уюмдар чыр-чатактарды басууга байланыштуу ички иштер органдарын чыңдоо долбооруна каршы экенин дагы бир жолу билдиришти. Алар көптөн бери ЕККУ долбоордун чегинде Кыргызстанга калайык чыгууларын тынчытуу үчүн курал берет, бул - адам укуктарына шек келтирет деп айтып келатышат. ЕККУнун программаны ишке ашырып жаткан тартип коргоо органдарынын стратегиялык маселелер боюнча катчылыгынын кызматкери Барри Майерс бул пикирди натуура деп эсептейт:

- ЕККУ Кыргызстанга желим ок да, автомат да алып келбейт.

АКШнын борбордук командачылыгынын жаңы командачысы Жон Абизайиддин Бишкекке апта башындагы сапары бир катар жоромолдор менен коштолду. Антитеррордук коалиция күчтөрүнүн Кыргызстандагы мөөнөтү "дагы үч жылга расмий узарды" деген маалыматты Ганси авиабазасынын коомчулук менен иштөө кызматы жокко чыгарды. Кыргызстандагы тиешелүү мамлекеттик кызматчылар аталган маалыматка маани беришкен жок. Абизайид өзү болсо бир күн ичинде Акаев менен Чолпонатадан телефон менен сүйлөшүп, коргоо министринин штаб башчысы жана коопсуздук кеңешинин катчысы менен чакан чөйрөдө жолугушуп, Ганси базасында болуп, анан мекенине кайра кайтты.

Юридикалык академия түзүү тууралуу эки жылдан бери эл оозунда айтылып жүргөн кеп ушул аптада чындыкка айланды. Президент юридикалык академия түзүү тууралуу жардыкка кол койду.

Белгилүү жазуучу Чынгыз Айтматов Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына карата Бишкекте чыгармачыл кече өткөрдү.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG