Азырынча жаңы басма үйү ишке кирише элек. Быйыл жай айында ишке кирет деп аткан басма үйү ноябрдын башында ачылышы мүмкүн экендиги кабарланууда. Маалымдоо каражаттарын колдоо коомдук фондунун жетекчиси Рамис Зиянгараевдин айтымында, жаңы басма үйүн оңдоп-сырдоого тендер өткөрүлөт:
- Биз Бишкектин Горький көчөсүндөгү бир үйдүн жарымын басмаканага деп сатып алдык. Азыр аны оңдоп-сырдоого тендер жарыялап жатабыз. Буга эки ай убакыт кетет. Андан соң басмакананы болжол менен 1-ноябрга карата ишке киргизсекпи деп турабыз. Ташылып келинген жабдуулар контейнерлерде турат. Имарат оңдолсо эле аларды монтаждоо иштерин баштайбыз. Жабдуулар Швециядан келди.
«Журналист» коомдук бирикмесинин башчысы Кубан Мамбеталиев жаңы басма үйү эки жерде - Ош менен Бишкек шаарларында ачылса дурус болот эле деген пикирде:
- Чакан басмакананы Ошко орнотсоңор жакшы болот эле. Ал жердеги мамлекеттик жана өкмөттүк эмес гезиттер ошол жерден басылып турмак. Анын үстүнө Анжиян жакын эмеспи, болгону 60 чакырым. Анжияндын гезиттерин басмаксыңар. Алар ушул күнгө чейин эски ыкмада чыгып келатышат. Ошондо басмакана Фергана өрөөнүнүн пайдасына иштемек. Борбор Азиянын пайдасына иштемек, десем: «жок, Бишкекте эле чыгарабыз», - деп болбой коюшпадыбы. Ушул Бишкектен эле тигилердин заказын алабыз дешет. Алар Бишкекке келбейт. Анжияндан Бишкекке келмек беле!
Рамис Зиянгараевдин айтымында, жаңы басма үйү гезит-журналдарды өкмөттүк же өзүмдүк деп бөлбөйт.
- Биз бардыгы менен иштешүүгө даярбыз. Эгер мамлекеттик гезиттер бизден чыккысы келсе ага эч ким каршылык көрсөтпөйт. Ал эми мамлекеттик басмаканалар менен мамилебиз кандай болоoрун азыр болжош кыйын. Кантсе да, ортодо чыгармачылык атаандаштык болот. Анын үстүнө алар кош түс гезиттерди, биз көп түстүү гезиттерди чыгарабыз.
Жаңы басма Интернет аркылуу гезит текстин кабыл алып, макетти өзү түзүп чыгаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Бул гезит макетин алыстан ташып убара тартуу түйшүгүнөн редакция кызматкерлерин куткарат. Кубан Мамбеталиевдин пикиринде гезиттерди Бишкектен жер-жерлерге ташып жеткирүү, кошуна өлкөлөрдөн гезит басууга заказ алуу кыйын.
- Анын баары транспортко байланыштуу. Бул жерде бастырып, анан жүктөп кетиш керек. Менимче, мынча чыгымды Ош, Жалалабад, Баткендин гезиттери көтөрө албайт го.
«Фриидом хаус» эларалык уюмунун аткаруучу директору Женифер Уинздор айым быйыл жай саратанда Кыргызстанга келген чагында көрсөтүлүп жаткан жардамдын маани-жайын мындайча чечмелеген:
- Биздин негизги максат – республикада адам укугунун сакталышы боюнча абалды жакшыртуу жаатында сиздерге көмөк көрсөтүү. Бул жерде сиздер менен көзмө-көз жүздөшүп аңгеме курганыбыз жакшы. Андан да маанилүү милдет - сиздер жасачу иштер, адам укугу жаатындагы абалды жакшыртуу. Биз колдон келишинче көмөк көрсөтөбүз.
Жаңы басма үйү Кыргызстанда сөз эркиндигинин бекем таканчык алышына көмөк көрсөтүү максатында уюштурулууда. Басма ишиндеги мыкты технологиялык жабдуулар Кыргызстандын маалымдоо каражаттарынын техникалык сапатын жогорулатып, аларды заманбап түргө алып келеринде шек жок. Анын үстүнө жаңы басма офсеттик басуу ыкмасы боюнча борбордо үстөмдүк абалды ээлеп турган «Учкун» мамлекеттик концернине атаандаш чыгат. Андайда мамлекеттик басмакананын кайсы бир саясий себепти шылтоо кылып эркин гезитти баспай коюусу аркылуу миңдеген окурмандардын маалымат алуу укугун тебелеп-тепсөөгө көрүнүшүнө чек коюлаар эле.