Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:11

ИРАКТА КОАЛИЦИЯЛЫК КҮЧТӨРГӨ КОЛ САЛУУ ЭКОНОМИКАЛЫК ДИВЕРСИЯЛАР МЕНЕН КОШТОЛО БАШТАДЫ


Айданбек Акмат уулу, Прага Иракта абал кооптуу бойдон калууда. Жекшемби күнү Багдадда суу түтүгү, андан кийин дагы бир мунай кууру жардырылды. Ал эми америкалык аскерлер Багдадда “Рейтер” маалымат агенттигинин кабарчысы Мазен Данды атып өлтүрүштү.

АКШнын Ирактагы администрациясынын башчысы Пол Бремер Түркиянын Жейхан портуна баруучу мунай куурун жардырууну “саботаж” деп атап, сөзүн бүтүп-бүтпөй турганда эле, Түркияга бара турган дагы бир мунай кууру жардырылганы айкын болду. Биринчи жардырылган мунай куурунун ишке киргенине эки-үч күн эле болгон. Ал аркылуу мунай экспорттоодон Ирак күн сайын 7 млн доллар киреше алмак. Бул тууралуу Пол Бремер мындай деген:

- Бүгүнкү күндө Ирак жакыр болуп калды. Буга акыркы кырк жыл ичиндеги экономиканы өтө начар башкаруу себеп болду. Андан сырткары ушул тапта Ирак эли саясий саботажга байланыштуу оор жоготууга учурап жатат. Киркук мунай куурун жардыруудан эле Ирак күн сайын 7 млн доллар жоготууга учуроодо.

Жекшемби күнү Багдадда саботаждын жаңы түрү жасалды. Бул күнү борбордун түндүгүндө суу түтүгү жардырылды. Анын айынан 300 миңдей багдаддык суусуз калды. Бийлик өкүлдөрү калкты суу менен камсыздоо бир күн ичинде калыбына келтирилет деп ишендирүүдө.

Андан сырткары Иракта ишемби күнү Багдаддын жака белиндеги Абу Грайб түрмөсүн белгисиз бирөөлөр миномет менен аткылаганда 6 ирактык каза таап, 59 у жарадар болгон. Түрмөгө ким, кандай максатта кол салганы белгисиз экендигин расмий бийлик өкүлдөрү билдирүүдө. Ирактын өкмөттүк кеңешинин мүчөсү Самир Шакир Махмуд Сумейди «абакка кол салуунун сыры түшүнүксүз экенин билдирди. Бирок мунун бир гана себеби болушу мүмкүн, ал - чабуулчулардын стратегиясынын жоктугунан, алар кандай болбосун Иракты баш аламандыкка салуу аракетин жасап жатышат», - дейт Ирактын өкмөттүк кеңешинин мүчөсү.

Дал ушул абактын айланасында окуяларды тасмага тартып жаткан жеринде Рейтер агенттигинин оператору, палестин тегиндеги Мазен Дан америкалык аскерлер тарабынан жекшемби күнү атылып өлтүрүлдү. АКШлык аскерлер Мазен Дандын колундагы камераны гранатамёт деп ойлоп, журналистти адашып атып алышкан.

Жекшемби күнү Ирактагы Дания аскерлери да биринчи жоготууга учурады. Басра шаарындагы кайгуулга кол салуудан Даниянын бир жоокери окко учканы маалым болду. Копенгаген Иракка 420 аскер жиберген жана алар АКШ баш болгон коалициялык күчтөр менен өлкөдө коопсуздукту камсыз кылуу ишине катышууда.

Иракта коалциялык күчтөргө кол салуулар жана экономикалык диверсиялар күчөп бараткан чакта, Катарда жайгашкан «ал-Жазира» телеканалы аркылуу аскерий кийимдеги, бети башын жаап алган куралчан беш адам видео кайрылуу менен чыгып, америкалык аскерлерге кол салууну алардын уюму жасап жаткандыгын билдирген. Алар өздөрүн «Ирактын ислам улуттук каршылык көрсөтүү кыймылынын» мүчөлөрү деп аташып, АКШ аскерлерине каршы күрөштү күчөтүшөөрүн билдиришкен.

XS
SM
MD
LG