Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:20

Кытайдын шахтасында жарыллуудан өлгөндөрдүн саны 25-ке жетти.


Кытайдын түндүгүндөгү Шаңси провинциясындагы көмүр шахтасында 18-август күнү болгон жарылуудан өлгөндөрдүн саны 25 адамга жетти. Өкмөттүн "Синхуа" маалымат агенттигинин кабарына караганда, 10 адам тирүү калган жана эки шахтердун дайны азырынча белгисиз. Шахтадагы электр жарыгы жарым саатка өчүп калганда, вентилятор иштебей калган жана бул аралыкта жер алдында чогулган газ жарылып кеткен. Бул провинциянын шахталарында үстүбүздөгү жылы дагы эки жарылуу болуп, 65 адам мурда курман болгон.

XS
SM
MD
LG