Эл аралык мунапыс уюмунун Швейцариядагы кеңсесинин активдүү мүчөлөрү түшкөн көгүш автобус өткөн айда Берн шаарынан сапар алган. Адам укуктарын коргоо жаатында көптөгөн петициялар чапталып, китепчелер, сүрөттөр менен жабдылган автобустун төрт жүргүнчүсү бар. Алар - Эл аралык мунапыс уюмунун бул өзгөчө долбоорунун өкүлү Герхард Вузер-Тхат, анын жубайы Аднез жана дагы эки укук коргоочу. Алар Бернден чыгып, Лихтенштейн, Австрия, Словения, Венгрия, Словакия жана Чехияны аралап өтүп, жүз күндүн ичинде Москвага жетүү максатын алдыга коюшкан. Жолдо баратканда жөн эле саякаттабастан, адам укуктарын бузуулардын ар кандай формаларына калктын көңүлүн буруп, маалымат таратуу жана барган өлкөлөрдөгү адам укуктарынын абалы тууралуу маалымат топтоо - башкы милдет. Айрыкча, Орусиядагы адам укуктарынын абалы боюнча так маалыматтарды жыйноо жана ага эл аралык коомчулуктун көңүлүн бурдуруу башкы максат болуп турат. Анткени уюмдун ал өлкөдөгү байкоочулары адам укуктарын одоно бузуулар Орусияда абдан күч алып бараткандыгы тууралуу көптөгөн билдирүүлөрдү таратып, аларга бөгөт коюу чараларын көрүүгө чакырышкан. Ал тууралуу долбоордун уюштуруучусу Кристе Долд мындай дейт:
- Эл аралык мунапыс уюму Орусиядагы адам укуктарынын бузулушуна коомчулуктун көңүлүн буруу иш-чарасын былтыр ноябрь айында баштаган. Бул чара ошону улантуу максаты менен уюмдун Швейцариядагы кеңсеси уюштурган жүрүш. Андан тышкары биз автобус менен жүрүштү уюмдун Чыгыш Европадагы структуралары менен бөлүмдөрүнүн ишин жакшыртуу тилеги менен тандап алдык. Анткени уюмдун аталган аймактагы бөлүмдөрү бутуна тура элек, каражаты жетишсиз жана адам ресурстары дагы ченелүү. Ошон үчүн биз Чыгыш Европа аркылуу Орусияга барып, адам укуктарын бузууларга каршы күрөштү жайылтуу, анын ичинде Орусиядагы адам укуктарынын абалы тууралуу кеңири маалымат алууну тилек кылуудабыз
Кристи Долддун айтымында, Орусиядагы адам укуктарынын бузулушуна Эл аралык мунапыс уюмунун өтө кылдат байкоо салып жаткандыгынын жөнү бар. Ал Чеченстандагы согуш жана андан жапа чеккен адамдардын укугу. Ал тууралуу Кристе Долд:
- Бул иштин эң маанилүү бир тармагы Чеченстандагы согуш. Чеченстанда күн сайын адамдар жоголуп кетишет. Алар Орусиянын бийлиги тарабынан көчөдө бараткан жеринен эле камакка алынат. Андан кийин алардын дайын-дареги тууралуу туугандары менен жакындарына эч кандай маалымат берилбейт. Айрымдары бир айдан кийин өтө катуу жаза алгандыгы дайын болот. Кээде алардын жакындары камакка алынган адам эмне күнөө кылып, эмне үчүн соттолгондугун билбей да калышат, - дейт.
Эл аралык мунапыс уюму бул иш-чара учурунда Чеченстандан башка эч кандай жаңжал болбой турган аймактардагы адамдардын укуктарын бузуу фактыларына да көңүл бөлөт. Орусия БУУнун кыйноолорго каршы күрөшүү жөнүндөгү конвенциясына кол койгон менен анын милициясынын адамдарга өтө орой мамиле кылгандыгы жашыруун эмес. Эл аралык мунапыс уюмунда кандайдыр бир күнөө кылды деген шек менен камакка алынган адамдардын сотко чейинки убактылуу абактарда кыйноого алынгандыгын тастыктаган көп фактылар бар. Маселен, Орусияда кыйноонун уруп-сабоо, электр тогу менен коркутуу, зордуктоо жана противогазды кийгизүү сыяктуу ыкмалары кеңири жайылган.
Мындан тышкары, укук коргоочулар аз сандагы калк өкүлдөрүн кысымга алуу фактыларына өзгөчө көңүл салат:
- Биздин автобус менен жүрүшүбүздөгү дагы бир негизги жагдай - Орусия Федерациясынын аймагындагы улуттук азчылыктардын укугунун корголушу тууралуу кеңири маалымат алуу. Алар дискриминацияга туш келген жагдайлар болгон. Аз сандагы улуттардын бири – месхет түрктөрүнүн укугунун бузулуп жаткандыгын да биз козгойбуз, - дейт Кристе Долд.
Анткен менен Эл аралык мунапыс уюмунун өкүлдөрү саякаттын учурунда ар кандай кырдаал түзүлүшү мүмкүн деп, түпөйүл болбой коюшкан жери жок. Айрыкча, Орусияга баратканда автобус Украина, Молдова, Беларусту аралап өтөт. Укук коргоочулар жолдо автобус кайра кайтарылбашы үчүн бардык мамлекеттердин визаларын алып, керектүү документтерди камдашкан. Ал тууралуу автобустун айдоочусу Герхард Вузер-Тхат мындай дейт:
- Бизде бардык мамлекеттерге кирүүгө укук берүүчү виза бар. Анан да биз жөнөкөй турист эмес, кандай максат менен жүрүшкө чыкканыбыз тууралуу алдын-ала маалыматтарды бергенбиз. Бирок, виза мамлекетке кирүүнүн бир гана бөлүгү эмеспи, ал биз жасай турган иштин баарына кепилдик бербейт. Алар бизди өз өлкөлөрүнө киргизүүдөн баш тартышы да мүмкүн. Ошон үчүн чоң тобокелге салып жатабыз. Албетте, баары жакшы болоруна үмүттөнүп, чек араларда эч тоскоолдуксуз өтөбүз деп жатабыз.
Өзгөчө жүрүшкө чыккандар 2 миң адамдын колун чогултуп, плакаттарга жазып да алышкан. Анда адам укугун коргоо үчүн күрөшүү, ага бардык мамлекеттердин бийликтерин ынандырып, кепил болууга мажбурлоо – азыркы учурдун эң зарыл багыты экендиги баса белгиленип, бардык адамдарга карата аны колдоо чакырыгы жазылган.