Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:08

СЕРЖИО ВИЕЙРА ДЕ МЕЛЛО 30 ЖЫЛДАН АШЫК УБАКЫТ БОЮ АЛААМАТТУУ АЙМАКТАРДА КЫЗМАТ КЫЛГАН


Айданбек Акмат уулу, Прага 19-августта Багдаддагы террордук чабуулдан набыт болгон Бириккен улуттар уюмунун Ирактагы элчиси Сержио Виейра де Мелло согуштардан жана башка кризистерден жабыркаган өлкөлөрдөгү адамдардын турмушун жакшыртууга 30 жылдан ашык өмүрүн жумшаган. БУУнун баш катчысы Кофи Аннан каерде күйгөн жер болсо, дал ошол жерге Виейра де Меллону жиберчү.

Сержио Виейра де Меллонун курман болушу дүйнөлүк дипломатиялык чөйрөнү катуу капсалаңга салды. БУУнун баш катчысынын Ирактагы өкүлү кызматын жакындан бери аткара баштаган 55 жаштагы бразилиялык дипломат Бириккен улуттар уюмунун баш катчысы Кофи Аннандын мураскери катары да каралып келаткан. Виейра де Меллонун өлүмү тууралуу Аннан мындай деди:

- Бириккен улуттар уюму эң бир чыгаан кызматкеринен ажырады. Сержио Виейра де Мелло чындыгында эле эң мыктыбыз, эң асылыбыз болчу. Аны менен кошо көптөгөн адамдар каза таап, жарадар болушту.

Дипломатиялык чөйрөдө чоң урматка ээ татыган Виейра де Мелло 30 жылдан ашык убакыт бою Бириккен улуттар уюмунун кризистик аймактардагы иш-чараларын жүзөгө ашырууга салым кошуп келген. Ал 21 жашында БУУнун качкындардын иштери боюнча Жогорку комиссарлыгы менен кызматташа баштаган. 1970-80-жылдары ал Бангладеш, Кипр, Судан, Мозамбик, Перу, Ливан, Камбоджа, Босния, Руанда жана Конгодо качкындар менен иштеген.

Бириккен улуттар уюмунун басма сөз катчысы Салим Лоненин айтымында:

- Сержио Виейра де Мелло каерде кризис болсо, ошол жерге жөнөтүлчү. Косоводо кризис болгондо де Мелло биринчи жиберилген. Чыгыш Тиморго да ал аттанган. Мына, Иракта кризис башталганда да де Мелло жөнөтүлдү. Анткени ал жасаган ишти дүйнөдө башка эч ким дал ошондой кылып жасай алмак эмec.

Аннандын айтымында, Виейра де Мелло жабыркаган адамдарга жардам берүүгө абдан берилген инсан болгон. Ал эми жабыркагандарга жардам берүү БУУнун да башкы милдеттеринин бири эмеспи. Кофи Аннан:

"Сержио Виейра де Мелло чындыгында дүйнөнүн бардык булуң-бурчунда кызмат кылып, эл аралык коомчулук үчүн эбегейсиз эмгек өтөдү", - деп белгилей кетти.

БУУнун баш катчысы де Меллону 1999-жылы улуттар аралык согуштан жабыркаган Косового элчи кылып дайындаган. Косоводо БУУнун кызматын уюштуруп, ишин жолго салгандан кийин, ал атуулдук согуш тутанган Чыгыш Тиморго жөнөтүлгөн. Ал жерде согуш токтоп, тынчтык орногондон кийин де Мелло БУУнун адам укуктары боюнча жогорку коммиссары кызматын аркалай баштаган. Бул кызматта иштеп турганда Эл аралык кылмыш сотун түзүүнү колдоп, Югославия, Руандадагыдай иштерге жол бербеш үчүн андай сот керектигин белгилеген.

Виейра де Мелло май айына чейин бул кызматты аркалап, андан кийин Ирак маселесине киришкен. Ал баш катчы тарабынан Бириккен улуттар уюмунун Ирактагы элчиси болуп дайындалган. Виейра де Мелло Иракта өз миссиясынын коопсуздугун камсыздоодо БУУнун көз карандысыз жана нейтралдуу позициясы жетишсиз болорун да билдирген:

- Биринчи маселе - коопсуздук, өзгөчө өлкө борбору -Багдадда. Өлкөнүн башкаруу институттары кыйраган шартта тартипти камсыздоо кыйын экендигин түшүнөм. Мындай кырдаалда ар кандай окуялар болушу ыктымал. Бирок коопсуздукту камсыз кылуу - башкы маселе, ансыз жаңы нерсе курууга болбойт.

Анда ал өз өмүрүнө да коркунуч бар экенин белгилеген. Виейра де Меллонун өлүмү мекени Бразилияны да терең кайгыга салды. Өзүлөрүнүн чыгаан уулунун өлүмүнө байланыштуу бразилиялыктар үч күн бою аза күтмөй болду.

XS
SM
MD
LG