23-августта Аксыда өтчү элдик курултайга бийликке нааразы элүүдөн ашпаган адам чогулуп, жол боюнда жыйын өткөрүп, андан соң дасторкон үстүндө кепти улайт, - деп божомол курат бейшембидеги «Слово Кыргызстана» гезитинде А.Эстебесов деген автор. Басылманын жаңы санында Орусияда өтүүчү Кыргызстандын маданий күндөрү тууралуу республиканын билим жана маданият министринин орунбасары Султан Раевдин баяндамасына орун берилген. С.Раевдин айтымында, кыргыз маданиятынын Орусиядагы күндөрүнө ырчы-чоорчулар, сүрөтчүлөр, көркөм сөз чеберлери, журналисттер катышат.
Америкалык «Нешнл Интерест» журналына жарыяланган саясат таануучу Ричард Слотердин «Кедей Кыргызстан» аттуу макаласына жооп кылып «Слово Кыргызстана» гезити «Фактылар башканы көрсөтүп турат» деген жообун жарыялады. Ричард Слотердин күнкорсуз мамлекеттер европалык индустрияга талпынганы менен алардын азыркы абалы колониялык Африканын деңгээлинен өйдө көтөрүлө албай, Кыргызстан жалаң чет элдик капиталга күнү түшүп отуруп калды, деген пикирине жооп кылып экономика боюнча адис Азамат Дикамбаев четтен карыз албаган бир да өлкө жок экенин белгилейт. Дикамбаевдин жазганына ынансак, Кыргызстан ушу тапта карыз оорчулугун жеңилдетүү аракетин көрүүдө, айрым карыздарын төлөп берүүнү кийинки жылдарга жылдыруу камында.
«Вечерний Бишкек» гезитинин бейшембидеги санында 25-августтан баштап Ысыккөл облус бийлиги кыргыз мамлекеттигинин 2200 жылдыгына карата атчабыш уюштуруп атканы, ага Борбор Азиянын менмин деген саяпкер, чабендестери чакырылганы маалымдалат. Бир жума бою көл бойлоп чоң жарыш өтөт. 320 чакырым аралыкта алдыга озуп келген күлүк ээси жаңы «Волга» автомашинасына ээ болот. Айтса, оголе узак жарыш «Манас» эпосунун миң жылдыгында Анкарада башталмай болуп, бирок аттар аражол Ашкабаттан кое берилген. Мунусу деле оңой жол эмес.
Электрэнергия акысын төлөө кыргызстандыктар үчүн жылдан-жылга кыйын ишке айланып барат. Өкмөт жыл кур эмес электрэнергия тарифтерин көтөрөт. Анын натыйжасында калктын көпчүлүгү электр акысын төлөй албай, карызы 3 миллиард сомдон ашты. Техникалык жоготуулар, уурдоолор электр акысын убагында төлөгөндөрдүн эсебинен жабылат. Энергетика тармагындагы көйгөйлөр Кубанычбек Сейдалиевдин «Кыргызды шаманизм дооруна кимдер буруп жатат?» макаласында козголот. Макала гезиттин жума күнкү чыгуучу санында жарыяланмакчы. Журналист Кенжебек Арыкбаевдин саясий партиялардын парламенттик шайлоого даярдыгы тууралуу ой жүгүртүүсү да гезиттин жаңы санында жарык көрөт.
Саясий партиялардын позициясы, бийлик менен оппозициянын мамилеси депутат Адахам Мадумаровдун «Агым» гезитинин жума күнкү санында жарыяланып аткан маегинде козголот. А.Мадумаровдун ырасташынча, непадам парламенттик шайлоо башталып кетсе бийликтин алдоосуна азгырылбай, позициясын сатпагандар азыркы депутаттар арасынан аз эле чыгат. Басылманын жаңы санында Ж.Зарлыкбековдун Борбор Азия президенттеринин бийликтен кеткиси келбегени, башкаруу тизгинин уулуна же кызына өткөрүп берүү аракети баяндалат. Ж.Касымалиев гезиттин жаңы санында Чүй кланы тууралуу кеп козгойт. Аймактын аткаминерлери үмүт арткан эки саясий ишмер Алмаз Атамбаев менен Мисир Ашыркуловдун рейтинги жогору.
Лениндин эстелигин борбордук аянттан алып салуу, Т.Усубалиевдин элге кайрылуусу, Аксыда өтчү курултай жума күнү жарык көрчү «Кыргыз руху» гезитинде да козголот. Эгемендик жылдары өз аракети менен чыгып келаткан басылманын башкы редакторлугуна Рахат Алымбекова шайланды.