Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:45

Курманбек Бакиев китеп жазды


БИШКЕК. Экс премьер-министр, Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Курманбек Бакиевдин «Жолду жүргөн арбытат» аттуу китеби жарык көрдү. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди. Орус тилинде чыккан китепте автор мамлекеттик жогорку кызматтарда иштеп жүргөн мезгилдеги иш тажрыйбасы, Кыргызстандагы демократия, өлкөнүн саясий жана экономикалык өнүгүүсү, адам укуктарынын сакталышы жөнүндө ой жүгүртүп, Аксы окуясынын айланасындагы маселелер жөнүндө жазган. Курманбек Бакиев 1997-жылдан 2000-жылдын декабрына чейин Чүй облусунун губернатору, 2000-2002-жылдары Кыргыз өкмөтүн жетектеген. Ал эми 2002-жылдын октябрь айында Алабука шайлоо округунан депутаттыкка шайланган.

XS
SM
MD
LG