Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:55

СОТ ӨКҮМҮ


Ырысбай Абдыраимов, Жалалабад 21-августта Жалалабад шаардык жана облустук ички иштер имаратына кол салып, ал жерден курал-жарак алып чыгышкандарга Жалалабад шаардык соту өз өкүмүн чыгарды. Топтун башчысы Адыл Каримов өкүмгө ылайык күчөтүлгөн тартипте 25 жыл, анын башка шериктери 20 жана 18, 17 жылдан түрмөгө кесилишти.

15-майда областтык жана шаардык тартип коргоо уюмдарына тополоң салган жаш кишилерге сот өкүмүн угузуу саат 16дан өткөндө башталды. Судья Замир Самаков иш боюнча 9 соттолуучунун жана былтыр 20-майда Ош шаарынан келаткан “Атлас Коттон ЛТД” ишкана башчысы, түрк атуулу Нежми Акйол менен айдоочусун карактоо боюнча Сузак райондук сотунан өткөрүлгөн 3 кишинин күнөөлөрүнө жараша өкүмүн чыгарды. Адыл Каримов түзгөн топ ички иштер имаратынан курал-жарак алып, убактылуу тергөө абагында олтургандарды бошотуп, азыркы бийликти кулатуу максатын көздөгөн. Ал өзүнүн максатын айылдан келип жумушсуз жүргөн балдарга кол салуу башталгыча айткан эмес. Шаардык жана областтык ички иштер имаратында таңкы саат беште күзөттө турган тартип сакчыларын коркутуу менен кыркка жакын курал-жарак, ок-дары жана тапанчаларды алып кетүү менен милицияга 1 миллион 374 миң сом, жеке адамдарга 400 миң, түрк ишкери Нежми Акйолго 1 миллион 351 миң сом зыян келтиргендиги белгиленди. Ушундай коогалаң окуялар болбош үчүн “мамлекет, ички иштер, бүткүл коомчулук эмне иштерди аткаруу керек?” деген сурообузга мамлекеттик айыптоочу Жаныш Саяков мындай жооп узатты:

- Эми мындай иштер кайталанбас үчүн ички иштер органдары тарабынан, өкмөт тарабынан бир топ иш чаралар аткарылып жатат. Ушул иш-чара аягына жете турган болсо, мындай иштер кайталанбашына бир топ кепилдик түзүлөт деп айтууга болот.

Сот өкүмү менен 9 адам "хулиганчылык жана каракчылык кылган, курал-жарактарды уурдап, куралдуу топ түзгөн, бийлик өкүлдөрүнүн өмүрүнө коркунуч келтирген жана конституциялык түзүлүштү кулатмак болгон" деп айыпталышты. Бардыгынын үй-мүлкү конфискацияланып, күчөтүлгөн тартипте Адыл Каримов 25 жылга, Султан Бегимкулов 20, төрт адам 18, эки жигит 17 жылга түрмөгө кесилди. Келтирилген материалдык чыгымдар алардан өндүрүлө турган болду. 18 жыл абакка кесилген Жекшен Абдрасуловдун эжеси Абдрасулова Чолпон сот өкүмүнө:

- Прокурор деле, сот деле, эл деле бүт бардыгы билип турат алардын мынчалык күнөөсү жок экендигин. Буларды кыйнап алып барган, пистолет такаган, атаңды, энеңди өлтүрөм дегенде ким барбайт. Ушундай ишке чакырса мен деле бармакмын. 3 миңден айлыгы бар экен, мен деле барып иштемекмин ошол ишке, - деген баасын берди.

Шарттуу түрдө 3 жыл жаза алган айдоочу Равшанбек Ибрагимовдун коргоочусу Нармырзаев Алтынбек аппеляциялык арыз менен областтык сотко кайрылмакчы:

- Шарттуу эркинен ажыратылды. Бирок бул өкүм Ибрагимов үчүн өтө оор деп эсептейм, себеби ал кылмышка катышкан эмес. Бул таксист катары гана буларды ташып жүргөн. Ошондуктан кылмыштуу ой-максаттарын, жасаган кылмыштарын биле элек туруп кантип кылмышты жашырган болуп эсептелет, - деди Нармырзаев.

Айыптарын мойнуна албай, былтыр милиция формачан жол тосуп, түрк ишкери Нежми Акйол менен айдоочусунун оозуна желим чаптап, колу-бутун байлап, акчасын карактаган Дүйүмбек Сатыбалдиевге да 25 жыл жаза чектелди. Анын эки шериги 20-16 жылдан эркинен ажыратылды.

XS
SM
MD
LG