Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:34

КЫРГЫЗ-КЫТАЙ ЧЕК АРАСЫН ДЕМАРКАЦИЯЛОО ИШТЕРИ АЯКТАДЫ


Кубат Оторбаев, Бишкек шаары 21-августта Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде мамлекеттүүлүк жылына арналган «Байыркы кыргыздардын чек аралары жана азыркы Кыргызстандын мамлекеттик чек арасы» деген темада илимий-практикалык конференция өттү. Жыйындан алынган маалыматтарга караганда, кыргыз-кытай чек арасынын эң акыркы талаштуу бөлүгү болгон Үзөнгүкууш алабында чек араны демаркациялоо иштери аяктады. Кытай менен болгон чек арасын буга чейин кайтарып келген Кыргызстан эми 2003-жылдын 1-январынан тартып Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан менен болгон чек арасын да кайтарууга белсенип жатат.

Кыргыз-кытай чек арасынын эң акыркы талаштуу бөлүгү болгон Үзөнгүкууш участогуна чек ара белгисин орнотууну аяктоо менен, 2001-жылы башталган демаркациялоо иштери үстүбүздөгү жылдын август айында жыйынтыкталды. Бул тууралуу маалыматты өкмөттүн регионалдык маселелер боюнча бөлүмүнүн башчысы Саламат Аламанов Кыргыз чек ара кызматы уюштурган жыйында 21-августта билдирди:

- Ушул айда Үзөнгүкууш участогуна чек ара белгилерин коюп бүттүк, ошентип кыргыз-кытай чек арасын демаркациялоо иштери аяктады. Азыр биздин милдет – демаркациялоо иштерин эл аралык укук нормаларына ылайыктап, эки мамлекеттин башчыларынын бекитүүсүнө сунуштоо. Биздин оюбузча соңку жылдын биринчи жарымында бул иштер толук аяктайт, - деди Саламат Аламанов.

Жыйын түзүлгөнүнө бир жылга жакын убакыт болгон Чек ара кызматынын аскерлерин кыргыз элинин байыркы, жакынкы тарыхы жана учурдагы чек арасынын абалы менен тааныштырууну максат кылды. Саламат Аламанов жыйында 1991-жылы эгемендик алгандан кийин Кыргызстан алгачкы жолу коңшулары менен чек арасын тактоо ишине киришкенин жана анын жүрүшүндө катуу кыйынчылыктарга туш болгонун айтты. «Бул биринчиден чек араны тактоо ишин жакшы түшүнүп, билген адистердин тартыштыгына байланыштуу болду», дейт Саламат Аламанов. Анын айтымында, Кыргызстан коңшу мамлекеттер ичинен ушул тапта Кытай менен гана чек арасын толук тактап, келишимге кол койууга жетишти. Бирок, Кытай менен Совет биримдиги чек арасын 30 жылдан ашуун тактаганына карабай, Кыргызстан менен Кытайдын чектешкен аймагында 5 талаштуу участок болгон. Үзөнгүкууштан башка талаштуу жерлер боюнча тараптар бир пикирге келишкенден кийин 1996-жылы алгачкы келишимге кол коюлган. Саламат Аламановдун айтымында, Үзөнгүкууш боюнча сүйлөшүүлөр оор болду.

- 3 жыл кайра-кайра сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Ага эксперттерден тартып, мамлекет башчыларына чейин катышты. Акыры бир пикирге келип, чек аранын эки тарапты тең канаатандырган сызыгын таптык жана 1999-жылы кыргыз-кытай чек арасы боюнча Кошумча келишимге кол койдук, - деди Саламат Аламанов.

Кыргыз Республикасынын чек ара кызматынын төрагасы, генерал-лейтенант Калмурат Садиевдин айтымында, өлкөнүн чек ара кызматы 2002-жылдын 31-августунда түзүлгөн. 2004-жылдын 1-январынан тартып Казакстан менен болгон мамлекеттик чек араны да кайтаруу болжолдонуп жатат:

- Казакстан менен чек арабызды тосуу үчүн жарым жылдан бери иштеп жатабыз. 2004-жылдын 1-январынан тартып Казакстан менен болгон чек арабыз да толук тосулат. Ошондон кийин биз Кыргызстандын коңшу мамлекеттер менен чек арасы толугу менен кайтарылып жатат деп ырасмий түрдө айталабыз, - дейт Калмурат Садиев.

Европа Биримдиги Борбор Азия мамлекеттерине бөлүүгө ниеттенип жаткан 18 млн. евро өлчөмүндөгү жардамдан кыргыз чек арачылары да өз үлүшүн – 4-5 млн. евро алууга аракет жасоодо. Мындан тышкары, Европа Биримдиги чек араны кайтарууга үйрөтүлгөн 500 ит багып, кармоо үчүн Каракол шаарында борбор ачуу максатында 6 млн. евро бөлүүгө ниеттенүүдө.

Кыргыз улуттук университетинде өткөн жыйында алынган маалыматка караганда, Кыргызстандын чек арасынын жалпы узундугу 4598 чакырым, анын ичинен кыргыз-кытай чек арасынын узундугу 1071,8 чакырымды түзөт.

Ал эми 1228 чакырымды түзгөн кыргыз-казак чек арасы боюнча макулдашууга эки мамлекеттин президенттери Аскар Акаев менен Нурсултан Назарбаев 2001-жылы кол коюшкан. Саламат Аламановдун айтымында, учурда ал документти ратификациялоо иштерине даярдык жүрүп жатат жана андан кийин чек араны демаркациялоо иштери башталмакчы.

Алдын-ала эсептөөлөргө караганда, кыргыз-өзбек чек арасы 1308 чакырымга созулат. Саламат Аламанов ырасмий Ташкент менен талаштуу жерлерди тактоо оор болуп жатат, бул барыдан мурда тарыхый жана саясий факторлорго байланыштуу дейт.

- 1925-жылы биринчи жолу РСФСР менен Өзбекстандын чек арасын бекитишкенде, ал убакта Кыргызстан РСФСРдин курамында болгон, Жусуп Абдрахманов баштаган биздин жетекчилик Кыргыз автоном облусунун кызыкчылыгы 40тан ашуун жерлерде корголбой калды деп кат жазган, - деди эки өлкө ортосундагы чек ара маселесинин тарыхына токтолгон Саламат Аламанов.

1924-жылы Совет өкмөтү улуттар ортосундагы чек араларды тактоо иштерин баштаган.
Дал ошол жылы кыргыз-өзбек чек арасын тактоо иштери да колго алынып, бирок, талаштуу жерлердин көптүгүнө байланыштуу ал иш 3 жылга гана созулган. Чек араны тактоо аракеттери 1955-жылы кайра жанданып, бирок, анда да тараптар бир пикирге келалышкан эмес. Саламат Аламановдун айтымында, ушул тапта кыргыз-өзбек чек арасынын 697 чакырымы такталды.

Ал эми 990,6 чакырымга созулган кыргыз-тажик чек арасын аныктоо боюнча иштер али баштала элек. Тараптар ушул учурда чек араны делимитациялоо иштерин кайсы укуктук документтерге таянып жүргүзүү тууралуу пикир алмашууда.

Жыйында сөз сүйлөгөн Кыргыз улуттук университетинин ректору, академик Аскар Какеевдин айтымында, кыргыздардын байыркы эл экенин байыркы Кытай тарыхчысы Сыма Цяндын «Тарыхый жазмалары» далилдеп турат. Анткени, Сыма Цяндын эмгегинде «биздин заманга чейин 201-жылы гунндардын падышасы Модэ-шаньюй башкалардын арасында Кыргыз ээлигин да багындырып, өз мамлекетине кошуп алды» деп айтылган.

Аскар Какеевдин пикиринде, азыркы Кыргыз мамлекетин түптөөгө 1924-жылы РСФСРдин курамынан Кыргызстанды автоном облусу катары бөлүп чыгууга чоң салым кошкон Абдыкерим Сыдыков, Касым Тыныстанов, Ишенаалы Арабаев сыяктуу интеллигенциянын жасаган иштери унутулбоого тийиш. «Алар өз убагында Кыргызстанды автоном облусу катары бөлүп чыкпаганда, биз балким азыр Каракалпакстанга окшоп Өзбекстандын же балким Казакстандын курамында туруп, эгемен мамлекет болалбай калмакпыз», - деди Аскар Какеев.

Ал эми тарых илимдеринин доктору Закирбек Эралиев болсо «кыргыз» деген этноним биринчи жолу биздин заманга чейинки 4 кылымда кезиккенин, биздин замандын 6-7 кылымдарында кыргыздар өз алдынча мамлекет курууга жетишкенин, ага байланыштуу ошондо эле мекенди коргоо, чек ара деген түшүнүктөрдүн болгонун белгиледи.

XS
SM
MD
LG