Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:09

ИРАК: АКШ АСКЕРЛЕРДИН САНЫН КӨБӨЙТҮҮНҮ, БУУ ӨЗ ЫЙГАРЫМ УКУКТАРЫН КЕҢЕЙТҮҮНҮ КААЛАЙТ


БУУнун башкатчысы Кофи Аннан Улуттар Уюмунун Ирактагы ыйгарым укугу кеңейтилиши керек деп эсептейт. Андай болбосо Аннандын айтымында, БУУнун Коопсуздук Кеңеши Иракта эл аралык аскерлердин санын көбөйтүүнү караган резолюцияны кабыл алуусу кыйын. Кошмо Штаттар Иракта эл аралык аскерлердин саны көбөйтүлүшүн көздөөдө.Вашингтон ошол эле учурда Ирактагы иштерге жетекчилик кылууну колдон чыгаргысы келбейт.

Апта башында Багдаддагы кеңсеси жардырылгандан бери Улуттар Уюмунун Ирактагы ролу жөнүндөгү маселе өзгөчө талкууланууда. Ирактагы абал жөнүндө эки күн катары менен БУУнун Коопсуздук Кеңешинде сөз болду. Анда Коопсуздук Кеңешине мүчө өлкөлөрдүн дээрлик баары БУУ Ирактагы ишин улантышы керек деген пикирин билдиришти, бирок ошол эле учурда айрым өлкөлөр Иракты калыбына келтирүү ишинде Улуттар Уюмунун ыйгарым укугу кеңейтилсе гана ага жигердүү аралашууну каалайт. Учурда АКШнын Иракта 139 миңдей аскери бар. Багдаддагы коалициялык администрациянын башчысы,Вашингтондун өкүлү Пол Бремер Ирактын 25 адамдан турган Башкаруу Кеңешинин чечимдерин өзгөртө алат. Улуттар Уюму болсо гуманитардык иштер менен алектенип келүүдө саясий жана экономикалык маселелерди чечүүдө кандайдыр бир жоопкерчилик алган эмес. БУУнун башкатчысы Кофи Аннан соңку күндөрү Нью-Йоркто Ирактагы абалды бул жердеги коалицияны башкарган АКШнын Мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл жана Вашингтондун башкы өнөктөшү, Британиянын тышкы иштер министри Жек Стро менен да өз - өзүнчө кездешип талкуулады.Ал жума күнү британ тышкы иштер министри Жек Стро менен жолуккан соң журналисттер үчүн өткөрүлгөн басма сөз жыйынында төмөнкүлөрдү белгиледи:

- Коопсуздук Кеңеши Ирактагы операцияны башка өкмөттөрдүн катышуусунун негизинде БУУнун мандаты алдындагы көп улуттуу күчтөргө өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн экенин жокко чыгарууга болбойт. Бирок, албетте, бүгүн эртең менен сиздердин кесиптештердин бири белгилегендей, бул жүктү гана эмес чечим кабыл алууну, жоопкерчиликти да башкалар менен бөлүшүү дегенди туюндурат.

Ага катар Аннандын айтымында, эгер Улуттар Уюмунун Ирак ыйгарым укугу кеңейтилип, бийлик бөлүштүрүлбөсө Коопсуздук Кеңеши бул жерде эл аралык аскерлердин саны көбөйтүүнү караган жаңы резолюцияны кабыл алышы күмөндүү. Иракта эл аралык аскерлердин саны көбөйтүлүшүн АКШ көздөп жатат. Өлкөнүн мамлекеттик катчысы Коллин Пауэлл ушул аптада башкатчы Кофи Аннан менен кездешкенден кийин Вашингтон Коопсуздук Кеңешине мүчө өлкөлөр менен эл аралык аскерлердин саны көбөйтүлүшүнө жол ачкан резолюцияны кабыл алуу маселесин талкуулай баштаганын билдирген. Пауэлл ошондой эле АКШнын Ирактагы калыбына келтирүү иштерин башкарууну БУУга өткөрүп берүү планы жок экенин ачык эле ишара кылган. Иракта чет элдик аскерлердин саны көбөйөөрү күтүлүп жатканын жума күнү АКШ президенти Жорж Буш да билдирди.Буштун айтымында, азыр Иракка чет элдик элементтер, "ал-Каиданыкы" өңдүү согушкерлер келип жатат:

- Алар биз менен кармашууну көздөйт, себеби алар Жакынкы Чыгыштагы эркин коом идеясы менен элдеше албайт. Алар эркиндикти, демократиянын пайда болушу жөнүндөгү ойду жек көрөт. Ушундан улам алар мунун ишке ашышына катуу каршылык көргөзүүнү каалайт.

Президент Ж. Буш жума Сиэтл шаарында сүйлөгөн учурунда АКШ Ирактагы башкаруучулукту БУУ менен бөлүшөр-бөлүшпөсү жөнүндө ачык эч нерсе айткан жок.

Баяндамачылардын пикиринде, эгер БУУнун мандаты кеңейтилсе Орусия, Франция, Германия болбосо да Индия, Түркия, Пакистан сыяктуу өлкөлөр аскер жиберишине жол ачылмак.

Мунун аралыгында, Багдаддагы эл аралык жамаат БУУнун Ирактагы өкүлү, маркум Сержио Вийера де Мелло менен коштошту. 55 жаштагы дипломат Багдадда, шейшемби күнкү жардырууда курман болгон. Анын сөөгү түпкү мекени Бразилияга алынып келинди. Бул жердеги аза күтүү иш-чараларынан кийин Францияда, үй-бүлөсү жашаган шаарда жерге берилет. БУУнун башкатчысынын Ирактагы өкүлү болуп убактысынча португалиялык дипломат Рамиро Лопес де Силва дайындалды. Ал мурда Иракта гуманитардык иштерди жетектеп келген. Ал эми жардыруу үчүн Дубайдагы "ал-Арабия" телеканалынын кабарына караганда,өзүн "Мухамеддин экинчи армиясынын алдыңкы бөлүгү" деп аталган бир исламчыл топ жоопкер болгон. АКШда БУУнун Багдаддагы кеңсесин жардыргандардын артында Саддам Хусейндин жактоочулары же исламчыл күчтөр турат деген ишенимде.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG