Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:21

АКСЫДА ЭЛДИК КУРУЛТАЙ ӨТТҮ


Бакыт Аманбаев, Бишкек 23-августта «Аскар Акаевди кызматтан кетирүү, эл үчүн реформа кыймылынын» айрым мүчөлөрү Аксы районунда Үчүнчү элдик курултайды өткөрүштү. Курултай катышуучулары өлкөдөгү саясий-экономикалык абалды талкуулашып, кыргыздардын экинчи дүйнөлүк курултайына делегаттарды шайлашты. Ушул эле күнү жогорку бийлик өкүлү «Азаттыктын» кабарчысына: «Аксыдагы курултайда шайланган делегаттар Кыргыздардын дүйнөлүк экинчи курултайына катыштырылбайт» деген пикирин билдирди.

Айрыкча соңку эки жыл аралыгында өлкөдөгү оппозиция менен бийлик өкүлдөрү «тегерек стол», «курултай» сыяктуу жыйындарды ат тезегин кургатпай өткөрүшүүдө. Барган сайын мындай жыйындардын саны бар, сапаты азайып бараткандыктанбы, же алар көнүмүш адатка айлангандыктанбы, айтор, күн өткөн сайын жогорудагыдай иш-чараларга коомчулуктун да кызыкчылыгы азая баштагандыгы байкалат. Биринчи элдик курултай каргашалуу Аксы окуясынан соң бир айдан кийин 2002-жылдын 17-апрелинде Бишкекте өткөрүлгөн. Ал эми экинчи элдик курултай 17-18-июлда Аксы районунда өткөн. Эки курултайда тең Аксы окуясы, Үзөнгүкууш жеринин Кытайга берилиши сыяктуу коомчулуктун көңүлүн өзүнө бурган маселелер каралган. Мындан сырткары аталган жыйындарга республикадагы оппозициячыл күчтөрдүн дээрлик баары жана түрдүү көз караштагы топтордун өкүлдөрү катышкан. Айрым серепчилердин пикиринде, курултай кабыл алган чечим мыйзамдуу күчкө ээ болбосо да, мындай жыйындарда карапайым элдин жүрөгүндөгү ой-мүдөөсү айтылып, олуттуу маселелер көтөрүлүп, аткаруу бийлигин кыйла чочулаткан. Негедир, үчүнчү элдик курултай өлкөдөгү саясий күчтөрдүн кызыгуусун жараткан жок. Ал тургай курултайга жыйынды өткөрүү демилгесин көтөргөн «Аскар Акаевди кызматтан кетирүү, эл үчүн реформа жасоо» кыймылынын таасирдүү өкүлдөрү И.Исаков, А.Мадумаров, Ө.Текебаев, И.Кадырбеков, Э.Алиев жана курултайда сөз сүйлөөрү маалымдалган Коммунистер партиясынын жетекчиси А.Масалиев катышкан жок. Эмне үчүн бул жолку курултайга республикадагы саясий күчтөр олуттуу мамиле жасаган жок, деген суроого «Аскар Акаевди кызматтан кетирүү кыймылынын өкүлү» Адахан Мадумаров мындайча пикирин билдирди:

- Биринчиден, кырдаал ошондой. Экинчиден, курултайга таптакыр башкача даярдык көрүш керек эле. Тагыраак айтканда, өлкөдөгү бардык саясий күчтөр, партиялар менен акылдашып, жыйындын күн тартибине олуттуу маселерди алып чыгышы керек болчу. Тилекке каршы, бул чакан жыйынга окшоп, курултайдын өлкөдөгү кырдаалга таасирин тийгизиши күмөн болуп калды.

Ушундай эле ойду "Акаевди кызматтан кетирүү" кыймылынын көпчүлүк өкүлдөрү колдошуп, курултайды качан, кайсыл жерде өткөрүп, анда кандай маселелерди кароо керек деген суроолордун тегерегинде оппозиция өкүлдөрү бир пикирге келе албагандыктан, үчүнчү элдик курултай жеткиликтүү деңгээлде өткөн жок, деген пикирлерин ортого салышты. Оппозиция өкүлдөрүнүн ортосундагы мындай пикир келишпөөчүлүктү өлкөдөгү айрым массалык маалымат каражаттары «оппозиция өкүлдөрүнүн арасындагы жикке бөлүнүүчүлүк» катары баалашты. Мындай пикирге «Арнамыс» партиясынын жетекчисинин орунбасары Эмил Алиев макул эмес. Анын оюнча, бул оппозиция өкүлдөрүнүн ортосунда экиге бөлүнүүчүлүк эмес, курултайдын жеткиликтүү деңгээлде өтпөшү, курултайды уюштуруучулардын гана кетирген кемчилигинен улам болду:

- Бул уюштуруучулардын кемчилигинен улам болду. Уюштуруу иштери чала болуп калды.

Аксыда өткөн курултайга катышкан кабарчыбыздын маалымдашына караганда, жыйындын катышуучулары өлкөдөгү экономикалык-саясий кырдаал, «Аскар Акаевди кызматтан кетирүү, эл үчүн реформа жасоо» кыймылынын өлкөнүн саясий-экономикалык абалын өнүктүрүү тууралуу иштеп чыккан концепциясын талкуулашып, кыргыздардын дүйнөлүк экинчи курултайына делегаттарды шайлашты. Президент администрациясынын коргонуу жана коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Болот Жанузаковдун пикиринде, Аксыдагы жыйында шайланган делегаттар кыргыздардын экинчи курултайына катышууга укугу жок:

- Аксыдагы чогулушта шайланган делегаттар кыргыздардын дүйнөлүк экинчи курултайына катышуу укугуна ээ болбойт. Анткени курултайга президенттин жардыгында көрсөтүлгөн тартипте шайланат. Өздөрүнчө чогулуп алып эле биз делегат кылып шайладык десе болобу? Алардын дүйнөлүк курултайга катышууга акысы жок.

XS
SM
MD
LG