Талдоочулар апта ичинде болуп өткөн окуялардын ичинен коомчулуктун көңүлүн айрыкча оппозициялык саясатчылар уюштурган 3-элдик курултай бургандыгын белгилешүүдө. Жыйын уюштуруучулар курултай өткөрчү жер катары эки жылдан бери эл оозунан түшпөгөн Аксыны тандап алышкан. Айтымда, курултайды башка жакта өткөрүүгө бийлик жол бербей коюптур. Ошондон улам чоң жыйынды Кербенге өткөрүүдөн башка ылаажы калган эмес. Курултайдын Аксыда өтүшүн жактырбаган атаандаштардын айтымында, жыйындын ал жерде өтүшү коомчулуктун көңүлүн курултайга буруу, көп эл чогултуу далалатынан улам чыккан амал. Ачык асман алдында өткөн курултайга «Акаевди кызамттан кетирүү, эл үчүн реформа» кыймылына мүчө партиялардын, коомдук уюмдардын басымдуу бөлүгү катышты. Кыймыл башчысы депутат Азимбек Бекназаров, кесиптеши Алевтина Проненко, «Эркиндик» партиясынын жетекчиси Топчубек Тургуналиев жыйында негизги баяндамаларды жасашты.
Курултайдын жыйынтык документинде президент Аскар Акаевдин саясаты элге каршы саясат катары бааланды. ЕККУнун Кыргызстандагы өкүлү Айдын Идилди кызматынан чакыртып алуу, Лениндин эстелигин которууга уруксат берген мыйзамсыз аракети үчүн премьер-министрге карата кылмыш ишин козгоо талабын тиешелүү тараптарга жеткирүү сунушталды. Аксы окуясынын айыпкерлерин жоопко тартуу боюнча кыймылга сегиз багытта тапшырма берилди. Курултайда оппозициянын өз ара ымала-мамилесине байланышкан маселе да көтөрүлдү. Бекназаровдун пикиринде, начар кызматташтыкка төмөнкү жагдайлар себепкер:
- Улуу саясий күрөштө күчтүү эрктин жоктугу, оппозициячылардын бири-бирине ишенбөөчүлүгү, элдик, мамлекеттик кызыкчылыктан жеке амбициянын жогору турушу, азыркы Акаевдин бийлигине каршы бирдиктүү программалык аракеттин жоктугу, элдин оппозицияга ишеничинин аздыгы…
Курултайга кыймылдын мурдагы төрагасы, депутат Исмаил Исаков катышкан жок. Анын себебин «Азаттыкка» берген маегинде минтип түшүндүрдү:
- Сүйлөшкөндө айттык эле, келгиле (референдумдан кийин. – авт.) башкача тактика кылалы, мүмкүн атын өзгөртөлү деп. Пикирлер келишпей, экиге бөлүнүп калганбыз. Эми көпчүлүгү ушундай калсын дегенден кийин мен өз каалоом менен сурандым.
Түрмөдө жаткан оппозициячы Феликс Куловду бошотуу өтүнүчү менен эларалык Human Rights Watch уюму ушул аптада бийликке кайрылуу жолдоду. Саясатчы саясий негизде камакта жатат деп эсептеген уюмдун пикиринче ал 2005-жылкы президенттик шайлоого чейин бошотулушу керек. Кулов «Азаттык» радиосуна берген интервьюсунда өзүнүн күнөөсүз экенин, ошондуктан, кечирим сурап Президентке кайрылууга негиз жогун белгиледи:
- Менин кимдир бирөөнөн кечирим сурашыма эч кандай негиз жок. Жасабаган иш үчүн кечирим сураш акылсыздык.
Чолпонатадагы мамлекеттик резиденциядан Акүйдөгү иш ордуна кайтып келген президент Аскар Акаев болсо бул аптада Жалалабад жана Чүй аймагын кыдырып, бир катар жаңы курулуштардын жана эстеликтердин ачылышына катышты. Бул иш чаралар мамлекеттүүлүктүн 2200 жылдыгына байланыштырылды. Мамлекеттүүлүк жылынын урматына бейшембиде дүйнөлүк CNN телеканалы Кыргызстан жөнүндө рекламалык видеотасма көрсөтүүгө киришти. 30 секунддук бул тасма эки ай көрсөтүлөт. Ага Кыргызстан 107 миң доллар сарптады.
Бул апта Лениндин эстелигине байланышкан талкуулардын уланышы менен да айырмаланды. Шаршембиде социалисттик Кыргыз ССРин чейрек кылымга жакын башкарган республиканын мурунку коммунист лидери, азыр Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынын депутаты Турдакун Усубалиев Лениндин эстелигин ордуна койдуруу талабы менен элге, мамлекет башчыга кайрылды. Кыргыз өкмөтүнүн бөлүм башчысы Асанбек Сарыбаев эстеликти алууда мыйзам бузуу жок экендигин белгилеп, 2200 жылдыкка арналган иш-чараларга ылайык борбордук аянтка Эркиндик монументин орнотуу керектигин, аталган иш чара мезгил талабынан чыкканын билдирди.
СССРдин кулашын шарттаган мамлекеттик төңкөрүштүн 12 жылдыгына коммунисттер өзгөчө маани берген жок. Белгилүү саясатчы, ошол кездеги Жогорку Кеңештин төрагасы Медеткан Шеримкулов «Азаттыкка» берген интервьюсунда партиялык кутумчулардын аракети СССРдин кулашынын шарты катары баалады:
- Бул 20 августтагы Москвада жаңы союздук келишимге кол коюунун алдындагы совет өкмөтүн сактап калалык деген ниет менен жасаган аракеттери тескери жыйынтык берди. Эгер союздук келишимге кол коюлуп калганда совет өкмөтү сакталып калат беле…
Ушул аптада мурунку премьер-министр, азыркы Жогорку Кеңештин депутаты Курманбек Бакиевдин «Жолду баскан арбытат» аттуу китеби чыкты. Анда Кыргызстандын саясий- экономикалык өңүтүнө, Аксы окуясына, адам укуктарына байланыштуу саясатчынын ойлору камтылган.
«Манас» аба майданында жайгашкан «Ганси» авиабазасынын кызматкери айдап жүргөн «Ниссан» жана жергиликтүү атуул айдаган «Мазда» машинасы автокырсыкка кабылып, анда кыргызстандык бир адам набыт болду.