23-августта Кербен кыштагынын маданий эс алуу багында өткөн III элдик курултайга «Асаба», «Ар намыс», «Ата Мекен», Республика жана коммунисттик партиялардын мүчөлөрү, Бишкек шаары менен жети облустан келишкен өкүлдөр катышты. Курултайда алты маселе талкууланды. Биринчи жана экинчи курултайдын чечимдеринин аткарылышы боюнча баяндама жасаган «Акаевди кызматтан кетирүү, эл үчүн реформа» кыймылынын төрагасы Азимбек Бекназаров өлкөдөгү саясий ишмерлер менен эркин гезиттерге, элдин эркине жасалган мамилеге токтолду. Аксы окуясынан кийин түзүлгөн элдик конгресс бийлик алдына койгон 12 талаптын ичинен бир гана талап аткарылгандыгын белгиледи. II курултайдын чечимдери аткарылбай Аксы окуясы боюнча башкы күнөөкөрлөр жазаланбай, жергиликтүү бийлик башчылары курмандыкка чалынгандыгын айтты. Шайлоочулардын укуктары, Конституция боюнча өзгөртүүлөр четке кагылып, куугунтуктоо болгондуктан буга чейинки курултай жашыруун өткөндүгүн кошумчалады:
- Курултайга катышкан саясий партиялардын лидерлерине, депутаттарга берилген айрым тапшырмалар жарым - жартылай аткарылды. Тактап айтканда, курултайга катышкан партиялар жана саясатчылар 2002-жылдын 14-августунда «Акаевди кызматтан кетирүү, эл үчүн реформа» кыймылын түзгөн.
Азимбек Бекназаров өзү жетектеген кыймылдын чечимдеринин аткарылбаган себептерин мындайча мүнөздөдү:
- Оппозициядагылардын бири-бирине болгон ишенбөөчүлүктүн күчтүүлүгү, элдик, мамлекеттик кызыкчылыкта жеке амбициянын жогору турушу, өз ара тил табышуу, ымалага келүүнүн жоктугу, азыркы Акаевдик режимге каршы программалык күчтүү аракеттердин жоктугу, көпчүлүк элдин оппозицияга болгон ишеничинин аздыгы, оппозициянын эл арасында жер-жерлерде ячейкаларынын жоктугу.
Азимбек Бекназаров азыркы бийликти алмаштыруу үчүн элди биримдикке чакырды. «Кыргызстанды өнүктүрүүнүн саясий-экономикалык жана социалдык негиздери» деген темада Топчубек Тургуналиев баяндама жасады. Ал республикадагы элдин азыркы жашоо деңгээлин мындайча сыпаттады:
- Акаев түзгөн авторитардык бийлик Кыргызстанды жакыр мамлекетке айландырды. Бүгүн элдин 90% жакыр жана кедей. Акаев аны мойнуна албай атат, 60 пайызга чейин деп, алар дайыма атйылап жарым-жартылайын кемитип айтат.
Өлкөнүн саясий-экономикалык жактан өнүгүү жолун парламенттик республикага буруп, шайлоо системасына өзгөртүү киргизүү, талапкерлерге бирдей шарт түзүү саясий реформага башка өң-түс берерин билдирди:
- 2010-жылдардын ал жак - бул жагында парламенттик башкаруу системасын өтүү керек. Шайлоо системасынын түп-тамырынан өзгөртүш керек.
Т.Тургуналиев коңшуларга өтүп жаткан жерлер боюнча эларалык сотко кайрылууну сунуш кылды. Ар бир адамды иш менен камсыз кылып, социалдык башка жеңилдиктерди калыбына келтирүү, турмушу начар, жетим-жесир, майып, пенсионерлерди өзгөчө коргоого алуу керектигин эске салды.
Кошумча баяндама жасаган мыйзамчы депутат Алевтина Проненко бийлик менен байлыктын 5% аз гана адамдардын колуна чогулгандыгын белгилеп, менчиктештирүү туура эмес болгондугуна токтолду жана адам фактору менен адам укугун сактоо менен гана абалды оңдосо болот деген пикирин айтты. Коммунисттер партиясынын төрайымы Клара Ажыбекова 97% менчик болгону менен казынага каадалуу киреше түшпөй жаткандыгын айтып өттү. Өз сөзүндө:
- Бийликти талкалоо, башка мамлекеттерге сатуу, завод, фабрикаларды токтотуу - ушунун баары тең элге каршы реформа. Мына бүгүн айтышыбыз керек, Акаев баш болгон реформа - бул элге каршы, чыккынчылык кылган, атайын талкалаган реформа. Ошого биз чекит коюшубуз керек.
Кыргызстан адам укугун коргоо кыймылынын төрагасы Турсунбек Акунов «Акаевди кызматтан кетирүү, эл үчүн реформа» кыймылы сунуш кылган Кыргызстанды өнүктүрүү программасына келечектеги бийликке премьерлик кызматты жоюп, анын милдетин президент аткаруу керек, деген сунушун киргизди
- Президент өзү прьемер да, президент да болсун. Экинчи 700 кишиден турган элдик курултай түзүп жатабыз. Ушул курултайды Конституцияга киргизип, мыйзамдаштырып, парламенттен да чоң жыйын кылуу керек, - деди Т.Акунов.
III элдик курултай жана оппозиция тууралуу пикирин Аксы районун акими Абдымалик Эгембердиев мындайча билдирди:
- Оппозициянын ой-пикири, максаты мурунтан эле белгилүү. «Бийлик туура эмес жолдо», деп башынан айтып келген. Бүгүн дагы ошол теманын тегерегинде сөз болду.
Курултайда азыркы бийликтин кызматтан кетиши, Аксы окуясындагы айыпкерлерди жазалоо талабы жазылган кызыл-тазыл чакырыктар илинип турда. Ага уюштуруучулардын маалыматы боюнча 1200, район акиминин билдирүүсү боюнча 200-250 адам катышты. Курултайга чакырылган президент А. Акаев, премьер министр Н.Танаев, облустук же райондук бийликтерден эч ким катышкан жок.