Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:31

ИЗРАИЛ-ПАЛЕСТИН ЧАТАГЫ ДАГЫ КУРЧУДУ


Палестина автономиясынын төрагасы Ясир Арафат менен премьер-министри Мохаммед Аббастын ортосунда күч органдарын башкаруу боюнча катуу таймаш жүрүүдө. Израил 21 адамдын башын жалмаган 19-август күнкү террордук чабуулга жооп кылып, радикалдуу “Хамас” уюмунун бардык мүчөлөрү жок кылынат деп жарыялады. Жекшемби күнү израилдик тикучардын чабуулунан “Хамастын” төрт мүчөсү опат болуп, ондон көп адам жараат алды.

Израил армиясынын башчысы Моше Яалон жекшемби күнү: “Хамастын” ар бир мүчөсү жок кылынчу бута. Палестин бийликтери бүгүн кечке чейин аларга каршы чабуулду баштабаса, анда чабуулду биз баштайбыз, - деп эскертти.

Өткөн шейшемби күнү израилдик автобус жардырылып, 21 адам, анын ичинде алты бала опат болгон.

Террордук чабуулду “Хамастын” согушчандары уюштурган деп шектелүүдө.

Генерал-лейтенант Яалон эскерткендей эле жекшемби күнү палестиналык согушчандарды сая түшүп, кыруу саясаты башталды.

Шамга жуук Газа секторунда израилдик тикучар аткан үч ракета куралчан адамдардын тобуна келип тийди. Алар Палестинанын коопсуздук кызматынын башчысы Мохаммед Дагландын кеңсесинен 100 метрдей алыста сүйлөшүп турушкан. Чабуулдан “Хамас” уюмунун төрт мүчөсү өлүп, ондон ашык жолоочу жарадар болду.

Өлгөндөрдүн ичинде Израил бийликтери узактан бери “сары изине чөп салып жүргөн” Ахмед Айштави да бар.

“Хамастын” өкүлүнүн маалымдашынча, Айштави баштаган топ өздөрү ракета жасап, Израилди жана Газадагы жөөт келгиндеринин маалелерин аткылап турчу.

Жекшемби күнү Газа секторунан атылган андай ракета Израилдин Ашкелон шаарына жакын жердеги кумдуу жээкке келип түшкөн.

19-август күнкү бомба чабуулунан бери жөөт аскерлери Батыш Иордандын шаарларын тинтип, палестин согушчандарын жана каруу жаракты издөөдө.

Бейшемби күнү ушундай жортуул учурунда израилдик тикучар аткан ракета “Хамастын” жооптуу саясый кызматкери Абу Шабанды мерт кылган.

“Хамас” жана башка куралдуу уюмдар Шабан өлгөндөн кийин ок атышпоо жөнүндөгү эки айлык келишимден чыгышты.

“Израил ушундай чабуул жасап, биздин каршылык көрсөтүүбүздү, өзбүздү өзүбүздүн коргообузду токтотом десе жаңылышат. Биз жаныбызды курмандыкка чалсак да, максатыбыздан кайтпайбыз”, - деп эскерткен “Хамастын” өкүлү Исмайыл Гания.

Палестин жетекчилигинин билдиришинче, израилдик аскерлердин акыркы күндөрдөгү аракеттери - палестин коопсуздук күчтөрү ишемби күнү курал жарак аткезчилигине каршы баштаган операцияга жолтоо болот.

“Мындай жортуулдардын максаты өткөн түнү башталган операцияны ойрон кылуу”, - деп санайт таанымал палестин саясатчысы Саеб Еракат.

Ишемби күнү Даглан башындагы коопсуздук күчтөрү Газа секторунун түштүгүндөгү Рафа шаарчасын Мисир менен тутуштарыган үч туннелди талкалашкан жана куралдын түрлөрүн кармашкан.

АКШ колдогон премьер-министр Аббас менен Мохаммед Дагланда радикал топтор менен күрөшүүгө жетерлик кубаты жок. Себеби, автономиянын коопсуздук күчтөрүнүн негизги бөлүгүн төрага Арафат өзү контролдойт. Ал эми Арафатка караштуу “Фатx” кыймылы автономиянын бардык күчтөрүнүн башчылыгына Насер Юсефти сунуш кылган. Арафатка жакын адам эсептелген Юсефти дайындоого Аббас карамандай каршы.

Мындай шартта Аббастын радикал топторду жок кылуу жөнүндөгү Израилдин талабын аткаруусу өтө оор. Бул талапты АКШ президенти Жорж Буш да колдогон. “Хамас” сыяктуу топтор тыйылмайынча, Израил тычнчтык сүйлөшүүлөрүн улантапйт.

Израил-палестин чатагы азыркыдай ырбай берсе, АКШ Сенатынын тышкы байланыштар комитетинин төрагасы Дик Лугардын айтымында, Жакынкы Чыгышта стабилдүүлүктү камсыздоо үчүн АКШ менен НАТОнун аскерий кийлигишүүсү зарыл болот.

XS
SM
MD
LG