Кырк жети жаштагы Хади Солейманпур өткөн бейшемби күнү Улуу Британиянын Дареме шаарында камакка алынган. Ага 1994-жылы жөөттөрдүн Аргентинанын Буэнос–Айрес шаарындагы ири маданий борборун жардырууга катышы бар деген шек негиз берди. Аргентинанын бийлиги 85 адамдын өмүрүн алып кеткен ал жардырууга Ирандын түздөн-түз тиешеси бар деп шек санап, Ирандын Улуу Британияда жүргөн атуулдарын, анын ичинде мурдагы элчи Хади Солейманпурду да кармап берүүнү сегиз жолу өтүнгөн. Аргентинанын буга чейинки мындай өтүнүчтөрү Иран менен Аргентинанын мамилесин катуу салкындатып, ушул жылдын март айында Иран Аргентинадагы өз элчисин чакырып алган эле.
Эми бул окуяга да кыжырданган Тегеран ишемби күндөн тарта Аргентина менен бардык экономикалык жана маданий мамилесин токтотту. Президент Мохаммад Хатами дүйшөмбүдө сүйлөгөн сөзүндө мурдагы элчинин камакка алынуусун жөн калтырбасын эскертип, ал эл аралык саясат менен байланыштуу экендигин жарыя кылды.
Ал эми Аргентинанын президенти Нестор Киршнер өткөн жумада жардырууну кимдер уюштургандыгынын изи эмдигиче табылбай жаткандыгына капаланып, тергөөнүн илгерилебегендиги “улуттун бетине чиркөө” болуп жаткандыгын билдирди.
Айрым саясатчылардын баамында, Ирандын президенти Мохаммад Хатаминин камакка алууну саясат менен байланыштыргандыгынын бир жөнү бар. Саясат иликтөөчү Сайед Лайлестин “Лос–Анджелес таймс” гезитине билдирген пикирине караганда, “Камакка алуу Аргентинанын өтүнүчү менен эл боло койгон жок. Бул Иранга кысым жасоо боюнча эл аралык иш – чаранын бир бөлүгү”. Ал эми Улуу Британиянын дипломаттары мындай пикирлерди четке кагып, "камакка алууда эч кандай саясат жок, Иран ага жөн жерден эле ишенбей жатат" деп алакан жаюуда.
Аналитиктердин пикири боюнча, бул окуя Иран менен Улуу Британиянын мурда эле салкын мамилесиндеги ажырымды ого бетер чоңойтту. Он жылга жакын убакыттан бери чубалып келаткан жардыруунун учугун Ирандан табууга багытталган аракет АКШнын президенти Жорж Буштун “балакеттин үчилтигинин” бири Иран дегендиги менен да байланыштуу. Иракка согуш ачаарда жана андан кийин Жорж Буш эл аралык терроризмге үч мамлекет – Ирак, Түндүк Корея жана Иран шыкакчы болуп жатат деп билдирген. Андан кийин алардын катарына Сирия, Ливия жана Кубаны кошкон. Мында Иран менен Сирияга “Саддам Хусейндин Ирактан качкан өнөктөштөрүн калкалап жатат” деген кине коюлган. Андан тышкары АКШ Иранды “өзөктүк куралдарды жасоого далалаттанып жатат” деп да айыптап, Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттиктин эксперттеринин текшерүүсүн талап кылууда. Иран болсо ал программасы массалык кыргын салуучу куралдардарды жасоо үчүн эмес эл чарбасында гана колдонууга багытталгандыгын айтып, АКШнын кинесин боюна жууткан жери жок. Андан тышкары Тегеран АКШны “өлкөдө башаламандыкты пайда кылуу үчүн студенттер арасында козутуу аракеттерин жасап жатат” деп кинелөөдө.