Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:49

«ХИЗБУТ-ТАХРИР» ПАРТИЯСЫ МЕНЕН ОППОЗИЦИЯНЫН БАЙЛАНЫШЫ БАРБЫ?


Кубат Оторбаев, Бишкек шаары Мамлекеттик бийликтин өкүлдөрү «каттоодон өтпөгөн «Хизбут-Тахрир» партиясы соңку убакта өз ишмердүүлүгүн күчөттү» деген тынчсызданууларын айтып келатышат. Өткөн аптанын соңунда айрым басылмалар «Вице премьер-министр Курманбек Осмонов 21-августта Бишкекте өткөн жыйында «Хизб ут-Тахрир» партиясы айрым укук коргоочулар жана оппозиционерлер менен байланыш түзүүгө аракет жасап жатат» деген билдирүү жасады» деп жазып чыгышты. Бирок, 26-августта басылмалардын мындай маалыматтарын Курманбек Осмонов төгүнгө чыгарды.

21-августта өткөн «Коом кылмыштуулукка жана терроризмге каршы» аттуу конференциядан репортаж даярдаган «Вечерний Бишкек» гезити, КТР сыяктуу айрым массалык маалымат каражаттары «жыйында Курманбек Осмонов «Хизб ут-Тахрир» партиясы айрым укук коргоочулар жана оппозиция өкүлдөрү менен байланышууга аракет жасап жатат деп сенсациялуу билдирүү жасады» деген маалыматты таратышкан. Оппозициянын жана укук коргоо уюмдарынын өкүлдөрү вице-премьердин мындай пикирин сынга алышты. Алардын бири - Жогорку Кеңештин депутаты Азимбек Бекназаров:

- Эгер Курманбек Осмоновдо андай маалыматтар болсо эмне үчүн кылмыш иши ачылып, тийиштүү адамдар жоопко тартылбайт. Аталган партия менен оппозиционерлердин байланышы бар экени билгилүү болсо анда андай адамдардын ар биринин аты элге ачык жарыяланууга тийиш. Мыйзам боюнча андай так маалыматы болуп туруп аны жашырганы үчүн Курманбек Эргешовичтин өзүн жоопко тартса болот.

Азимбек Бекназаровдун мындай пикирин Кыргызстан адам укугун коргоо кыймылынын төрагасы Турсунбек Акун да колдоого алат:

- Биздин пикирибизче, бир дагы оппозиционер же укук коргоочу «Хизбут-Тахрир» партиясы менен, же анын мүчөлөрү менен байланышта эмес. Конституцияда айтылгандай, биздин республикада адамдар дин тутуу эркиндигине ээ. Андыктан «Хизбут-Тахрир» партиясы мыйзамсыз уюм, экстремисттер» деп, алардын артынан түшүп, куугунтуктап, камап, соттоо туура эмес да, мыйзамсыз.

26-августта «Азаттык» радиосуна вице-премьер-министр Курманбек Осмонов «21-августта жыйында айткан оюмду журналисттер туура эмес түшүнүп алышыптыр, оппозиция менен «Хизбут-Тахрир» партиясы түздөн-түз байланышта деп айтуудан алысмын» деген оюн билдирди:

- «Хизбут-Тахрир» партиясы оппозиция менен түз байланышып жатат» деген жокпус. Бул уюм өлкөдө бейстабилдүү кырдаал түзүлө турган болсо андан пайдаланууну көздөп атат. Диний экстремисттик уюмдардын, мындай оппозициялык маанайдагы, оппозициялык аракеттерди жасап жаткан адамдардын күчүн пайдаланышка аракет кылып жатат деген сөздөр болду 21-августта өткөн жыйында. Анан «баланча-түкүнчө» менен түптүз байланышы бар экен» деп айтылган жок. Кыргызстандагы жардырууларга катышкандар менен «хизб утчулардын» байланышы бар экендиги да ачыкка чыгып жатпайбы. Андан тышкары, «Хизбут-Тахрир» партиясы Өзбекстандын ислам кыймылы уюму менен да мамиле түзүүгө аракет жасап, баштапкы ячейкаларына алардын өкүлдөрүн тартып жатат.

Кыргызстан Дин башкармалыгынын муфтийи Мураталы ажы Жуман уулу «Хизбут-Тахрир» партиясы мамлекеттин коопсуздугуна жана ислам динине туура келбеген иштерди жасап жатат деген пикирин ортого салды:

- Булардын ою - дүйнө жүзүнө Халифат орнотуп, адамдарды ислам дини менен башкаруу. «Курандын, хадистердин негизинде элди башкаруу керек» деген алардын пикирине таптакыр каршы эмеспиз. Бирок, бул жерде саясат туура эмес болуп жатат. Саясаты эмне – саясаты өкмөткө, бийликке, мамлекеттеги мыйзамдарга каршы, мамлекеттин атуулдугун аткарбай, тескерисинче, ага каршы чыгып жатышканына Ислам жол бербейт.

Ал эми «Атуулдук биримдик» кыймылынын жетекчиси Жыпар Жекшеев болсо бийлик эл көңүлүн алагды кылуу максатында өзүнө душман издөөнүн аракетинде болуп, «Хизбут-Тахрир» партиясы азыр ошол ролду аткарып жатат дейт.

Соңку убактарда «Хизбут-Тахрир» партиясынын баракчалары республиканын түндүктө жайгашкан Ысыккөл, Чүй, Талас облустарында да көп таратыла баштады. Кыргыз бийлиги жашыруун уюмдун тизгинин кагуу максатында Кылмыш кодекси баштаган мыйзамдарга жазалоо чараларын күчөтүү боюнча өзгөртүү-толуктоолорду киргизүүнү болжолдоп турат.

XS
SM
MD
LG