Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:06

БУШТУН ТЫШКЫ САЯСАТЫ АМЕРИКАНЫ КАЙДА АЛПАРАТ?


Ирактагы согуштун негизги бөлүгү аяктагандан бери набыт болгон америкалыктардын саны уруштар маалындагы жоготуудан ашты. Шейшембиде АКШлык согуш ардагерлери алдында сүйлөгөн сөзүндө президент Жорж Буш Иракта артка чегингенге жол жок деп белгиледи. Ошол эле мезгилде Буштун тышкы саясаты Ирак, Жакынкы Чыгыш, Ооганстандагы жагдайга байланыштуу катуу сынга кабылууда.

Саддамга каршы согуш учурунда АКШнын 138 аскери курман болсо, президент Жорж Буш уруштун негизги бөлүгү аяктады деп жарыялаган 1-майдан бери ар кандай кол салуу, жардыруу, атышууларда мерт болгон америкалыктардын саны 140тан ашты. Буга байланыштуу Вашингтондун Ирактагы аракеттерин сындагандардын катары кеңейүүдө, андан улам АКШ президенти шейшембиде Улуттук легиондун ардагерлери алдында сүйлөгөн сөзүндө: "Америка эч убакта артка чегинбейт", - деп басым жасай кетти.

- Террордун алдында артка кылчактасак, ал келечекте жаңы кол салуу, кеңири чабуулдарга жол ачкандыкка барабар болот. Иракта артка чегинүүгө жол жок.

Вашингтон коалициялык күчтөр Иракта дээрлик күн сайын жоготууга учурап жатканына гана байланыштуу эмес, Кошмо Штаттардын Ооганстан, Жакынкы Чыгыштагы аракеттери да аксап жатканынан улам ар тараптан сындалып жаткан чак. Ооганстандагы АКШ аскерлери барган сайын талиб согушкерлеринин мурдагыдан күчтүүрөөк уюшулган чабуулдарына туш болууда.

Жакынкы Чыгышта жөөттөр менен палестиндер ортосундагы кагылышуулар күч алып, АКШ башкы демилгечиси болгон "Жол картасы" аттуу тынчтык планы үзгүлтүккө учуроо коркунучу алдында. Ирактагы кол салуулар жана бомба жардыруулары өлкөнү калыбына келтирүү иштерин кыйындатып, ага кетчү каражат-күчкө кошумча жүк артылууда. Жорж Буш шейшембиде бул маселелердин баарына көңүл буруп, палестиндерди террорчул уюмдардын каражат булактарын жоюп, согушкерлерге каршы чечкиндүү күрөшүүгө үндөдү. Ошондой эле бардык мамлекеттерди Вашингтондун антитеррордук аракеттерине кошулууга чакырды:

- Цивилизация менен башаламандыктын ортосундагы салгылашка бир да мамлекет четтен кайдыгер карап турбашы керек. Эркиндик менен адам өмүрүнүн баалуулугун барктаган ар бир улут террорчулукту айыптап, көпчүлүктүн үмүтүнө балта чапкан ага каршы күрөшкө кошулушу абзел.

Буш Ирактагы операциялар маалында 8000 тоннадан ашуун курал-жарак, Саддамдын өкмөтүнүн 42 мүчөсү кармалганына басым жасай кетти.


Жорж Буштун Улуттук легион алдындагы жалындуу сөздөрүн Вашингтондук саясатчылардын бир даары коомчулукту соороткон кезектеги кургак чечендик катары баалап жатышат. Келээрки президенттик шайлоого демократтардын талапкери катары көрсөтүлгөн Боб Грэхем: "Мен бул ирет президент Буш курулай сөздөрүн токтотуп, америкалыктарды эмнелер, кандай кошумча чыгымдар күтүп турганын буйтабай түз айтып, түшүндүрөбү деп ойлодум эле. Тилекке каршы, андай болгон жок. Дагы эле баягы маани-маңызсыз жалындуу сөздөр, кыйындап бараткан кырдаалды шөкөттөп, кооздомой адатын карматты", - деп нааразыланат. Сенаттагы республикачылардын өкүлү Чак Хагел АКШ президенти баштаган дүйнөлүк антитеррордук кампанияны аягына чыгарууга ондогон жылдар, жүз миллиарддаган долларлар, жүз миңдеген аскерлердин өмүрү талап кылынаарын айтат. "Президент америкалыктарга ачуу чындыкты айтууга милдеттүү", - деп эсептейт сенатор Хагел. Айрым конгрессмендер Вашингтон Ирактагы кайра куруу иштерине мурда каралган акчага дагы 2-3 млрд доллар кошуп берүүнү суранып Конгресске кайрылганы жатканын айтышууда. Сенатор Жозеф Байден Ирактагы аскердик операциялар создуктурулган сайын, ага каршы жаалданган террорчулар жалпы Перс булуңундагы стабилдүүлүккө сокку келтирип, келечекте Египет өңдүү мамлекеттерге бүлгүн салышы мүмкүн деп эскертет. Конгресстин комитеттеринин биринде өткөн талкуу учурунда Ирактагы операциялар начар пландаштырылганы, америкалык аскерлер атайын даярдыксыз эле полициячылардын милдетин аркалап жатышканы сөз болду. Сынчылардын көбү АКШ президенти Ирактагы стабилдүүлүктү камсыздоо, өлкөнү калыбына келтирүү иштерине колдоо көрсөтүүнү өтүнүп, Бириккен улуттар уюмуна кайрылышы керек деген көз карашта.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG