Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:33

ДАГЕСТАНДАГЫ ТЕРРОРДУК АКТЫДАН МИНИСТР КУРМАН БОЛДУ


Айданбек Акмат уулу, Прага Махачкала шаарында Дагестандын улуттар аралык саясат, маалымат жана тышкы байланыштар боюнча министри террордук актыдан набыт болду. Курман болгон министрдин өмүрүнө буга чейин да кол салуу болгон эле.

Дагестандын улуттар аралык саясат, маалымат жана тышкы байланыштар министри Магомедсалих Гусаев шаршембиде эрте менен жасалган террордук актыдан каза болду. Министрди жумушка алып бараткан автомобил Махачкала шаарынын көчөсүндө жардырылган. Андан министр мүрт кетип, ал эми айдоочусу жарадар болгон. Дагестандын ички иштер министри Адилгерей Магомедтагировдун айтымында, министрдин автомашинасы үйдөн чыгып жөнөгөндө белгисиз эки адам чуркап келип, машинанын үстүнө бирдемке коюп кеткен жана андан кийин эле жарылуу болгон.

Дагестандын тартип коргоо органдары бул окуяны террордук акт катары баалашууда жана Орусиянын Кылмыш кодексинин бири нече беренелери боюнча кылмыш иши козголду. Алардын ичинде террорчулук, мамлекеттик кызматкердин өмүрүнө кол салууга байланыштуу беренелер бар.

Магомедсалих Гусаевдин өмүрүнө 2001-жылдын жай айларында да кол салуу болгон, бирок анда ал аман калган. 1999-жылы чечен жикчилдери Дагестанга кирип келгенде Гусаев аларга каршы маалымат майданында каршы турган, мына ошондо эле “Дагестан жана Чечен элдеринин шурасы” аны өлүм жазасына тартуу жөнүндөгү өкүмүн чыгарган. Дагестандын тартип коргоо органдары Гусаевдин өмүрүнө кол салуу мына ошол өкүмдү аткаруу максатында жасалган деген версияны алдын-ала айтууда.

Чеченстан менен коңшулаш Дагестанда террордук актылар жана жогорку даражадагы мамлекеттик кызматкерлердин өмүрүнө кол салуулар улам-улам болуп турат. Маселен, август айынын 12 де Орусиянын мамлекеттик Думасынын мурунку депутаты Надиршах Хачилаев белгисиз бирөөлөр тарабынан атылып өлтүрүлдү. Ал эми өткөн жылы январь айындагы жардыруудан ички иштер министрлигинин 7 кызматкери, май айындагы террордук акттан 36 киши каза болгон эле. Орусиянын Кавказ жумуруяттары менен чектеш Краснодар шаарында ушул жуманын башында үч жарылуу болуп, андан үч адам набыт болду.

Ал эми мына ушундай окуялардын негизги себепкери болгон Чеченстандагы кырдаал татаал бойдон калууда. Орус маалымат каражаттарынын жазышынча, октябрь айынын бешине белгиленген президенттик шайлоонун алдында Чеченстанда можахеддер менен орус аскердик жана жергиликтүү милиция күчтөрүнүн ортосунда кагылышуу күчөдү. Чечен можахеддеринин интернеттеги маалымат сайттарынын кабарлоосу боюнча, кагылышуулар күн сайын орун алып, андан ондогон орус жоокерлери набыт болууда.

Ал эми орус бийлиги Чеченстандагы кыдаал турукташканын көрсөтүүгө аракеттенүүдө. Ага реалдуулуктун көркүн бериш үчүн миңдеген чечен качкындарын мекенине кайтарууга аракеттенүүдө. Качкындардын мекение кайтуусуна экономикалык түрткү болуш үчүн согуштун айынан там-ташынан ажырагандарга компенсация төлөп берүү башталганы кабарланууда. Бирок президенттик шайлоонун алдында каршылашкан тараптардын кагылышуусу күчөгөн шартта качкындарды мекенине кайтаруу аракети канчалык ийгиликтүү болот, аны мезгил көрсөтөт.

XS
SM
MD
LG