27-августта Америка Кошмо Штаттарынын Борбордук командачылыгынын командачысынын орунбасары генерал-лейтенант Майкл П. Де Лонг Кыргызстандын коргоо министри, генерал-полковник Эсен Топоев менен жабык эшик артында жолугушуп, Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы аскер кызматташуусунун келечеги тууралуу маселелерди талкуулашты. Быйылкы жылдын 22-июлунан 1-августка чейин эки өлкөнүн аскердик кызматташуусу жөнүндөгү келишимге ылайык Бишкектеги жогорку аскер окуу жайынын базасында: Кыргызстандын коргоо министрлигинин, Улуттук гвардиянын, Өзгөчө кырдаалдар жана экология министрлигинин жана Чек ара кызматынын 60 санитардык инструкторлору атайын даярдыктан өтүшүп, согуштук кырдаалдарда адам өмүрүн кантип сактоо боюнча билимдерин жогорулатышкан. Ошондой эле эки тараптуу аскердик кызматташуунун негизинде 22-июлдан 25-июлга чейин АКШнын Борбордук командачылыгынын аскер медиктери да Кыргыз жергесинде расмий иш сапары менен болуп кетишкен.
6-августта «COMBINED ENDEAVOR» машыгуусунун директору подполковник Жеймс П.Хоглдун Кыргызстандагы расмий сапары кезинде Кыргыз армиясынын аскер кызматкерлеринин сентябрда Германияда өтчү машыгууга катышуусу тууралуу сөз болгон. Ал эми 12-августта Америка Кошмо Штаттарынын Борбордук командачылыгынын жаңы командачысы, генерал Жон Абизэейд Кыргызстанга келип, Кыргызстандын коргоо министринин орунбасары Алик Мамыркулов менен жолугуп, коргоо тармагын «Манаста» жайгашкан Ганси авиабазасына көрсөткөн колдоолору үчүн ыраазычылыгын билдирген. Тараптар Ооганстандагы “Алкаидачылар” менен талибан кыймылынын аракеттери дүйнөдөгү жана жакынкы аймактагы өлкөлөрдүн тынчтыгына коркунуч келирерин белгилешкен.
27-августта Америка Кошмо Штаттарынын Башкы командачылыгынын жетекчисинин орунбасары, генерал-лейтенант Майкл П. Де Лонг премьер-министр Николай Танаев менен да жолугушту. Өкмөт башчысы Кыргызстан-АКШ аскер кызматташуусу өлкөдөгү коопсуздукка кепил болуп жаткандыгын мындайча белгиледи:
- ...бизде жайгашкан аскер контингентине колдон келген жардамыбызды аябайбыз. Чынында, бул аскер бөлүктөрү биздин өлкөдө жайгашкандан бери бизде бейпилдик өкүм сүрүп, бизди террористтик бандалар 1999-жана 2000-жылдагыдай коркутпай калды.Бизге эң башкысы тынчтык жана бейпилдик керек.
Өкмөт башчысы менен америкалык аскер жетекчинин андан аркы сүйлөшүүлөрү жабык эшик артында болду. Майкл П. Де Лонг менен эки өлкөнүн аскердик кызматташуусу, биргелешкан машыгууларды өткөрүү, Кыргыз армиясына гуманитардык жардам берүү жана башка маселелер талкууга алынды. Коргоо министри жана өкмөт башчысы менен америкалык генерал Майкл П. Де Лонгдун ортосундагы сүйлөшүүлөр тууралуу журналисттерге маалыматтар берилген жок.