Махараштра штатындагы диний майрам маалында жүнүн жегидей болуп кылкылдаган аламан топтун жөөлөшкөн кысымында калып, бери эле дегенде 39 киши өлдү, ондогон адамдар жабыркады. Насик шаарында ыйык Годавари дарыясына чайканып-чайынганы миллионго чукул киши чогулган эле.