Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:07

ИНДИЯ БОМБЕЙДЕГИ ТЕРРАКТТАРДЫ УЛАЙ ПАКИСТАНДАН ТЕРРОРЧУЛАРДЫ ӨТКӨРҮП БЕРҮҮНҮ ТАЛАП КЫЛДЫ


Индиянын Бомбей шаарынын оң миңдеген тургундары шаршембиде мындан эки күн мурдагы терракттарга нааразылык билдирген жүрүшкө чыгышты. Кара кийинген адамдар шаардын борбордук көчөлөрү аркылуу жардыруулардын бири жасалган жерден өкмөттүк имараттар жайгашкан аймакка чейин жөө басып өтүштү. Бомбейдеги жардыруулар үчүн азырынча эч ким жоопкер боло элек. Бирок Индиянын бийликтери бул үчүн Пакистан менен байланышы бар исламчыларды айыпташууда.

Бул күндөрү Бомбейдин түндүк- чыгышында жайгашкан Насик деген шаарда, Годовари дарыясынын жээгинде индустардын салтка айланган диний майрамы өтүүдө. Индустардын ишенминде, Годовари - ыйык дарыя жана анын суусуна жуунуу аркылуу адамдар күнөөдөн арылып, жаңы турмушту баштса болот. Андыктан учурда аталган дарыянын жээгине жүз миңдеген индустар жыйналган кез. Шаршембиде бул жерде тебелендиден 40тай киши өлгөнү кабарланды. Индиянын экономикалык борбору катары эсептелген Бомбей шаарында дүйшөмбү күнү жасалган эки жардыруу индустардын ушул ыйык майрамына туш келди. Эл ташыган таксиге катылган бомбалар беш мүнөттүн аралыгында биринен соң экинчиси шаардын "Индия дарбазасы" деп аталган белгилүү монументинин жана "Зевари базар" деп аталган соода борборунун жанында жарылган эле. Андан 50дөй киши каза таап, 150дөн ашуун киши жаракат алды. Дүйшөмбү күнү орун алган жарылуулар жергиликтүү калкка мындан он жыл мурдагы терракттарды да эске салгансыды. Бомбейде 1993-жылы катар–катары менен жасалган жардыруулардан 250дөй адам каза таап, 700дөй киши жаракат алган.Бул жолку жардыруулар үчүн азырынча эч ким жоопкер боло элек. Индия полициясы аны аткаргандар менен уюштургандарды аныктоонун үстүндө иштеп жатат. Ал эми өлкө бийликтеринин ишениминде, бул кайра эле коңшу Пакистан менен байланышы бар исламчылардын колунан келген иш болушу мүмкүн. Маселен Индия премьер-министринин орун басары Лал Кришна Адванинин айтымында, азыркы жардыруулар үчүн деле мурдагы терракттарды уюштургандар жоопкер. Алардын катарында Индия өкмөт башчысынын орун басары Пакистанда аракеттенген "Лашкар–е-Тайба" менен анын жергиликтүү өнөктөшү Индия студенттеринин ислам кыймыл деген бейрасмий уюмду атады.

"Лашкар–е-Тайба" - Кашмирдин Индиядан бөлүнүп коңшу Пакистанга кошулушун максат кылган уюм. Индия Пакистанды мындай топторго жардам берип жатканы үчүн такай айыптап, ал эми Исламабад өз тарабынан андай айыптоолорду төгүндөп жүрөт. Пакистан бийликтери да былтыр "Лашкар–е-Тайбанын" ишине расмий түрдө тыю салган. Бул топту Индия 2001-жылдын декабрь айында өлкөнүн парламентине жасалган кол салуу үчүн да жоопкер деп эсептейт. Индиялык расмий өкүлдөр Бомбейдеги жардыруулар үчүн жоопкерчиликти бул ирет Пакистанга тикелей жүктөбөгөнү менен анын салымы бар экенин ишара кылышты. Индия премьер-министри Лал Кришна Адванинин айтымында, бул - Пакистандын Индияга каршы "террордук согушунун" кесепети. Азыр ал Жамму менен Кашмирди, Пенжаб менен Нью-Делини гана эмес бүткүл Индиянын аймагын камтууда. Индия өкмөт башчысынын орун басары ошондой эле Пакистандан буга чейинки кол салууларга катышы бар террорчуларды өткөрүп берүүнү талап кылды:

- Мен дагы бир жолу Пакистанды бизге Бириккен Араб Эмираттарынын өкмөтү берген тизмедеги 20 адамды өткөрүп берүүгө чакырам. Алардын 19су Пакистанда калууда. Алар бизге өткөрүлүп берилиши керек. Биз ошондо гана алар кечээ кол салууну айыптаганда эмнени эсепке алышканын билебиз.

Дүйнөнүн башка өлкөлөрүнүн катарында Пакистан да дароо эле Индиядагы терракттарды айыптаган. Пакистандын маалымат министри Рашид Ахмед Индия өкмөт башчысынын орун басарынын сокку билдирүүсү негизсиз экенин белгилеп, анын ырастоолорун четке какты.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG