Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:51

АРАФАТ ОК АТЫШУУНУ ТОКТОТУУГА ЧАКЫРАТ


Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары Палестин автономиясынын төрагасы Ясыр Арафат палестин согушкерлерин израилдиктерге кол салууну токтотууга чакырды. Ошол эле маалда, Арафаттын жаңыдан дайындалган коопсуздук кеңешчиси Жибрил Ражоб Вашингтондон палестин аймактарына аскердик рейддерди улантып жаткан Израилди тынчтандыруусун талап кылды.

Өткөн жумада башталган кандуу калабадан кийин палестин согушкерлери эки айдай созулган тынчтыкты бузуп, ок атышууну токтотуу жөнүндөгү келешимден чыгып кетишкенин жарыялашкан. Кандуу кагылышуулар өткөн жумада жан кечти террорчунун Иерусалимде бомба жардырып, 20 кишинин ажалына калганынан башталган. Бул киши өлтүрүүгө жооп кылып Израилдик аскерлер Газа шаарына абадан рейд жасап, “Хамас” согушкер тобунун автомашинесин ракеталар менен аткылап, “Хамастын” жетекчилеринин бири Исмаил Абу Шанабды өлтүрүшкөн. Жакынкы Чыгыштагы тынчтык процессин сактап калуу үчүн Вашингтон Арафаттан палестин коопсуздук күчтөрүнө таасир этүүсүн өтүнгөн. АКШнын тышкы иштер министри Колин Пауэл Арафаттан коопсуздук күчтөрүнө көзөмөл кылуу вазыйпасын премьер-министр Махмуд Аббаска өткөрүп берүүсүн суранган эле.

Шаршемби, 27-август күнү Арафат куралдуу палестин топторунан ок атышууну токтотуу келишимин аткарууну талап кылып, саясатчыларга эл аралык коомчулуктун катышуусу менен иштелип чыккан тынчтык планын аткарууга мүмкүндүк берүүнү талап кылды. Бирок “Хамас” тобунун лидери Арафаттын талабын четке кагып, төрага сактап калууга үндөп жаткан келишимди палестиндер эмес, “Хамастын” лидерин өлтүрткөн Израил өзү биринчи болуп бузган, деп айыптады. “Хамастын” жетекчиси Абдел Азиз ал-Рантизи Дубайда жайгашкан “Ал Арабия” телеканалына берген маалыматында: "Исмаил Абу Шанабтын өлтүрүлүшү тнчтык келишимин биротоло кыйратты!" - деп билдирди.

Абу Шанаб “Хамасты” ок атышууну бир тараптуу токтотконго көндүргөн жана палестиндердин жөөт мамлекети менен тынч жашоосу мүмкүн деген пикирди жактаган жетекчи болгон.

Палестин согушкер топторунун Арафаттын чакырыгын четке какканы күтүүсүз болгон жок. Арафаттын өзү да "Жол көрсөткүч карта" деген тынчтык планды ишке ашыруу үчүн ок атышууну жалгыз эле палестин куралдуу топтору эмес, Израил да токтотуусу абзел деп эсептейт. Ошон үчүн Арафат жаңы дайындалган коопсуздук кеңешчиси Жибрил Ражоб аркылуу Вашингтондон Израилге таасир этүүсүн талап кылып жатат.

Учурда түзүлгөн кырдаал Арафат менен Аббастын ортосундагы карама каршылыктарды эле эмес, Аббас жетектеген кабинеттин ичиндеги пикир келишпөөчүлүктөрдү да курчутту. Аббастын саясатына макул эместигин даана кыйыткан Арафат ага кол алдындагы коопсуздук күчтөрүн өткөрүп бергенден баш тартты. Анын ордуна ал Батыш Жээктин коопсуздук күчтөрүнүн башчысы Жибрил Ражобду өзүнө кеңешчи кылып алды. Мурда палестин согушкерлерин ачык эле камакка алып, куралдуу топторду куралсыздандырып келген Ражоб Ассошиейтед пресске берген маалыматында, "согушкерлерди басуудан мурда Израил аскердик чабуулдарын токтотууга тийиш" деп билдирди. Арафат да, Ражоб да ансыз Жакынкы Чыгышта узакка созулган чыныгы согуш чыгып кете турганын эскертишет.

Ал эми коопсуздук күчтөрүнө көзөмөл кылуу укугуна ээ эмес Аббас түзүлгөн кырдаалда бийлик кыла албасын билдирүүдө. Келерки дүйшөмбүдө өзүнүн өкмөт башчысы болуп дайындалганына 100 күн толуп жаткан Аббас аткарган иши туралуу парламентте отчет берет. Аббастын жардамчысы премъер ал сөзүндө өзүнө ишеним көрсөтүү маселесин колго койууну талап кыла турганын айтат. Саясий байкоочулар, эгерде премъерге ишеним көрсөтүү маселеси колго койулса, Аббас утулуп калышы ыктымал деп болжолдошот. Анткени парламент жана кабинет мүчөлөрүнүн бир тобу: "Ок атышууну бир тараптуу токтотуу менен биз Израилге ансыз да көп жеңилдик бергенбиз. Ага карабай Аббас өзүнө ишенип берген иштин өтөлүнө чыга албады...", - деп нааразы болуп жатышат.

XS
SM
MD
LG