Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:06

КЫРГЫЗДАРДЫН ДҮЙНӨЛҮК КУРУЛТАЙЫ: КИМ КАНДАЙ ПИКИРДЕ?


Б. Аманбаев, Бишкек 28-августта Чолпоната шаарында кыргыздардын курултайы башталды. Ага 20 жакын чет өлкөлөрдөн жана жер-жерлерден 300 дөй делегат катышууда. Дүйнөлүк курултайга 23-августта Аксыда өткөн кыргыздардын үчүнчү элдик курултайынан шайланган 20 делегат жана оппозиция өкүлдөрү катыштырылган жок. Буга байланыштуу Аксы курултайынан шайланган 20 депутат жана «Аскар Акаевди кызматтан кетирүү, эл үчүн реформа» кыймылынын өкүлдөрү шаршемби күнү жыйын өткөрүшүп, кыргыздардын дүйнөлүк курултайына жана кыргыз элине кайрылуу жолдошту.

Айрым талдоочулардын пикиринде, соңку айлары Кыргызстанда катар-катар өткөрүлгөн курултай, ар кандай “тегерек стол” жыйындары өлкөдөгү түрдүү көз-караштагы күчтөрдү ымалага келтирбей, тескерисинче кайрадан саясий тирешүүгө өбөлгө түзүүдө. Өкүнүчтүүсү, оппозиция өткөргөн курултайга бийлик өкүлдөрү келген жок. Ал эми бийлик өткөргөн курултайга оппозиция өкүлдөрү жана Аксыда өткөн үчүнчү элдик курултайдан шайланган 20 делегат катыштырылган жок. Ошол эле мезгилде бийлик менен оппозициянын бири-биринин аракетин «мыйзамсыз» деп жокко чыгарышы өлкөдөгү саясий карма-каршылыктын курчушуна өбөлгө түзүүдө. Президенттик администрациянын коргонуу жана коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Болот Жанузаковдун пикиринде, Аксыда өткөн курултай элдик курултай эмес, пикирлештердин чакан жыйыны. Ошондуктан, аталган жыйында шайланган делегаттар кыргыздардын курултайына катышууга укугу жок:

- Дүйнөлүк курултайга делегаттар президенттин жардыгында белгиленген тартипке ылайык шайланат. Өздөрүнчө чогулуп алышып, биз делегат шайладык дегени, мыйзамсыз. Ошондуктан, алардын курултайга катышууга акысы жок.

Жогорку бийлик өкүлүнүн мындай пикирине оппозиция макул эмес. Буга байланыштуу Аксыда өткөн курултайда шайланган 20 делегат жана «Аскар Акаевди кызматтан кетирүү, эл үчүн реформа” кыймылынын айрым мүчөлөрү бейшемби күнү Бишкекте жыйын өткөрүшүп, кыргыз элине жана дүйнө кыргыздарынын экинчи курултайынын катышуучуларына кайрылуу жолдошту. Кайрылууда Чолпонатада өткөн курултайга жалаң гана бийликти жактаган өкүлдөр катышкандыгы айтылып, кыргыздардын курултайынын катышуучулары сасий мааниге ээ болгон чечим кабыл алууга укугу жоктугу баса белгиленген. «Аскар Акаевди кызматтан кетирүү, эл үчүн реформа” кыймылынын жетекчиси Азимбек Бекназаровдун айтымында, дүйнөлүк курултайга Мыйзам чыгаруу жыйынынан да жалаң бийликти жактаган депутаттар чакырылды:

- Акүй курултайга Кыргызстандын жер-жерлеринен гана өз адамдарын чакырбай, Жогорку Кеңештен да өкмөттүк депутаттарды чакырган. Бул дагы бир жолу кыргыздардын Дүйнөлүк экинчи курултайы Аскар Акаевдин айланасындагы тар чөйрөнүн курултайы экендигин далилдейт.

Азимбек Бекназаровдун жогорудагыдай пикирин, Аксыдан дүйнөлүк курултайга делегат болуп шайланган Шералиева Наркыз мындайча улады:

- Эмне үчүн курултайга мени чакырбайт? Эмне үчүн Бекназаров, Мадумаровду чакырбайт. Демек бул накта элдик эмес, Акүйдүн курултайы.

«Азаттыктан» мурда кабарлангандай кыргыздардын дүйнөлүк экинчи курултайында «Демократиялык кодекс» кабыл алынат. Дүйнөлүк курултайда мындай документтин кабыл алынышына айрым саясий партия, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү каршы. Парламенттин Мыйзам чыгаруу жыйынын депутаты Өмүрбек Текебаевдин пикири:

- Бул Түркмөн башынын «Рухнамесине» окшогон китеп болуп калат. Мунун эч кандай юридикалык күчү жок. Анткени эгерде, бул кыргыздарга тиешелүү болгондо, документти Кыргызстандагы кыргыздар кабыл алышы керек эле. Эгерде, аны биздин мамлекетке тиешелүү десек, чет элден келген кыргыздар документти талкууга катышпашы керек эле.

Кыргыздардын дүйнөлүк курултайына Мыйзам чыгаруу жыйынан 31 депутат, алардын арасында Кыргызстан коммунистер партиясынын жетекчиси А. Масалиев жана Атамекен социалисттик партиясынын жетекчиси Өмүрбек Текебаев чакырылган. Курултайга катышпай калышынын себеби тууралуу Өмүрбек Текебаев мындай дейт:

- Ал жерде ким кандай деп сүйлөөрү белгисиз. Мүмкүн курултайда «төртүнчү мөөнөт» деген сыяктуу чечимдер кабыл алынышы ыктымал. Ошондуктан, мен курултайга катышпайм.

XS
SM
MD
LG