БАТКЕН. 28-август. Облустук акимчиликтин системалык администратору Абдусатар Ырсалиевден 28-августта алынган маалыматка караганда, Лондон шаарындагы «Ресайк Лайти» кампаниясынын көмөгү менен келип жаткан «Пентиум», «Пентиум-1» жана «Пентиум-2» үлгүсүндөгү компьютерлер облустагы мектептерге, мекеме, уюмдарга, ошондой эле жеке адамдарга таратылат. Гуманитардык жардам иретинде келген компьютерлердин ар бирине жол акысы жана аталган компаниянын кызматы үчүн болгону 3 миң 200 сом талап кылынат. Бүгүнкү күнгө дейре облуска жалпысынан 1800 компьютер келди. Ал эми ушул жылдын соңуна дейре 600 компьютерден турган мындай гуманитардык жардамдын дагы бир агымы келиши күтүлүүдө.