Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:40

Гусинский соттун чечимин мейманканада күтмөй болду.


Грекиянын соту орусиялык мурдагы медиамагнат, белгилүү бизнесмен Владимир Гусинскийди күрөөгө акча алып, абактан бошотту. Афинылык прокурор Гусинский аны Москвага өткөрүп берүү маселеси бир тараптуу чечилгенче, эркиндикте болорун эскертти. Орусиялык айыптоочулар 250 млн долларды көз боемочулук менен кытып кеткен деп күнөөлөп жаткан Гусинский мындан бир жума мурун Афиныдагы аэропортто Интерполдун талабы боюнча камакка алынган. Грекиядагы түрмөдөн убактылуу бошонуш үчүн орусиялык бизнесмен 100 миң доллар күрөөгө коюп, өлкөдөн сырткары кетпөө жөнүндөгү тилкатка кол коюп берди. Гусинский мурда Орусиядагы эң ири көз карандысыз телеканал "НТВ"нын ээси болчу, өзүнө каршы коюлуп жаткан кинелерди ал саясий куугунтук катары баалайт.

XS
SM
MD
LG