Алатоо аятына орнотулган «Эркиндик» эстелигин көрө электер үчүн айтып кое турган нерсе - эстелик «Алатоо» кинотеатрынын жанындагы «Эркиндик» эстелигинин эле чоңойтулган нускасы. Борбордук аянтка мурдагы колун алга сунуп турган Владимир Ильич Лениндин эстелигинин ордуна эми колуна боз үйдүн күн сымал түндүгүн көтөргөн канаттуу Умай эне орнотулду. Ал колодон жасалган, бийиктиги 11 метр, салмагы 7 тонна. Эстеликтин автору бедизчи Тургунбай Садыков. Ага жаш бедизчилер Төлөн уулу Талант, Калык жана Дастан Мансуровдор жардам берген.
Эстеликти ачуу аземине президент Аскар Акаев катышкан жок. Бирок, М.Акаева, Н.Танаев, О.Ибраимов, М.Ашыркулов, Т.Акматалиев, И.Болжурова сыяктуу бийлик өкүлдөрү жана дүйнө кыргыздарынын 2-курултайынын делегаттары катышты. Эстеликтин ачылышында эч ким сөз сүйлөгөн жок, болгону мамлекеттин гимни ойнолуп, Улуттук гвардиянын жоокерлеринин парады болду. Бийлик өкүлдөрү эстеликке гүл коюшту. «Эркиндик» эстелигинин мааниси тууралуу Мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов «Азаттыкка» мындай деди:
- Бул эстелик эгемендигибиздин дагы бир белгиси. Эстелик Тургунбай Садыковдун кыргыз мамлекеттигин чагылдырган мыкты эмгектеринин бири болуп калды. Карасаңыз, мынабу турган – эне. Эненин колунда түндүк. Түндүк дегенибиз, кыргыздардын кылымдардан бери келаткан улуттук идеябызды түшүндүрөт. Атап айтканда, көз карандысыздык, эркиндик.
Эстеликти ачуу аземине каалагандардын баары эле катыша алган жок, анткени Алатоо аянтын милиция кызматкерлери курчоого алып, коопсуздук эрежелери күчөтүлдү. Муну талдоочулар Лениндин эстелигин алып салууга каршы чыккан коммунисттер пикет же башка нааразычылык акциясын уюштуруп жиберет деп бийлик тартипти чыңдаса керек дешүүдө.
Анткени, үстүбүздөгү жылдын 16-августунда Алатоо аянтындагы Лениндин эстелигин алып салуу учурунда коммунисттик партиянын өкүлдөрү нааразылык билдиркен болчу. Өкмөт Кыргыз мамлекеттигинин 2200 жылдыгына жана Кыргызстандын эгемендигинин 12 жылдыгына карата ушул жылдын 11-августунда «Алатоо аянтын кайра куруу жөнүндө» токтом чыгарган жана Лениндин эстелиги ошол документке ылайык алынып салынган. Коммунисттер болсо өкмөт Лениндин эстелигин алып салуу менен, Жогорку Кеңеш 2000-жылдын 22-майында кабыл алган, президент Аскар Акаев 2000-жылдын 13-июнунда кол койгон «Бишкек шаарындагы Алатоо аянтындагы Лениндин эстелиги жөнүндө» мыйзамды одоно бузду, анткени Лениндин айкели тарыхый-маданий мурас катары кол тийбес укукка ээ болчу дешүүдө. Кыргызстан коммунисттик партиясынын лидери Клара Ажыбекова аталган токтомго кол койуп, Лениндин эстелигин ордунан козгогондугу үчүн премьер-министр Николай Танаевди Бишкектин Биринчи май райондук сотуна берди.
- Лениндин арты менен кыргыз эли Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүн алганбыз, чындыгын айтканда, - дейт Клара Ажыбекова. Анын пикирин Кыргызстан коомунисттер партиясынын лидери Апсамат Масалиев минтип колдоого алат:
- Октябрь революциясынан кийин Кыргызстан өз мамлекеттүүлүгүн алган, - дейт Апсамат Масалиев.
Кыргыз бийлигинин Лениндин айкелин «Эркиндик» эстелиги менен алмаштырууну «Демократия жана атуулдук коом үчүн» коалициясынын лидери Эдил Байсалов колдоого алганы белгилүү:
Жогорку Кеңештин 1990-95-жылдардагы төрагасы Медеткан Шеримкулов «Азаттыкка» мурда берген маегинде Лениндин эстелигинин ордуна «Алатоо» кинотеатрынын жанындагы Эркиндик эстелигинин чоңойтулган көчүрмөсүнүн коюлушуна каршы пикирин айткан болчу:
- Эми, мен ал эстелик жөнүндө өз оюмду айтсам, Кыргызстанды, дегеле, өзүбүздүн нукура психологиябызды, 2000 жылдан ашуун тарыхыбызды, басып өткөн жолубузду ал эстелик чагылдырып, жеткире алган эмес деп эсептейм.
30-августта «Эркиндик» эстелигинин ачылышына катышкан Медеткан Шеримкулов мырза «Азаттыкка» радиосуна берген маегинде:
- Ленинге кыргыз элинин өмүр бою ыраазы боло турган жөнү бар. Ал эми бүгүнкү ачылган эстелик боюнча айтаарым, ал ачылып калгандан кийин өүдө-төмөн айтып кереги жок. Эми эстелигибиз кут болсун! - деди.