Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:11

ИРАКТЫК ШИЙИЛЕР АЯТОЛЛА АЛ-ХАКИМ МЕНЕН КОШТОШТУ


Ирактык шийилер өткөн аптадагы бомба жардыруусунан курман болгон жолбашчысы Аятолла Мохаммед Бакир ал-Хаким менен коштошуп, акыркы диний жөрөлгөлөрүн өткөрүштү. Нажафтагы жардыруудан кийин бүткүл Иракты каптаган шийилердин акциялары Саддам Хусейнге каршы, ошондой эле антиамерикалык ураандар менен коштолду. Багдадда болсо АКШ дайындаган Ирактын Башкаруу Кеңеши өз милдетин аткарууга киришти.

Шийилердин көрүнүктүү лидери Аятолла Мохаммед ал-Хакимдин сөөгү дем алыш күндөрү Ирактагы бардык диний ыйык жайларга алып барылып, миңдеген адамдар аны менен коштошууга мүмкүндүк алышты. Өткөн жума күнү Нажафтагы Имам Али мечитиндеги жардыруудан ал-Хаким жана дагы 80ден ашуун киши набыт болгон. 3 күндөн бери Иракта өтүп жаткан аза күтүү чаралары шейшембиде туу чокусуна жетип, өлкөнүн дээрлик бардык аймактарында жөө жүрүштөр, мусулмандардын ыйык жайларында диний жөрөлгөлөр өтүп жатты. Шийилердин лидери Нажафтын чет жагындагы көрүстөнгө коюлду, анын тажиясына чогулган он миңдеген ирактыктар менен коңшулаш өлкөлөрдөн келген шийилердин жөө жүрүшү акырында нааразылык акциясына айланып кетти.

Саддам Хусейндин тушунда куугунтукка алынып, укуктары басмырланып келген ирактык шийилердин көбү өзүлөрүнүн ыйык жайында орун алган жардырууну Саддамдын тарапкерлери уюштурду деген пикирде. Бирок, бир нече күндөн бери Ирактын ар башка аймактарында өткөн демонстрациялар учурунда өлкөдөгү коопсуздукту жана бейпилдикти камсыздай албаган АКШга каршы ураан-кыйкырыктар да көп айтылды. Алардын мындай маанайынан чочулаган америкалык командачылык шейшембиде Нажафтагы коопсуздукту күзөтүү милдетин ирактык полициячыларга өткөрүп берди. Бир тууган иниси Ирактын АКШ дайындаган Башкаруу Кеңешинин мүчөсү болгон маркум Мохаммед ал-Хаким айрым шарттар алдында АКШ менен кызматташууга болот деген көз карашта болчу.

Шийилер өз лидеринин өлүмүнө Саддамдын жан-жөкөрлөрүн айыптап жаткан чакта, дүйшөмбүдө Катардык "Ал-Жазира" телеканалы Ирактын экс-лидеринин үнү жаздырылган жаңы тасманы угузду. Анда: "Шийилердин жетекчисинин өлүмүнө баскынчылар эч бир далилсиз эле Саддам Хусейнди күнөөлөп жатышат, бул окуяга биздин эч кандай тиешебиз жок", - деп ачуулана басым жасайт Саддамдыкына окшош үн. Ал анткен менен, Нажаф шаарынын акими Хейдар ал-Майали жума күнкү жардырууга катышы бар деген шек боюнча Саддамдын өкмөтү менен байланышта болгон беш киши кармалганын жарыялады. Америкалык командачылык Нажафка АКШнын Федералдык иликтөө бюросунун тергөөчүлөрү барып, Имам Али мечитиндеги терактты териштирүүгө жардам бере баштаганын билдирди.


АКШлык жетекчилер ирактык шийилердин ыйык жайындагы жардырууну жана андан мурунку Багдаддагы Иорданиянын элчилиги менен Бириккен улуттар уюмунун кеңсесинде болгон теракттарды Саддам Хусейндин жан-жөкөрлөрү уюштурду деген жоромолун айтып келет. Бирок, соңку кездери Вашингтон Иракта "Ал-Каида" жана башка чет элдик уюмдардын согушкерлери өз ишмердигин жүргүзүп жатат деген шектенүүсүн да көбүрөөк айта баштады. Ирактык шийилердин лидеринин бейажал өлүмүнө байланыштуу коңшулаш Ливанда 3000дей адам катышкан аза күтүү каадасы өтүп, анда Нажафтагы жардыруу АКШ менен Израил үчүн пайдалуу деген кыйкырыктар өкүм сүрүп турду. "Америкалыктар Иракты бөлүп-жаргысы келсе, Израил аны биротоло жок кылууга умтулат", - деп билдирди Ливандык шийилердин лидери Хасан Насралла. Мохаммед ал-Хакимдин өлүмүнө терең кайгырган ирандык 20 миңдей шийилер чек ара аркылуу тымызын өтүп барып, Нажафтагы акцияларга катышып жатканы маалымдалды.


Багдадда болсо, Вашингтонго баш ийген Ирактын 25 адамдан турган Башкаруу Кеңеши өз ара кызмат-милдеттерди бөлүшүп бүткөн соң, ишке киришти. Ирактык 13 шийи, 5 сунни, беш күрд, бир түркмөн жана бир христиан өкүлү кирген Кеңеш эл шайлаган туруктуу өкмөт түзүлгөнчө өлкөнүн башкаруу органдарын уюштуруу, экономикалык тармактарды акырындап бутуна тургузуу иштери менен алектенмекчи.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG